вторник, 26 ноября 2013 г.

13-КАБАТ (THE THIRTEENTH FLOOR)

«Он үчүнчү кабат» аттуу тасмада да Матрица тасмасына окшоп, чыныгы дүйнө жашоосу менен виртуалдык дүйнө арасындагы чоң окшоштук каралган. Тасманын мазмуну кыскача төмөнкүдөй: тасманын аты болгон 13-кабат Лос-Анджелесте бир фирма имаратынын 13-кабаты. Бул жерде тасманын эки башкы каарманы Хэннон Фуллер менен кесиптеши Дуглас Холл компьютер менен виртуалдык бир дүйнө жасашкан. Бул виртуалдык дүйнөдө Лос-Анджелестин 1937-жылдагы абалы жандандырылат. Системаны курган бул адамдар болсо 1999-жылы жашап жаткан болушат.
Сүрөттөрдө көрсөтүлгөндөй, бул компьютер программасына туташкысы келген адам бир жерге жатып, анын мээсине программадагы маалыматтар жиберилет. Ошентип системага кирген адам 1937-жылга тиешелүү виртуалдык бир адамга айланат. Мисалы, 1999-жылы жашаган Дуглас Холл аттуу бай жана ийгиликтүү бир компьютер фирмасынын башкаруучусу болгон бул адамдын эс тутумуна 1937-жылы жашаган Джон Фергюсон аттуу бир банк кассирине тиешелүү маалыматтар жүктөлөт.
Системага туташкан адам жүктөө бүткөн соң, өзүн бир заматта 1937-жылга барып калганын көрөт. Имаратта, унаалар, кийимдер толугу менен ошол жылга тиешелүү. Симуляция чөйрөсүнө кирген адамдарды эң таң калтырган нерсе болсо – бул эки жашоосунун тең реалдуулугунун бирдей болушу. Бул адамдар эки жашоосунда тең суунун салкындыгын, сырттагы шамалдын шуулдаганын сезишүүдө, башына келген окуяларда коркуу жана толкундануу сыяктуу сезимдерди толук сезишүүдө.
Тасманын кийинки мүнөттөрүндө болсо системага туташкан бул адамдар чыныгы жашоо деп ойлогон өмүрлөрүнүн (1999-жылдагы Лос-Анджелестеги жашоолорунун) да чындыгында атайын даярдалган бир компьютер программасы экенин, ошол күнгө чейин чындык деп ойлогон бүт нерселеринин –фирмалары, кызмат орундары, унаалары, компьютер системалары, үй-бүлөлөрү, достору...- бир элес экенин түшүнүшөт. Чындыгында 2024-жылга жакын бир жыл болгон болот, жана тасмада чыныгы бир жашоо катары чагылдырылган бүт окуялар симуляциянын бир бөлүгү болот. Тасманын эң кызыктуу тарабы болсо – бул тасмадагы каармандардын симулятордун ичинде симуляторго туташып, баскычтуу бир өмүр сүрүшү жана бул виртуалдык чөйрөлөрдөгү жашоолорунун чындыктарга абдан окшош болушу.
Кадрларда тасманын башкы каарманын ойногон Дуглас Холлдун симуляцияга туташышы жана 1937-жылы Джон Фергюсон аттуу бир банкирдин өздүк маалыматтарынын ага өткөрүлүшү көрсөтүлгөн.
Дуглас Холл – Джон Фергюсон аң-сезим көчүрүүсү
Колдонуучу: Дуглас Холл
Жүктөө үчүн колдонуучуну ылайыктоодо
Программа туташуусу: Джон Фергюсон
Колдонуучуну программага катарга коюуда
Жүктөө үчүн даяр
Катарга коюу аяктады
Гриерсон мырза, 117 Батыш Winston, Pasadena
Аң-сезимди көчүрүү
Жүктөө аяктады.
Тасманын каарманы Дуглас Холл симуляторго туташкан соң, денеси эч кыймылдабаса да, өзүн 1937-жылы Джон Фергюсон аттуу бир банк кассири катары сезип, кадимкидей жандуу бир жашоонун ичинде көрөт. Бул адамдын денеси 20-кылымда симулятор каражатына туташкан абалда жатканына карабастан, бүт нерсе абдан реалдуу көрүнүүдө. Бирок эски модельдеги унаалар, адамдар, өзүнүн кийими, тышкы көрүнүшү, кыскача айтканда, бүт детальдардын баары – ал адамдын мээсинде жасалма сигналдар менен көрсөтүлгөн сүрөттөлүштөр.
Дуглас Холл бул системаны өзү жасаса да, төмөндөгү тасма кадрынан да көрүнүп тургандай, көрүнүшүнүн жана турган чөйрөсүнүн реалдуулугуна таң калат. Ал тургай, күзгүгө көпкө каранып, чачын, мурутун, терисинин өңүн анализ кылат.
Дуглас Холлго (1937-жылдагы аты (өздүгү) боюнча Джон Фергюсонго) мындай таң калган кыймыл-аракеттеринен улам банктагы мүдүрү өзүңдү жаман сезип турасың, эс ал деп кеңеш берет. Бирок Дуглас Холл компьютер дүйнөсүндө чындыкка мынчалык жакын бир өмүр сүрүүдөн улам абдан таасирленет жана бул системаны кура алганынан улам кубанат:
Дуглас Холл     : Менимче өзүмдү абдан жакшы сезип турам.
 
