вторник, 26 ноября 2013 г.

МАТРИЦА (THE MATRIX) -уландысы-

Мээбиздин ичиндеги сүрөттөлүштөрдөн сыртка
чыга албайбыз


Төрөлгөндөн бери беш сезимибизге көз-каранды болгондугубуз үчүн, «сырткы дүйнө» сезимдерибиз бизге тааныткандан башкача болушу мүмкүн экенин эч ойлонгон эместирбиз.

Адам өз жашоосу жөнүндө билгендеринин баары көзү менен көргөн, кулагы менен уккан, колу менен тийгендеринен, кыскача айтканда, сезүү органдары менен кабылдагандарынан турат.Б.а. адам дайыма өзүнүн «жеке дүйнөсүндө» жашайт. Космостогу жылдыздар, биз жашап жаткан дүйнө, дүйнөдөгү миллиарддаган адамдар, айланабызда көргөн жандыктардын баары, үйүбүз, үйүбүздүн ичиндеги буюмдарыбыз, азыр биз отурган кресло, колубуздагы китеп жана дагы миллиондогон детальдарга өмүрүбүздө миңдеген жолу кезиккен болушубуз керек. Бирок булардын баары биздин «жеке дүйнөбүзгө» тиешелүү сезимдер (элестер). Эч бир адам ушул күнгө чейин көрүп жаткан ушул дүйнөсүнүн сыртына чыга алган эмес. Адам эмне гана кылбасын, бүт жашоосунун жана денесинин бир элес экендиги, булардын оригиналдарын көрүп,аларга тийип, сезе албашы жөнүндөгү чындыкты өзгөртө албайт...

Тасмадагы кадрларда Неонун Матрицанын эмне экенин билүү максатындагы Морфиус менен болгон маеги көрсөтүлөт.Морфиус бул маек учурунда Неого Матрицанын эмне экенин сүрөттөп жатып, бул система жөнүндө «чындыкты көрүшүнө тоскоолдук кылган бир парда» деп айтат:

Морфиус : Эмне үчүн бул жерде экениңди айтып берейин. Бир нерсе билгениң үчүн ушул жердесиң. Билгениңди түшүндүрө албайсың. Бирок сезип жатасың. Өмүр бою сездиң. Дүйнөдө бир нерселер тескери болуп жатат. Эмне экенин түшүнө албайсың, бирок ал жерде мээңде сөңгөк сыяктуу тынчсыздандырган бир нерсе. Сени мага алып келген нерсе ушул сезим эле.Эмне жөнүндө сөз кылып жатканымды билесиңби?

Нео : Матрицабы?

Морфиус : Эмне экенин билгиң келеби? Матрица бүт жерде. Айланабызда.Ушул учурда, ушул бөлмөдө. Терезеден сыртты караганыңда көрөсүң же телевизорду күйгүзгөнүңдө. Жумушка барганыңда сезесиң... Салык төлөп жатып. Чындыкты көрбөшүң үчүн дүйнө бир парда сыяктуу алдыңа тартылгандай.

Тасманын каарманы Нео чындыкты билүү үчүн денеси турган капсуладан чыгарылып, ойготулганга чейин өзүнө көрсөтүлгөн элестүү дүйнөнү байкаган эмес. Себеби жашоосунун ар бир көз ирмеминде бул система менен абдан тыгыз байланышта жашаган жана айланасындагы бардык адамдардан «бул жашоо чындык» деген сөздөрдү уккан. Ушул себептен Неонун ынандырылышы, ошол күнгө чейин чындык деп ойлоп өткөргөн өмүрүнүн бир элес гана экенин түшүнүшү убакыт алган.

Бул абал учурда заттын чыныгы жүзүн уккан бир катар адамдарга да тиешелүү. Зат чындап (абсолюттук мааниде)бар деп ойлогон жана көргөндөрүнүн сырткы дүйнөдөгү оригиналдарын көрүп жатам деп толук ишенген адамдар бир катар логикасыз каршы пикирлерди айтышууда. Бирок бул жерде айтылгандар, ким канчалык каршы чыкса да, бир физика мыйзамы же бир химия формуласы сыяктуу анык чындыктар.

Матрица тасмасынын жогорудагы кадрларына окшогон биздин түшүндүрмөлөрүбүздүн кээ бирлери мындай:

Дүйнөдөгү өмүрүбүздүн бир бөлүгү болгон бүт окуялар, адамдар, имараттар,шаарлар, автоунаалар, кызматтык даражалар, кыскача айтканда, өмүр бою көргөн,кармаган, тийген, жыттаган, даамын таткан, уккан нерселерибиздин баары чындыгында мээбизде пайда болгон сүрөттөлүш жана сезимдер (элестер).

Биз ар жактан уккандарыбыздын негизинде булар мээбиздин сыртындагы дүйнөдө дайыма турушат, ар бири бир материалдык зат деп ойлойбуз, жана ушул себептен заттардын, нерселердин оригиналдарын көрүп, сезип жатабыз деп ишенебиз.Чындыгында болсо, биз эч качан бир нерсенин оригиналын көрө албайбыз жана бул нерселердин оригиналдарына эч тийе албайбыз. Кыскача айтканда, биз өмүр бою зат деп ойлогон нерселердин баары чындыгында бир элес катары мээбизде пайда болгон сүрөттөлүштөрдөн турат. (Hayalin Diğer Adı: Madde (Элестин башка бир аты:зат), s. 8)

Эгер жакшыраак ойлонсоңуз, көргөн, уккан, бир нерселерге тийген, ойлонгон жана ушул учурда бул китепти окуп жаткан акылдуу жандыктын болгону бир рух экенин жана бир парда бетинен «зат» деп аталган элестерди көрүп жатканын сезе аласыз. Муну түшүнгөн адам адамзаттын көпчүлүгүн алдаган заттык (материалдык)дүйнө чен-өлчөмүнөн алыстап, чыныгы бар болгон чен-өлчөмгө кирген болот... (Sonsuzluk Başlamış Durumda (Түбөлүк жашоо башталды), s. 46)



Көргөн көздөрүбүз эмес, сүрөттөлүш
мээбизде пайда болот


Мурда да айтылгандай, өмүр бою бизге айтылгандар себебинен, бүт дүйнөнү көздөрүбүз менен көрүп жатабыз деп ойлойбуз. Ал тургай, «көзүбүз – дүйнөгө ачылган терезелерибиз» деп билебиз.Чынында болсо, көрүүнүн илимий түшүндүрмөсү боюнча, чындык мындай эмес; себеби биз көздөрүбүз менен көрбөйбүз. Көздөрүбүз жана көздөрүбүзгө туташкан миллиондогон нерв клеткабыз «көрүү кубулушу» ишке ашышы үчүн мээге кабар жөнөтүүчү кабель кызматын гана аткарышат.