 
Симуляция дүйнөсү жана жаңылтуучу реалдуулук
 
Биз «тышкы дүйнө» катары кабылдагандарыбыз (сезгендерибиз), мурдакы бөлүмдөрдө да терең каралгандай, электрдик сигналдардын мээдеги таасирлери гана. Терезеңизден көргөн асмандын көктүгү, отурган креслоңуздун жумшактыгы, ичкен кофеңиздин жыты, жеген тамагыңыздын даамы, кулагыңызга угулган телефон үнү, бүт жакындарыңыз, ал тургай, денеңиз да баары – электрдик сигналдардын мээңиздеги жоромолу.
Эгер бул тасмадагы сыяктуу, мээбизге өнүккөн бир компьютердин жардамы менен керектүү электрдик сигналдарды жөнөтүү мүмкүн болгондо, ушул эле сезимдерди толук реалдуу сезишибиз мүмкүн болмок. Байкалгандай, жасалма жол менен жасалган импульстар натыйжасында сыртта эч бир материалдык реалдуулук жок болсо да, мээбизде реалдуу жана жандуу бир дүйнө пайда кылуу мүмкүн. Учурда симуляторлордун жардамы менен жашообуздун белгилүү бөлүктөрүн абдан реалдуу сезимдер менен жандандырууга мүмкүн болууда. Мисалы, колго кийилген атайын бир мээлей менен бир адам жок эле бир мышыкты сылаганын, бир адам менен кол алышканын, сууга колун салып жууганын же катуу бир нерсеге тийгенин сезе алууда. Андан да өнүккөн системалар менен болсо өзүн гольф ойноп жаткандай, лыжа тээп жаткандай, унааны катуу айдап бараткандай же бир учактын пилотундай сезе алууда. Чындыгында болсо тийдим деп ойлогон бул нерселердин же ошол жерде турам деп ойлогон жерлердин эч бирөөсү чыныгы (реалдуу) эмес. Булардын баары адамдын жашоодогу бүт сезимдерди жана заттарды мээсинде кабылдаарын, алардын эч биринин оригиналын көрүп, оригиналына тийе албашын толук далилдейт.
13-кабат аттуу тасмада да компьютердин жардамы менен чыныгы жашоодон айырмалоого мүмкүн болбогон виртуалдык жашоолор жасалат. Тасманын каармандары симуляция машиналары жардамы менен ар түрдүү убакыт жана чөйрөлөргө туташып, ал жерде чыныгы жашоодо жашагандай жашашат.
Төмөндө системанын куруучуларынын бири Уитни детектив Мак Бэйнге жасаган симуляция системасын айтып берген сөздөрү берилген:
Детектив Мак Бейн      : Бүт булар ири бир компьютер оюнубу?
Уитни                           : Жок, функциялары иштеши үчүн колдонуучу керек эмес. Бүт элементтери – ачык үйрөнүү жөндөмүнө ээ кибер-түзүлүштөр.
Детектив Мак Бейн      : Элементтерби?
Уитни                           : Электрондук, окшошкон каармандар. Системаны ошолор түзөт. Ойлонушат, иштешет, тамак жешет... Кыскача айтканда, бизге окшоштурулган деп айтууга болот. Азыр иштеп жаткан бир өрнөгүбүз бар: Лос-Анджелес, 1937-жылдар.
Детектив Мак Бейн      : Эмне үчүн 37?
Уитни                           : Фуллер өзүнүн жаш кезин жасоодон баштагысы келген. Кара, мээм ичине жайгаштырылганда, мен 1937-жылды башыман өткөрүп ошол жерлерде кыдырам. Денем бул жакта калат жана программа туташкан элементтин аң-сезимин башкарат.