Матрица аттуу тасмада да башкы каарман чындыгында кабельдер менен машинага туташып, көздөрү жумук абалда бир креслодо жатса да, чыныгы бир жашоону жашап жатам деген сезимге кабылууда. Бирок ага чейин көргөн бүт түркүн түстүү, жаркыраган, жандуу сүрөттөлүштөр ага заттык бир көзгө муктаждык болбостон эле көрсөтүлгөн. Ошол сыяктуу чуркадым, кыймылдадым,уруштум деп ойлогон сүрөттөлүштөрү да булчуңдарын колдонбостон, бир креслодо жаткан абалда көргөн.

Тасманын каарманы чыныгы жашоого кайтып чындык деп ойлогон нерселерди чындыгында элестүү бир дүйнөнүн ичинде көрүп, жашаганын түшүнгөндө болсо абдан таң калат. Ошол күнгө чейин чоң бир айнек идиштин ичинде, мээсине берилген электрдик сигналдардан турган элестүү бир дүйнөдө жашап жатканына карабастан, өзүн бир компьютер программистимин деп ойлоп келген, жана сүрөттө көрүнүп турган жерде уктап жаткан болот. Б.а. жашоом деп ойлогонунун баары чындыгында бир элес гана.

Нео : Эмне кылып жатасың?

Морфиус : Булчуңдарың алсыз болуп калды, аларды кайрадан иштетип жатабыз.

Нео : Көздөрүм эмне үчүн ачышып жатат?

Морфиус : Аларды эч колдонгон эмессиң. Эс ал Нео. Жооптор келатат.

Бул маектен көрүнүп тургандай,Нео көздөрүн же дене булчуңдарын колдонбостон, ага мээсине жиберилген жасалма сигналдар менен чыныгы бир жашоону жашап жатам деп ойлогон. Көздөрүн эч колдонбосо да, абдан түркүн түстүү, жаркыраган жана жандуу бир дүйнөнү көргөн; ошол сыяктуу булчуңдарын колдонбосо да, өмүр бою өзүн кыймылдап жүргөндөй сезген.

Бул абал бүт адамдарда да ушул сыяктуу. Мисалы, бир адам базарда соода кылып жаткан адамдарды караганда, бул адамдарды жана базарды көздөрү менен көрбөйт; себеби бул көрүнүшкө тиешелүү сүрөттөлүш көзүнүн алдында эмес, мээсинин арткы тарабында пайда болот.Ошондуктан, көз жок болсо деле, мээсинин тиешелүү аймагына жөнөтүлгөн жасалма сигналдар аркылуу ушул эле сүрөттөлүштү көрүшү мүмкүн болот.
 

Китептерибизде орун алган тасманын жогорудагы кадрларына окшош түшүндүрмөлөрбүздүн кээ бирлери төмөнкүдөй:

Бөлмөңүздүн терезесинен сыртты караганыңызда, өмүр бою ар жактан уккандарыңызга таянып, бул көрүнүштү көздөрүм менен көрүп жатам деп ойлойсуз. Бирок, чындык мындай эмес. Себеби, сиз көздөрүңүз менен сырттагы көрүнүштү көрбөйсүз. Сиз мээңиздин ичинде пайда болгон пейзаж сүрөттөлүшүн көрөсүз. Бул бир божомол же бир философия эмес, бул илимий чындык. (Hayalin Diğer Adı: Madde (Элестин башка бир аты:зат), s. 10)

Белгилүү болгондой, көзүбүздөгү клеткалардан келген электрдик импульстар мээбизде сүрөттөлүшкө айландырылат. Мисалы, мээ көрүү борборуна келген кээ бир электрдик импульстарды бир күнкарама талаасы катары жоромолдойт. Андай болсо көргөн – көз эмес.

Көргөн – көздөрүбүз эмес болсо, анда мээнин арка тарабында, капкараңгы бир жерде бир көзгө, торчого, карекке, көз нервдерине, көздүн чечекейине муктаж болбостон, электрдик импульстарды түркүн түстүү бир күнкарама талаасы кылып көргөн, бул көргөн пейзаждан ырахат алган ким?

... мээнин ичинде пайда болгон бул сүрөттөлүштөрдү бир телевизор экранынан көрүп жаткандай көргөн, көргөндөрүнө сүйүнгөн, кайгырган, толкунданган, ыраазы болгон, тынчсызданган, кызыккан ким? Бүт көргөндөрүн жана сезгендерин жоромолдой турган аң-сезим кимге тиешелүү?

Өмүр бою капкараңгы, үнсүз баш сөөгүнүн ичинде ага көрсөтүлгөн сүрөттөлүштөрдү көргөн, ойлонгон, жыйынтык чыгарган, чечим алган аң-сезимдүү жандык ким?

Бүт бул нерселерди кабылдаган, аң-сезимди пайда кылган жандыктын аң-сезимсиз атомдордон турган, суу, май, протеин сыяктуу заттардан турган мээ эмес экендиги анык. Мээден башка, такыр башка бир жандык,нерсе болушу керек.

... Мээсинин ичиндеги сүрөттөлүштү «көрүп жатам» деген, мээсинин ичинде уккан үндөрдү «угуп жатам» деген, өзүнүн бар экенин туюп-билген жана «мен менмин» деген бул жандык – Аллах адамга берген рух. (Hayalin Diğer Adı:Madde (Элестин башка бир аты: зат), s. 79-80)



Даамдардын баары мээде пайда болот


Даам алуу кабылдоосу да башка сезүү органдарына окшош. Адамдын тилинин алдыңкы тарабында төрт түрдүү химиялык кабылдагыч бар; булар туздуу, таттуу, кычкыл жана ачуу даамдарына туура келет.Даам кабылдагычтарыбыз бир катар процесстен соң бул сезимдерди электрдик сигналдарга айлантып, мээге жиберишет. Жана бул сигналдар мээ тарабынан даам катары кабылданат. Бир тортту, сырды, апельсинди же жактырган бир тамагыбызды жегенде сезген даамыбыз – бул чындыгында электрдик сигналдардын мээ тарабынан жоромолдонушу.

Матрица тасмасында да бул чындык тамактануу учурундагы маектерде мындайча берилет:

Тэнк : Кел досум.Чемпиондордун эрте мененки тамагы. (Неого пюре сыяктуу бир тамак сунулат.)

Маус : Көздөрүңдү жумсаң жумуртка жеп жаткандай болосуң... Мага эмнени элестетти билесиңби?Даамдуу буудай. Даамдуу буудай жеген белең?

Свич : Жок, бирок негизи сен да жеген эмессиң.