Бул сөздөрдөн да көрүнүп тургандай, симуляция дүйнөсүндө эч бир реалдуулук жок; жасалма сигналдар гана бар. Көрүү үчүн көзгө, угуу үчүн кулакка, сезүү үчүн денеге муктаждык жок. Адамдын денеси бир креслодо жатканда, компьютер аркылуу мээсине жүктөлгөн маалыматтар аркылуу бул адам өзүн такыр башка бир жерде, такыр башка бир убакытта жашап жаткандай сезе алат.
Бул жөнүндө китептерибизде мындай түшүндүрмөлөрүбүз орун алган эле:
Көрүү, угуу, жыт сезүү, даам сезүү, тийүү сезимдерибиздин баары бир-бирине окшош иштейт. Биз сыртта бар деп ойлогон нерселерден (заттардан) келген таасирлер (үн, жыт, даам, сүрөттөлүш, катуулук ж.б.) нервдерибиз аркылуу мээдеги сезүү борборлоруна жеткирилишет. Мээге жеткен бул таасирлердин баары электрдик сигналдар гана. Мисалы, көрүү процесси учурунда сырттагы бир булактан келген жарык бөлүкчөлөрү (фотондор) көздүн арт жагындагы торчого жетет жана ал жерде бир катар процесстен соң электрдик сигналга айландырылышат. Бул сигналдар нервдер аркылуу мээнин көрүү борборуна жиберилет. Жана биз бир канча сантиметр кубдук көрүү борборунда түркүн түстүү, жаркыраган, узуну, туурасы, тереңдиги (алыс-жакыны) бар бир дүйнөнү көрөбүз.
Башка сезүү органдарыбызда да ушундай система бар. Даамдар тилибиздеги кээ бир клеткалар тарабынан, жыттар мурун эпителийиндеги клеткалар тарабынан, тийүүгө тиешелүү сезимдер (катуулук, жумшактык ж.б.) теринин астына жайгаштырылган атайын кабылдагычтар тарабынан жана үндөр болсо кулактагы атайын бир механизм тарабынан электрдик сигналдарга айландырылып, мээдеги тиешелүү борборлорго жөнөтүлөт жана ошол борборлордо кабылданышат.
... Азыр бир чыны чай ичип жатасыз дейли. Колуңуздагы чынынын катуулугу жана ысыктыгы теринин астындагы атайын кабылдагычтар тарабынан электрдик сигналдарга айлантылып, мээне жиберилет. Ошол эле учурда чайдын жыты, аны ичип жатканда сезген таттуу даамы жана сиз чыныны караганда көргөн кызыл өңү да тиешелүү сезүү органдарыңыз тарабынан бир электрдик заряд абалында мээге жеткирилет. Андан соң столго коюп жатканда, чынынын астындагы айнекке тийиши менен чыккан үн да кулагыңыз тарабынан кабылданып, мээге электрдик сигнал катары жөнөтүлөт. Жана бул кабылдоолордун баары мээдеги ар башка, бирок бир-бири менен ортоктошуп иштеген сезүү борборлору тарабынан жоромолдонот. Сиз болсо бул жоромолдун бир натыйжасы катары бир чыны чай ичтим деп ойлойсуз. Б.а. негизи бүт баары мээдеги сезүү борборлорунда болуп жатат, бирок сиз бүт бул кабылдоолоруңуздун конкреттүү (заттык) бир реалдуулугу бар деп ойлойсуз. Бирок жаңылышасыз, анткени мээңизде кабылдаган сезимдериңиздин «баш сөөгүмдүн сыртында бир заты (материалдык абалы)» бар деп айтууга бир да далилиңиз жок. Эгер мээңизге баруучу көрүү нервдерин үзсөңүз, ошол замат сүрөттөлүш жоголот. Ошол сыяктуу угуу нервдеринде бир көйгөй болсо, сиз сыртта бар деп ойлогон үн да ошол замат токтойт. (Makaleler-II, Maddenin Ardındaki Muhteşem İlim (Макалалар II, Заттын артындагы кереметтүү илим), s. 112-113)
 