Маус : Менин айтайын дегеним да ошо. Машиналар даамдуу буудайдын даамын кайдан билет деп ойлоп жатсаң керек. Балким туура эмес жасашты. Балким даамдуу буудайдын даамы овсянка же тунец балыгы сыяктуу эле.Анда адамдын оюна көп нерсе келет. Мисалы, тоок, балким тооктун даамын чече албай коюшту, ошондуктан тоок этинде бүт нерсенин даамы бар.

Дозер : Жегендериң синтетикалык аминокислоталар, витаминдер, минералдарга аралаштырылган. Дене муктаж болгондордун баары.

Тасманын башка бир сахнасында болсо чындыктарды -Матрица аттуу система аларга элестүү дүйнөнү жашатканын- билген каармандардын бири жеген тамагын мындайча сүрөттөйт:

Мистер Риган : Билесиңерби, бул бифштекстин жок экенин билем. Муну оозума салганда, Матрица мээме мунун суулуу жана даамдуу экенин айтаарын билем...

Бул кадрларда сүйлөгөн киши бүт жашоосунун ага бир компьютер программасы тарабынан чындыктай көрсөтүлгөнүн билет. Ушул себептен, жеген бифштексинин чындыгында жок экенин, муну мээсинде гана кабылдаганын (сезип жатканын) айтууда, бирок ошентсе деле бул даамдан ал тамак чындап бар сыяктуу ырахат алганын белгилеп жатат. Биздин эмгектерибизде орун алган бул маектерге окшош түшүндүрмөлөрдүн кээ бирлери төмөнкүдөй:

Биз көргөн, тийген, уккан жана «зат», «дүйнө» же «аалам» деп атаган түшүнүктөр – болгону мээбизде пайда болгон электрдик сигналдар гана. Мисалы,бир мөмөнү жеген адам чындыгында мөмөнүн мээсиндеги кабылданышын сезет,оригиналын эмес. Адам «мөмө» деп атаган нерсе - мөмөнүн формасы, даамы, жыты жана катуулугуна байланыштуу электрдик маалыматтын мээде кабылданышы гана. Эгер мээге баруучу көрүү нервин үзүп койсоңуз, мөмө сүрөттөлүшү да ошол замат жок болот. Же мурундагы кабылдагычтардан мээге созулган нервдин үзүлүшү жыт сезүүбүздү толугу менен жок кылат. Себеби мөмө - бул бир катар электрдик сигналдарды мээнин жоромолдошу гана. (Evrim Aldatmacası (Эволюция калпы),II. baskı, s. 203-204; Zamansızlık ve Kader Gerçeği (Убакыттын жоктугу жана тагдыр), s. 24)

Мээңизде пайда болгон бир торт сүрөттөлүшүнө мээңизде пайда болгон таттуу даам кошулат жана торт жөнүндөгү бүт нерсе сизге жаккан абалга келет. Сиз аппетит менен тортуңузду жегенде сезген даамыңыз – чындыгында электрдик сигналдардын мээңизде пайда кылган бир таасири гана. Мээңиз сырттан келген импульстарды кандай жоромолдосо, сиз ошону гана билесиз. Ал эми сырттагы нерсеге болсо эч жетип, даамдай албайсыз; мисалы шоколаддын өзүн көрүп, жыттап, даамдай албайсыз. Же мээңизге баруучу даам сезүү нервдери үзүлсө, ошол учурда жеген нерсеңиздин даамы мээңизге жетпей калып,даам сезүү сезимиңизден толук ажырайсыз. Сезген даамдарыңыздын абдан чындыктай болушу, анын үстүнө аларга тиешелүү сүрөттөлүштөрдү да көрүп жатышыңыз сизди эч жаңылтпасын. Бул теманын илимий түшүндүрмөсү мына ушундай. (Hayalin Diğer Adı: Madde (Элестин башка бир аты: зат), s. 40)

Ошол сыяктуу, ушул күнгө чейин эч бир адам мятанын оригиналынын даамын тата алган эмес. Мята катары сезген даамы мээсинде пайда болгон сезим гана. Себеби мятанын оригиналына тийе да албайт, анын оригиналын көрө да албайт,оригиналынын жытын же даамын сезе да албайт. Жыйынтыктасак, биз өмүр бою бизге көрсөтүлгөн копия сезимдер менен жашайбыз. Бирок бул копиялар ушунчалык реалдуу (чыныгыдай)болгондуктан, эч качан копиялары менен жашап жатканыбызды байкабайбыз. (Hayalin Diğer Adı: Madde (Элестин башка бир аты: зат), s. 46)

... Бир шоколадды же жактырган бир мөмөңүздү жегенде сезген даамыңыз – бул электрдик сигналдардын мээ тарабынан жоромолдонушу. Сырттагы затка (нерсеге)болсо эч качан жете албайсыз; шоколаддын өзүн көрүп, жыттап, даамдай албайсыз. Мисалы, мээңизге баруучу даам сезүү нервдери үзүлсө, ошол учурда жеп жаткан нерсеңиздин даамы мээңизге жетпей калып, даам сезүү сезимиңизден толугу менен ажырайсыз. Бул жерде дагы бир чындыкты көрөбүз: бир нерсени жегенибизде, башка бирөө ал тамактан сезген даамдын же бир үндү укканыбызда башка бирөө уккан үндүн биздики менен бирдей экенин эч качан ишенимдүүлүк менен айта албайбыз.(Evrim Aldatmacası (Эволюция калпы), II. baskı, s. 202-203)




Жыттардын баары мээнин ичинде пайда болот


Биз сезген жыттар да чындыгында бизге алыс жерден келбейт. Жыт алуу борборуңузда пайда болгон таасирлерди сырттагы заттардын жыты деп ойлойсуз. Чынында болсо, бир гүлдүн сүрөттөлүшү көрүү борборунун ичинде болгон сыяктуу эле, ал гүлдүн жыты да жыт алуу борборунун ичинде. Сыртта гүлдүн да, ага тиешелүү бир жыттын да бар же жок экенин биле албайсыз. Себеби сезимдерибиз бизге тааныткан сырткы дүйнө чынында мээбизге жеткен «электрдик сигналдардын жыйындысы» гана. Мээбиз өмүр бою бул сигналдарды анализ кылат. Биз болсо заттын «сырттагы» оригиналын көрүп, сезип жатам деп ойлоп, жаңылганыбызды сезбестен өмүрүбүздү өткөрөбүз.

Матрица тасмасынын бир сахнасында да жыттын реалдуулугунан күмөн саналууда, бирок ошол эле учурда кабылдоонун реалдуулугуна көңүл бурулууда.

Агент : Мен бул жерди жек көрөм. Бул жаныбарлар бакчасын, бул абакты, бул реалдуулукту же эмне деп атасаңар ошону. Мындан ары чыдай албайм. Эң көп жыт, эгер мындай бир нерсе бар болсо. Муну ашыкчасы менен сезип жатам.