 
 
Сыртта жарык жок
 
Бүгүнкү күндө илимпоздор акыркы илимий ачылыштар натыйжасында жеткен бир кызыктуу чындык бар: дүйнөбүз чындыгында чымкый караңгы. Себеби учурда жарыктын субъективдүү бир түшүнүк экени белгилүү болду; б.а. адамдардын мээсинде бир сезим катары пайда болот.
Чындыгында сырткы дүйнөдө жарык жок. Чырактарыңыз да, унаа чырактары да, биз чоң жарык булагы деп атаган күн да чындыгында жарык чыгарбайт. Биз «жарык» деп атаган сезимдин булагы болгон фотондор көзүбүздүн артындагы торчо катмарына түшкөндө, ал жердеги клеткалар тарабынан электрдик сигналга айлантылат. Биз болсо чындыгында физикалык бөлүкчөлөр болгон фотондорду «жарык» катары кабылдайбыз. Эгер көзүбүздөгү клеткалар фотондорду «жылуулук бөлүкчөлөрү» катары кабылдаганда, анда биз үчүн жарык, түс жана караңгылык деп аталган түшүнүктөр эч болмок эмес, жана заттарды караганыбызда алардын «ысык» же «муздак» экенин гана сезмекпиз.
13-кабат тасмасында Дуглас Холл аттуу каарман симуляция менен 1937-жылга тиешелүү жасалма дүйнөгө туташып кайткан соң, ал дүйнөнүн реалдуулугун мындайча сөз кылат:
Уитни               : Жарыктандыруу кандай? Нерселер...
Дулгас Холл    : Түстөрдү жасоо үстүндө дагы бир аз иштөө керек, бирок элементтер байкабай жатышат.
Уитни               : Алар кандай?
Дулгас Холл     : Сен экөөбүз сыяктуу чыныгы (реалдуу).
Тасмада айтылган чындык негизи туура. Жарык жана түс сыяктуу өзгөчөлүктөр да жасалма сигналдар аркылуу абдан реалдуудай кабылданууда. Бул жөнүндө китептерибизде орун алган түшүндүрмө мисалдардын кээ бирлери төмөнкүдөй:
... баш сөөгү жарыкты ич тарапка өткөрбөйт, б.а. мээнин ичи капкараңгы. Ошондуктан, мээнин жарыктын өзү менен байланышта болушу эч мүмкүн эмес... Маңдайыбызда бир шам турат дейли. Бул шамдын алдына туруп, аны көпкө кароого болот. Бирок бул убакыт бою мээбиз шамга тиешелүү жарыктын өзү менен эч качан байланышта болбойт. Шамдын жарыгын көрүп турган учурубузда да башыбыздын жана мээбиздин ичи капкараңгы болот. Капкараңгы мээбиздин ичинде жапжарык, жаркыраган жана түркүн түстүү бир дүйнөнү көрөбүз. (Evrim Aldatmacası (Эволюция калпы), II. baskı, s. 200)
Белгилүү болгондой, мээбиз башыбыздын ичинде корголот жана баш жарыкты ич тарапка өткөрбөйт. Б.а. башыбыздын ичи чымкый караңгы. Бирок биз бул чымкый караңгылыкта көпкөк деңиздерди, жапжашыл дарактарды, түркүн түстүү гүлдөрдү, күндүн жаркыраганын жана түстөрдүн бардык тилкелерин көрө алабыз. Бул абдан кызык жана бул жөнүндө ойлонуу керек. Эгер биз нерселердин биздин сыртыбыздагы абалдарын көрүп жаткан болгонубузда, бул сырттагы сүрөттөлүштүн жаркыраганын, түстөрүн эч көрө алмак эмеспиз. Себеби бул жаркыраган көрүнүштөр жана жарыктарды башыбыз тосуп калмак жана мээбиздеги көрүү борборуна эч жетмек эмес. Анда биз бул жаркыраган нерселерди, айдын жана күндүн нурларын, бөлмөбүздөгү люстранын жаркыраганын кантип көрүп жатабыз? Жарык эч жете албаган мээде жарык сүрөттөр кантип пайда болууда? (Makaleler-II, Maddenin Ardındaki Muhteşem İlim (Макалалар II, Заттын артындагы кереметтүү илим), s. 112-113)
Чындыгында мээбиздин сыртында биз билген мааниде жарык да жок. Биз билген, тааныган жарык кайра эле мээбизде пайда болот. Сырткы дүйнөдө, б.а. мээбиздин сыртында биз жарык деп атаган нерсе – бул электромагниттик толкундар жана фотондор (фотондор – бул бөлүкчөлөр абалындагы энергия). Бул электромагниттик толкундар же фотондор торчону стимулдаганда, биз билген «жарык» пайда болот. (Hayalin Diğer Adı: Madde (Элестин башка бир аты: зат), s. 25)
Жыйынтыктасак, жарык көзүбүзгө келген кээ бир электромагниттик толкундар жана бөлүкчөлөр бизде пайда кылган таасир натыйжасында жаралууда. Б.а. сыртта мээбиздеги сүрөттөлүштү түзө турган бир жарык да жок. Энергия гана бар. Жана бул энергия көзүбүзгө жеткенде, биз түркүн түстүү, жаркыраган, жапжарык бир дүйнөнү көрөбүз. (Hayalin Diğer Adı: Madde (Элестин башка бир аты: зат), s. 26)
Жарык сыяктуу, түстөр да мээбизде пайда болот. Күндөн келген фотондор (фотондор – бул бөлүкчөлөр абалындагы энергия) бир нерсеге тийгенде, ар бир нерсе бул фотондорду ар кандай толкун узундугунда чагылтат. Бул ар түрдүү толкун узундугундагы фотондор көзгө жеткенде, торчо аймагында электрдик сигналга айлантылат. Андан соң бул электрдик сигналдар мээнин сүрөттөлүш борборуна жеткирилет. Ал жердеги нерв клеткалары электрдик сигналдарды «түс» катары кабылдашат. Бирок чыныгы дүйнөдө жарык да, түс да жок. Бул мээбиздин субъективдүү, биз үчүн атайын бир жоромолу. Көздүн түзүлүшүндөгү бир ката же башка жандыктардагы сыяктуу көздүн түзүлүшүнүн башкача болушу келген фотондордун башкача электрдик сигналдарга айлантылышына жана бир эле нерсенин ар башка көрүнүштөрдө кабылданышына (көрүнүшүнө) себеп болот.


Бул жөнүндө китептерибиздеги түшүндүрмөлөрүбүздүн кээ бирлери төмөнкүчө:
Биз төрөлгөндөн бери чөйрөбүздө түркүн түстүү бир дүйнөнү, түркүн түстүү бир чөйрөнү көрөбүз. Чынында болсо, ааламда бир түс дагы жок. Түстөр мээбиздин ичинде жаралат. Сыртта ар кандай узундуктагы толкундарга ээ электромагниттик толкундар гана бар. Көзүбүзгө жеткен нерсе – бул ар кандай толкун узундугундагы энергия. Жогоруда да айтылгандай, биз муну жарык деп атайбыз, бирок бул биз билгендей жаркыраган, айдың бир жарык эмес, энергия гана. Мээбиз бул ар түрдүү толкун узундугуна ээ энергияны жоромолдогондо, биз буларды «түстөр» катары көрөбүз. Чындыгында болсо, деңиздер көк эмес, чөптөр жашыл эмес, топурак күрөң эмес, мөмөлөр да түстүү эмес. Алар мээбизде ошондой кабылдаганыбыз үчүн гана ошондой. (Hayalin Diğer Adı: Madde (Элестин башка бир аты: зат), s. 26)
... Түстөр да, жарык да биздин мээбизде. Башкача айтканда, биз бир гүлдү кызыл болгону үчүн кызыл кылып көрбөйбүз. Биздин бир гүлдү кызыл көрүшүбүздүн себеби – торчого тийген энергиянын мээбиз тарабынан кызыл түс катары жоромолдонушу. (Hayalin Diğer Adı: Madde (Элестин башка бир аты: зат), s. 31)
Түс сокурдугу – түстөрдүн мээбизде пайда болгондугунун маанилүү далилдеринен. Белгилүү болгондой, көздөгү торчодо пайда болгон кичинекей бир бузулуу түс сокурдугуна себеп болот. Натыйжада көп адамдар жашыл менен кызылды бири-биринен айырмалай албайт. Бул абалда сырттагы нерсенин «түстүү» болуп болбошу маанилүү эмес. Себеби биз нерселерди алар түстүү болгону үчүн түстүү кылып көрбөйбүз. Бул жерден чыга турган жыйынтык төмөнкүдөй: нерселерге, заттарга тиешелүү деп ойлогон бардык сыпаттар «сырткы дүйнөдө» эмес, мээбизде. Биз эч качан сезүү органдарыбыздын сыртына чыгып, сыртка жете албаганыбыз үчүн заттардын же түстөрдүн бар же жок экенин биле албайбыз. (Hayalin Diğer Adı: Madde (Элестин башка бир аты: зат), s. 28-29)
 