Тасмадагы Матрица аттуу компьютер системасында «коопсуздук кызматкери агент» каарманынын жогорудагы сөздөрүнөн да көрүнүп тургандай, башка бүт сезимдерибиз сыяктуу, жыттын да оригиналы болуп болбогонун биле албайбыз. Бул тема китептерибизде мындайча орун алган:

Ванилла жыты, гүлдүн жыты сыяктуу учуучу молекулалар мурундун эпителий деп аталган аймагындагы титирөөчү түкчөлөрдөгү кабылдагычтарга келишет жана бул кабылдагычтар менен реакцияга киришет. Бул реакция мээбизге электрдик сигнал абалында жиберилет жана жыт катары сезилет. Натыйжада биз сонун же жаман деп атаган жыттардын баары – учуп жүргөн молекулалардын реакцияга киришинин электрдик сигналга айлантылган соң, мээдеги сезилүү формасы гана. Бир атырды,бир гүлдү, жактырган тамагыңызды, деңиздин жытын, көңүлүңүзгө жаккан же жакпаган ар түрдүү жытты мээңизде сезесиз. Бирок жыт молекулалары мээге эч качан жете алышпайт. Үн жана сүрөттөлүштөгү сыяктуу мээбизге электрдик сигналдар гана жетет. Жыйынтыктасак,төрөлгөнүңүздөн бери сырттагы нерселерге тиешелүү билген жыттарыңыздын баары сезүү органдарыңыз аркылуу сезген электрдик сигналдар гана. (Evrim Aldatmacası (Эволюция калпы), II. baskı, s. 202)

... бир сүрөттөлүш мээңизде пайда болушу үчүн сыртта бир булактын болушу кажет эмес. Бул абал жыт сезүүгө да тиешелүү. Түшүңүздө же кыялыңызда жок эле бир жытты сезе алган сыяктуу, чыныгы жашоодо да жытын сезген нерселериңиздин сиздин сыртыңызда бар же жок экенин так биле албайсыз. Сыртыңызда бул нерселер бар деп ойлосоңуз да, алардын оригиналдарына эч жете албайсыз. (Hayalin Diğer Adı: Madde (Элестин башка бир аты: зат), s. 38)



Азыр түш көрүп жатпаганыңызды
кантип далилдей аласыз?


Адамдар түштөрүнөн ойгонгондо,ошол кезге чейин көргөндөрүнүн элес экенин түшүнүшөт, бирок «ойгонуу»сүрөттөлүшү (кадры) менен башталган жана адамдар «чыныгы жашоо» деп аташкан жашоонун бир элес болушу мүмкүн экени жөнүндө эмнегедир эч күмөн санашпайт.Бирок чындыгында болсо, «чыныгы жашообуз» деп атаган сүрөттөлүштөрдү кабылдоо(көрүү) формабыз менен түштөрүбүздү кабылдоо формабыз бипбирдей. Экөөсүн тең мээбизде көрөбүз. Жана түшүбүздөн ойготулмайынча, алардын бир элес экенин түшүнө албайбыз. Бирок ойгонгонубузда «демек көргөндөрүм бир түш экен да»дейбиз.

Андай болсо азыр көрүп жаткандарыбыздын бир түш эмес экенин кантип далилдей алабыз? Али ойготула элек болгондуктан, азыркы жашап жаткан көз ирмемибизди чындык (реалдуу) деп ойлоп жаткан болушубуз мүмкүн эмеспи? Ар түнү көргөн түштөрүбүздөн көбүрөөккө уланган бул түштөн бир күнү ойготулганыбызда, бул чындыкка туш келишибиз толук мүмкүн.Жана мунун мындай эмес экенин далилдей ала турган бир дагы далилибиз жок.

Түштө «колуңуз менен кармап,көзүңүз менен көрөсүз», бирок чындыгында колуңуз да, көзүңүз да жок,көрүп-кармай турган нерсе да жок. Булардын баарын мээден сырткары (сырттан)камсыз кылып турган материалдык (заттык) бир нерсе жок. Апачык алданасыз. Андай болсо чыныгы жашоо менен түштүн эмне айырмасы бар? Чыныгы жашоонун үзгүлтүксүз болуп, түштүн үзүк-үзүк болушу же түштө башкача себеп-натыйжа байланыштары болушубу? Булар түпкүрүндө маанилүү айырмалар эмес. Себеби акыр аягында эки жашоо (түш менен чыныгы жашоо) тең мээнин ичинде пайда болот. Түш көрүү учурунда чыныгы болбогон бир дүйнөдө кадимкидей жашап жаткан сыяктуу, ушул эле нерсе жашап жаткан дүйнөбүзгө да тиешелүү болушу толук мүмкүн. Түштөн ойгонгонубузда «чыныгы жашоо» деп атаган узунураак бир түштү көрүп баштабагыныбызды так ишеним менен айта албайбыз. Түштү элес, дүйнөнү болсо чыныгы деп ойлошубуздун себеби – бул көнгөн адатыбыз жана коомдон уккан сөздөрүбүз гана. Жана бул абал балким бир күнү азыр жашап жатабыз деп ойлогон дүйнөбүздөн түштөн ойгонгон сыяктуу ойготулушубуз мүмкүн экенин көрсөтөт.

Матрица аттуу тасмада да бул маанилүү жагдай айтылат. Тасманын башкы каарманы Нео көп жолу түш менен чыныгы жашоо арасында дилеммага түшөт. Тасманын бир сахнасында Нео күзгүнү караганда күзгүдөгү сыныктардан улам жүзүн үч бөлүк абалда көрөт. Андан соң күзгүдөгү сынык жоголуп, сүрөттөлүштүн оңолгонун көрөт. Буга таң калуу менен айланасындагыларды карап, алардан муну көрдүңөрбү деп сурайт. Чындык болуп болбогонун текшерүү үчүн күзгүгө тийгенде болсо күзгү жабышчаак болуп калат жана денесин металл бир каптамай сыяктуу ороп баштайт, ал тургай бул каптамайдын муздактыгын да сезе алат. Бул көргөн, сезген нерселеринин баарын чындык эмес деп ойлосо да, ал окуялар денесинин тең салмактуулугун буза турганчалык реалдуу болот. Акылман киши ролундагы Морфиус болсо Неого көргөн,башынан өткөргөндөрүнүн реалдуулугуна алданбашы үчүн чыныгы дүйнө менен элестүү дүйнө арасындагы айырманын эмне экенин сурайт:

Морфиус : Чындык экенине ишенген бир түш көргөн белең Нео? Ал түштөн ойгонбой калсаңчы?

Элес дүйнөсү менен чыныгы дүйнөнүн арасындагы айырманы кантип түшүнмөк элең?

Нео : Болушу мүмкүн эмес!

Морфиус : Эмне болушу мүмкүн эмес? Чындыкпы?

Төмөндө бул жөнүндө китептерибизде орун алган мисал жана түшүндүрмөлөр берилген:

Түшүндө бийик бир жерден төмөн кулаган бир адам муну бүт денеси менен сезет. Чынында болсо ал учурда керебетинде эч кыймылдабастан жаткан болот. Же түшүндө буту тайып, көлмөнүн ичине түшкөнүн көргөн бир адам кийимдеринин баарынын суу болгонун, соккон шамалдын себебинен үшүгөнүн сезиши мүмкүн. Бирок жаткан жеринде көлмө да, шамал да жок. Ал тургай, абдан ысык бир бөлмөдө уктап жатканына карабастан, суу болгонун жана үшүгөнүн ойгоо кезиндегидей сезет. (Hayalin Diğer Adı: Madde (Элестин башка бир аты: зат), s. 60)

Адам чындыгында үйүндө бейпил гана уктап жатканда, түшүндө лунапаркта ылдам айланган вагондорго түшкөнүн көрүшү мүмкүн. Вагондордун ылдамдыгын, кээ-кээде тескери бурулганын, соккон шамалды кадимкидей сезе алат. (Hayalin Diğer Adı:Madde (Элестин башка бир аты: зат), s. 61)

Түш менен чыныгы жашоо арасындагы окшоштукка көңүл бурулган, тасманын башка бир сахнасы төмөнкүдөй:

(Компьютер чипин сатып алуу үчүн эшигине келген кардарларга)

Нео : Түш көрүп жатканың же ойгонгонуң жөнүндө шектенгениң болду беле?

Көрсөтүлгөн кадрда Нео ойгонуп ойгонбогонун так биле албай жатат. Ойгонгондо сааттын коңгуроосун угуп, өзүн бөлмөсүндө жатканын, столун, компьютерин көрөт; бирок түшүндө көргөндөрү ушунчалык реалдуу болгондуктан, алардын элес экенине ишене албай калат. Ушуга таң калган көрүнүшүнөн улам компьютер чипин сатып алуу үчүн анын үйүнө келген кардарлар «көрүнүшүң жакшы эмес» дешет. Нео болсо жогорудагы сөзү менен дилемма абалын үйүнө келген адамдар менен бөлүшкүсү келет.

Нео башынан өткөргөн мындай дилемма негизи толук табигый көрүнүш. Негизи ойлонгон ар бир адам мындай парадокс ичинде экенин байкай алат. Китептерибизде бул темага көңүл бурган көп тексттерибиз бар. Булардын бири төмөнкүдөй:

Түшүңүздөн эч ойгонбостон, жашооңуз улана берсе, түшүңүздө көргөндөрүңүздүн эч бирөөсүнүн оригиналын көрүп, сезип жатпаганыңызды түшүнө аласызбы? Албетте,жок. Ойгонуп, өзүңүздүн керебетте уктап жатканыңызды көрмөйүнчө, эч качан түш көрүп жатканыңызды түшүнө албайсыз жана чыныгы жашоодо жашап жатам деген ой менен өмүрүңүздүн баарын өткөрөсүз.Демек, чыныгы жашоо деп атаган жашообуздун да бир түш эмес экенин кантип далилдей аласыз? Бир күнү бул көрүп жаткан жашообуздан чыгып, өзүбүздү такыр башка бир жерде, бул жашообузга тиешелүү сүрөттөлүштөрдү (кадрларды) көрүп жаткан абалда көрбөйбүз деген так бир маалыматыңыз барбы? (Hayalin Diğer Adı: Madde (Элестин башка бир аты: зат), s. 65)

Матрица тасмасында чындыктарды билген Морфиус Неого «көргөндөрүңө ишенбе», «чындыкты түшүнүү үчүн изилде»деген кеңештерин көп айтат. Тасмага тиешелүү төмөндөгү саптарда да Морфиус Неого көргөндөрүнө ишенүүдөн мурда ой жүгүртүшү керек экенине мындайча көңүл бурууда:

Морфиус : Көздөрүңөн билинип турат. Сенде көргөндөрүн кабыл алчу адамдын көздөрү бар. Ойгонууну күтүп жатканың үчүн. Кызыктай, бирок булар чындыгында көп алыс эмес.

Адамдар да жашап жаткан дүйнөбүздүн чыныгы жүзү жөнүндө ойлонушу зарыл. Адам «сыртымда бар» деп ишенген дүйнөнүн оригиналына эч качан жете албашын түшүнүшү зарыл жана бул чындыкка таянуу менен дүйнөдөгү максаты жөнүндөгү чындыктарга жетиши керек.

Кинотасмада да көп жолу басым жасалган, заттын өзүн көрүп, сезбегенибиз жөнүндө китептерибизде берилген мисалдардын кээ бирлери төмөнкүдөй:

... адамдар көбүнчө «сырткы дүйнө» түшүнүгүнүн ичине бүт нерсени кошушпайт же кошкулары келбейт. Бул темада бир аз чын пейилден жана эр жүрөктүк менен ойлонсоңуз, үйүңүздүн, ичиндеги буюмдарыңыздын же антикалык буюмдарыңыздын,дачаңыздын, жаңы алган унааңыздын, офисиңиздин, баалуу жасалгаларыңыздын,банктагы эсебиңиздин, гардеробуңуздун, түгөйүңүздүн, балдарыңыздын,кесиптештериңиздин жана карамагыңыздагы бүт нерселериңиздин да сизге көрсөтүлгөн бул «элестүү сырткы дүйнөгө» тиешелүү экенин байкайсыз. Айланаңызда көргөн, уккан, жыттаган, кыскача айтканда, беш сезимиңиз менен сезген нерселериңиздин баары ушул «элестүү дүйнөгө» тиешелүү; эң жактырган ырчыңыздын үнү, отурган отургучуңуздун катуулугу, жыты көңүлүңүзгө жаккан бир атыр, сизди жылыткан күн, түркүн түстүү бир гүл, терезеңиздин сыртынан учкан бир канаттуу,деңизде ылдам сүзүп бараткан бир катер, көп түшүм берген бакчаңыз, жумуштагы компьютериңиз же дүйнөдөгү эң сапаттуу музыкалык борборуңуз...

Чындык ушундай. Себеби бул дүйнө адамды сыноо үчүн гана жаратылган бир сүрөттөлүштөр жыйындысы. Адамдар бул кыска өмүрү боюнча чындыгында реалдуулугу жок сезимдер (элестер) менен сыналышат. (Evrim Aldatmacası (Эволюция калпы),s. 213-214)

Айланаңыздагы мал-мүлктү катуу эңсеген адамдардын эң көп эмнелерге баа бергенин бир ойлоп көрүңүз: жакшы бир үй, люкс буюмдар, кооз баалуу жасалгалар,жаңы модельдеги унаа, банктарда көп өлчөмдө акча, яхта... Мына ушул себептен мындай адамдар ээ болгон бүт байлыктарын (заттарды) мээлериндеги бир экрандан көрүп жатканы жана оригиналдарын (өзүн) эч көрө албашы жөнүндөгү чындыктан абдан коркушат.

Бирок кабыл алгылары келбесе да, мээлеринде пайда болгон бир копия дүйнө ичинде жашап жатышат. Сырттагы дүйнөнү көрүп, аны кармай алышпайт. Себеби үндү,жарыкты жана жытты эч өткөрбөгөн баш сөөктөрүнүн ичине бул заттардан келген электрдик маалыматтар гана кире алат. (Hayalin Diğer Adı: Madde (Элестин башка бир аты: зат), s. 104)

Бир адам ээ чыккан бүлө, мүлктөрүнүн баары, үйү, унаасы, үй-бүлөсү, жумушу жана досторунун баары мээсинин ичинде пайда болгон сезим жана сүрөттөлүштөр гана.Бул чындыкты түшүнгөн адам бүт нерсенин жалгыз ээсинин бул сүрөттөлүштөрдү мээсинде жараткан Аллах экенин түшүнөт. Дүйнө жашоосуна ач көздүк менен жабышкан адамдар ушул себептен бул чындыктан абдан коркушат. (Hayalin Diğer Adı: Madde (Элестин башка бир аты: зат), s. 103)



Убакыттын жоктугу


Убакыт – биздин башыбыздан өткөн окуялар арасында жасаган салыштыруубуздан келип чыккан түшүнүк. Мисалы,бир адам автоунаага түшөт. Анан унаанын ачкычын бурайт жана газ баскычын басып,унаасын кыймылдатат. Бир саам жол жүргөн соң унаасын тротуардын четине токтотот. Ал адам бүт ушул кыймылдар арасында салыштыруу жасап, ар биринин арасында бир убакыт өттү деп ойлойт жана ушундайча убакыт сезимине ээ болот.

Бүт окуялар бизге белгилүү бир катар ыкмасы менен көрсөтүлгөндүктөн, убакыт дайыма алдын көздөй агат деп ойлойбуз. Мисалы, бир жалбырак дарактан дайыма төмөн көздөй түшөт, жогору көздөй чыкпайт же жамгыр тамчылары дайыма асмандан түшөт, жамгырдын тамчылар абалында асманга чыкканын эч көрбөйбүз. Бул учурда бир жалбырактын дарактагы абалы өтмүш болсо, жерге түшкөн абалы келечек. Бирок эгер эс тутумубуздагы маалыматтар бир тасманын артты көздөй түрдүрүлүшү сыяктуу тескери көздөй көрсөтүлүп баштаса, биз үчүн келечек, б.а. жалбырактын жерде жаткан абалы өтмүш, ал эми дарактагы абалы болсо келечек болмок.

Бул мисалдан да көрүнүп тургандай, убакыт кабылдаган адамга жараша өзгөрүүчү бир сезим. Убакыттын салыштырмалуулугу, б.а. өзгөрмөлүгү ушунчалык ар түрдүү болгондуктан, биз үчүн миңдеген жылга созулган бир убакыт аралыгы башка бир чен-өлчөмдө бир секундага созулушу да мүмкүн. Ал тургай, ааламдын башынан аягына чейин өткөн абдан чоң убакыт аралыгы башка бир чен-өлчөмдө бир секунда да эмес, бир «көз ирмемге»гана созулушу мүмкүн.

Матрица тасмасында да бүт сезимдер менен бирге, убакыттын да салыштырмалуу экендигине басым жасалат жана Неого убакыт жөнүндө да жаңылганы айтып берилет. Төмөнкү кадрларда тасманын каарманы Нео 2060-жылы АКШда жасалган, аба жана жерде жүрүүчү унаа катары колдонулган бир кеменин ичинде. Андан мурда Матрицанын ичинде кийген жарашыктуу кийимдери же жашаган шаарынын заманбап көрүнүшү эми жок. Анын ордуна эскирген кийимдерди кийген жана адам жашабаган сыяктуу бир жерде турган болот.

Нео : Морфиус, мага эмне болду? Бул жер эмне?

Морфиус : Эмне эмес, качан?

Нео : «Качанбы»?

Морфиус : 1999-жылдабыз деп ойлоп жатасың, бирок 2199-жылга жакынбыз. Канчанчы жылда экенибизди так айта албайм, себеби биз да так билбейбиз. Азырынча бул жөнүндө эчтеке айта албайм.

Бир адамга бүт жашоосу сыяктуу убакыт сезими да жасалма сигналдар менен такыр башкача сезилиши мүмкүн.Убакыттын жоктугу жөнүндө китептерибизде орун алган түшүндүрмөлөрдүн кээ бирлери төмөнкүдөй:

Убакыт бир кабылдоо (элес)болгондуктан, толугу менен кабылдагандан көз-каранды, б.а. салыштырмалуу бир түшүнүк.

Убакыттын агуу ылдамдыгы аны өлчөп жатканда колдонгон булактарыбызга жараша өзгөрөт. Себеби адамдын денесинде убакыттын агуу ылдамдыгын туптуура ченей ала турган табигый бир саат жок...

Убакыттын салыштырмалуулугу түштө апачык көрүнөт. Түшүбүздө көргөндөрүбүз бир топ саатка созулгандай сезилсе да, чындыгында бүт баары бир канча мүнөт, ал тургай бир канча секундага гана созулган болот. (Zamansızlık ve Kader Gerçeği (Убакыттын жоктугу жана тагдыр), s. 70-71)

... убакыттын салыштырмалуу бир түшүнүк экендиги, материалисттер кылымдар бою ойлоп келгендей, өзгөрбөс жана туруктуу эмес экени, өзгөрүүчү бир сезим экендиги да ушул кылымда аныкталды. Убакыттын жана мейкиндиктин салыштырмалуулугу Эйнштейндин «Салыштырмалуулук» теориясы менен далилденген жана бул чындык учурда заманбап физиканын негизин түзөт.

Жыйынтыктасак, убакыт жана мейкиндик – абсолюттук эмес, башталышы бар,Аллах жоктон жараткан түшүнүктөр. Убакытты жана мейкиндикти жараткан Аллах,албетте, булардан көз-каранды эмес. Аллах убакыттын ар бир көз ирмемин убакыт жок учурда аныктаган жана жараткан... (Zamansızlık ve Kader Gerçeği (Убакыттын жоктугу жана тагдыр), s. 10)

Адамдар убакыттан көз-каранды болгондуктан, мындай нерсе аларга алыс сезилет, бирок Аллах Кабатында убакыт жок, мурда да айтылгандай, өтмүш менен келечек бир көз ирмем гана. Бир видео кассетадагы кадрлардын бир эле учурда бар болгону сыяктуу... Биз бир тасманы көргөн соң ал тасманы артка түрдүрүп,кайрадан көрө алган сыяктуу, биз үчүн өтмүш болгон (өтүп кеткен) окуяларды Аллахтын каалоосу менен кайрадан көрүшүбүз мүмкүн. Эң негизгиси – бул Аллахтын ошол учурда бизге ошол окуяларга тиешелүү элестерди (сезимдерди) кайрадан сездириши. (Sonsuzluk Başlamış Durumda (Түбөлүк жашоо башталды), s. 90)
 



Эсибиздеги окуялар да негизи элестер гана


Тасманын башкы каарманы Нео чындыктарды, б.а. ошол күнгө чейин чындык деп ойлогон жашоосунун бир элес экенин билген соң, кайрадан Матрица аттуу виртуалдык дүйнөгө барганда айланасын таң калуу менен карайт. Унаадагы сапары боюнча өтмүшүнө тиешелүү бир катар нерселерди эстейт; бирок булардын эч биринин чындыгында болбогонун ойлоп таң калат. Нео өтмүшүмө тиешелүү эскерүүлөрүм деп ойлогон окуялардын баары эс тутумуна жасалма жол менен берилген сүрөттөлүштөр гана.

Морфиус : Таң калыштуу ээ?

Нео : Аллахым.

Тринити : Эмне болду?

Нео : Тигил жерде тамак жечүмүн. Керемет макарон даярдашат. Жашоом менен байланыштуу эскерүүлөрүм бар. Эч бири болгон эмес.

Бул темада китептерибизде орун алган түшүндүрмөлөрүбүз төмөнкүдөй:

Биз, ар жактан уккан-көргөндөрүбүзгө таянып, өтмүш, учур чак жана келечек сыяктуу бөлүктөргө бөлүнгөн убакыт тилкелерин жашайбыз деп ойлойбуз. Чындыгында болсо, «өтмүш» деген бир түшүнүккө ээ болушубуздун жалгыз себеби – бул, мурда да айтылгандай- эс тутумубузга кээ бир окуялардын берилиши гана. Мисалы, биринчи класска кирген учуруңуз сиздин эс тутумуңузда бар болгон бир маалымат жана биз ушул себептен муну өтмүш бир окуя катары кабыл алабыз. Келечек менен байланыштуу окуялар болсо эс тутумубузда жок. Ушул себептен биз али кабардар боло элек бул окуяларды «келечекте боло турган» окуялар катары кабыл алабыз. Чындыгында болсо, өтмүш биз үчүн кандай жашалган, башыбыздан өткөн, көрүлгөн окуялар болсо, келечек да ошол сыяктуу эле жашалган. Бирок бул окуялар биздин эс тутумубузга берилбегендиктен, биз аларды биле албайбыз. (Hayalin Diğer Adı: Madde (Элестин башка бир аты: зат),s. 139)

5 жашыңызда дүкөндөн алган бир токочту жеп жатканыңызда сезген таттуу даамыңыз, 7 жашта биринчи сабагыңыз баштала турган күнү эрте менен толкунданып ойгонушуңуз, жогорку класста география сабагында сыгылганыңыз, математика мугалимиңиз доскага жазган узун теңдемелер, бир жакыныңыздан айрылган жол кырсыгындагы сезимдериңиз, жумушуңуздагы бир ийгиликтен улам пайда болгон мактануу сезими, көп жылдар бою күсөгөн бир буюмуңузду алууга бараткандагы кубанычыңыз, кыскача айтканда, башыңыздан өткөн жана сезген бул окуяларыңыздын баары негизи ошол бойдон турат, сиздиң мээңизде гана сакталуу эмес.Сакталгандар да сизге эскерүү сыяктуу, б.а. өтмүштө болгон сыяктуу сездирилүүдө. Ушул учурда бар, сакталуу турган ал окуяларды мээңиз кабылдабай,сезбей жатат... Адамдар агып турган бир убакыттан көз-карандыбыз деп ойлошот,өмүрүбүз өтмүш, учур чак жана келечек болуп бөлүктөргө бөлүнөт дешет... Бирок жаратылган ар бир жандыктын, ар бир окуянын жана бүт нерсенин дал бир кинотасма лентасынын кадрлары сыяктуу бир-бирден түбөлүктүү кылып жана бир учурда жаратылганын билүү муну түшүнүүгө жардам берет. (Sonsuzluk Başlamış Durumda (Түбөлүк жашоо башталды), s. 74-75)
 



Бул чындыктын кереметтүү
жыйынтыгы


Адам мээсинин сыртында зат деп аталган, сүрөттөлүштөн турган жана бекемдик сезими берилген бир аалам бар.Бирок сиз бул ааламга эч качан сезүү органдарыңыз аркылуу жете албайсыз. Ар бир адам мээсинде пайда болгон ааламды көрөт, мээсинде пайда болгон ааламды кармайт, мээсиндеги ааламдын үнүн угат.

Аллах жараткан зат ааламын ар бир адамга мээсинде бир сүрөттөлүш абалында көрсөтүүдө жана бул сүрөттөлүшкө бекемдик, катуулук берип, сүрөттөлүштү чындыктай сездирүүдө. 20-кылымда илимий ачылыштар менен далилденген бул чындык кылымдар мурда жашаган улуу Ислам аалымы Имам Раббани тарабынан үстүртөн түшүндүрүлгөн. Имам Раббани эмгектеринин биринде мындай дейт:

Сыртта жана акыйкатта Аллах Тааладан башка мевжуд (бар нерсе) жок. Аллах Таала кудурети менен өз ысымдарынын жана сыпаттарынын кемалин (кемчиликсиздигин)мүмкинат сүрөттөрүнүн пардасында көрсөткөн, башкача айтканда, буюмду өз кемчиликсиздигине ылайыктуу абалда, сезим жана элес даражасында жараткан.Ушундайча буюм (зат) элесте көрүнүүдө, кыялда уланууда. Демек буюмдар (заттар)кыялда көрүнгөн үчүн бар. Бирок Аллах Таала бул көрүнүштү уланткан үчүн, жок болуудан сактаган үчүн, буюмдун түзүлүшүнө бекемдик берген үчүн жана түбөлүк мамилени да булардан көз-каранды кылган үчүн элестеги нерсе жана кыялдагы уланган нерсе чыныгы бар нерсе болгон. (İmam-ı Rabbani, İkinci Cilt, 44. Mektup)

Бул жерде айтылган нерсе – ар бир адам терең ойлонушу керек болгон абдан маанилүү бир акыйкат. Себеби бул чындыкты көрмөксөн болгон ар бир адам өмүр бою кичинекей бир чекитте пайда болгон сүрөттөлүштү чындык деп ойлоп жаңылат. Мисалы, мээсиндеги бир чекитте пайда болгон имараттардын ээсимин деп ойлогон бир адам бул сүрөттөлүштөн улам бой көтөрүп, көөп, бир күнү өлөөрүн унутуп өзүн чексиз күчтүү элестетет. Же мээсиндеги бир чекитте пайда болгон жакыр жашоо сүрөттөлүшү башка бир адамдын басынган, бактысыз же үмүтсүз жашашына себеп болот. Мээсинин ичиндеги кичинекей бир жерде пайда болгон акча сүрөттөлүшүн жоготкон адамдын маанайы аябай чөгөт.Мээсинин ичиндеги унаа сүрөттөлүшүнүн чийилгенин көргөн бир адам болсо ачууланып, ач көздүгүнөн улам катуу жинденет. Бирок бул адамдардын баарынын түшүндө бай же жакыр болгон, же түшүндө унаасы чийилген бир адамдан айырмасы жок. Чийилген унаа мээбиздин ичинде пайда болгон бир унаа сүрөтү. Бул унаанын өзүн, сырттагы чыныгы абалын эч ким, эч качан биле жана көрө албайт. Муну бир гана мээбиздеги жана сырттагы ааламды жараткан Улуу Аллах билет.

Мына ушул чындыкты билбеген же апачык болуп турса да, бул чындыкты кабыл алгысы келбеген адамдар өмүр бою дайыма жаңылыштыкта, чындыктарды билмексен болуп жашашат. Бул адамдардын абалы бир кинотасманы же театр оюнун чындык деп ойлоп бул тасманын же оюндун ичинде жашагысы келген бир адамдын абалына окшошот. Айланасындагы адамдар бул адамды канчалык ынандырганга, ага чындыктарды көрсөткөнгө аракет кылса да, бул адам муну түшүнмөксөн болот.

Бирок бир да адам калбастан,бүт адамдар бул чындыкты түшүнүп, кабыл ала турган бир күн бар. Мына ошол күн ар бир адамга өлүм менен бирге келет. Өлүм менен бирге адамдын мээсинде көргөн дүйнө жашоосуна тиешелүү сүрөттөлүш өзгөрүп, анын ордуна өлүм учурунун, сурак күнүнүн жана акыреттин сүрөттөлүшү пайда болот. Аллах Куранда билдиргендей,өлүм менен бирге адам уйкудан ойгонгондой болот, түшүнөн чыныгы дүйнөгө (бул дүйнөгө) өткөн сыяктуу, чыныгы жана түбөлүк жашоосуна өтөт. Ал жашоонун болсо сүрөттөлүшү тунугураак жана чыныгы болот. Түшүндөгү бозомук сүрөттөлүштөн ойгонуп, тунугураак болгон бул дүйнө жашоосуна өткөн сыяктуу. Аяттарда бүт ааламдардын Рабби Аллах бул чындыкты мындайча билдирүүдө:


Айтышкан эле: «Кыйроо болсун бизге, уктап жаткан жерибизден бизди ким тирилтип-тургузду? Бул Рахман (болгон Аллах)тын убадасы, (демек)жөнөтүлгөн (пайгамбар)лар туура айтышкан экен». (Йасин Сүрөсү, 52)


Ант болсун, сен мындан капылетте элең; мына Биз сенин үстүңдөгү тосукту ачып-алып салдык. Эми бүгүн көрүү-күчүң так, даана. (Каф Сүрөсү, 22)


Ар бир сөзү ишенимдүү, илими жана хикматы менен өрнөк болгон Пайгамбар Мырзабыз (сав) да бир куттуу хадисинде «адамдар уйкуда, өлгөндө ойгонушат» (İmam Gazali, İslam Klasikleri 2, Bedir Yayınları, 18 s. 36152) деп бул чындыкка көңүл бурган.

Чыныгы жашоо – бул өлүмдөн кийинки жашоо. Дүйнө жашоосу болсо – түш сыяктуу, адамга мээсиндеги кичинекей бир чекитте көрсөтүлгөн бир сүрөттөлүш ааламы. Бир адамдын бул сүрөттөргө алданып, чыныгы жана түбөлүк жашоосун унутушу, ойлонбошу болсо чоң бир капылеттик жана жаңылуу. Бул чындыкты бул дүйнөдө көрбөгөндөр акыретте абдан бушайман болушат. Өмүр бою байланган, чындык деп ойлоп артынан кууган, Аллахты жана акыретти унутуу менен Ага шерик (ширк) кошкон адамдардын, мал-мүлктөрдүн,кызматтык орун-даражалардын чындыгында бир элес экенин, мээлериндеги бир сүрөттөлүш экенин түшүнгөндөр бул бушаймандыктарын айтышат. Эч жок болбойт деп ойлогон нерселеринин бир-бирден жок болгонун көрүшкөндө, абдан кайгырышат.Аллах мындай адамдардын акыреттеги моюнга алууларын Куранда мындайча кабар берет:


Анан аларга: «Силер шерик кошкондоруңар кана? Аллахтан башка (сыйынгандарыңар)» деп айтылат. «Бизди таштап-жоголуп кетишти. Жок, биз мурдалары эч нерсеге сыйынган эмес экенбиз»дешти. Аллах каапырларды мына ушундайча адаштырып (жолдон) чыгарат. (Момун Сүрөсү, 73-74)


... Аягында элчилерибиз жанын алуу үчүн аларга келишкенде, аларга: «Аллахтан башка сыйынгандарыңар кайда?»дешет. «Алар бизди таштап-жоголушту» дешет. (Ушундайча) Булар чындап каапыр экенине өздөрүнүн зыянына күбөгө өтүштү. (Аьраф Сүрөсү, 37)

Бул дүйнөдө бул чындыктарды байкамаксан болуп,ойлонбогон ар бир адам акыретте ушул сөздү айтышы мүмкүн, ушундай орду толгус бушаймандыкка кабылышы мүмкүн. Аллах бир түш сыяктуу көрсөткөн дүйнө жашоосуна алданып берилгендер, өлүмдү чыныгы жана жалгыз өмүрүбүздүн аягы деп ойлошкондор өлгөндө бул капылеттик уйкусунан ойгонуп, түштөрүнөн айрылышат жана мына ошондо чыныгы чындыкты көрүшөт. Акылын жана абийирин колдонгон, чын ыкластан жана көңүл коюп ойлонгон ар бир адам болсо бул дүйнөдө эле чындыктарды түшүнүп, акырет жашоосу үчүн көп аракет кылат.
 
 

Комментариев нет:

Отправить комментарий