 
 
Сиз мээңизде жыттаган гүлдөр
 
Көп адамдар жыттоо үчүн гүлдөргө жакындаганда, гүлдөрдүн жытын мурдум менен сезем деп ойлойт. Бирок башка бардык кабылдоолорубуз сыяктуу жыт да мээбиздин бир жоромолу. Жыт кабылдообуздун иштеши да башка сезүү органдарыбыздын иштешине окшош. Мисалы, гүлгө тиешелүү жыт молекулалары мурун каналынан ич тарапка кирген соң, эпителий аймагындагы кабылдагычтар тарабынан электрдик сигналга айлантылат. Бир катар процесстен соң мээге жеткен бул сигналдар мээдеги жыт сезүү борборлорунда гвоздика, роза же башка бир гүлдүн жыты катары сезилет. Ошол сыяктуу жасалма жолдор менен мээбизге тиешелүү сигналдар жөнөтүлсө, бул гүлдөр жок болсо да, жыттарын сезе алмакпыз.
13-кабат тасмасында да симуляция дүйнөсүндөгү каармандар жыттарды да абдан даана сезе алышууда. 1937-жылы бир китеп сатуучу катары жашаган мистер Гриерсон – тасмадагы улгайган Ханнон Фуллерге окшоштурулуп жасалган жасалма бир каарман. Ханнон Фуллер симуляция системасына туташканда, бул адамдын виртуалдык дүйнөдөгү денесин колдонуп, ошол жылдар дүйнөсүндө убакыт өткөрөт. 1937-жылдын музыкаларын угат, ал доордун бийлерин көрөт жана ал доордон бир социалдык чөйрө (дос-курбу) күтөт. Бирок системадан чыкканда, колдонгон денеси программанын бир шарты катары мурдакы жашоосун улантат. Ошондуктан, 1937-жылга тиешелүү симуляция дүйнөсүндөгү китеп сатуучу мистер Гриерсон ал убакыт аралыгында эмнелерди башынан өткөргөнүн толук эстей албайт жана эстегендерин элес (түш) сыяктуу элестетет. Бир сөзүндө жыт жөнүндө мындай дейт:
Мистер Гриерсон        : Ойгонгондо да дагы эле үстүмдөгү атыр жытын сезип жатам.
Дуглас Холл                : Чыныгыбы же элеспи?
Тасманын бул сахнасынан да көрүнүп тургандай, чындыгында атыр жыты жок болсо да, компьютер аркылуу жүктөлгөн маалыматтар аркылуу каармандар жытты да чындап сезе алышууда. Бул жөнүндө китептерибиздеги түшүндүрмөлөр төмөнкүдөй:
Жыт алуу борборунда пайда болгон таасирлерди сырттагы заттардын жыты деп ойлойбуз. Бирок, бир гүлдүн сүрөттөлүшү көрүү борборуңуздун ичинде болгону сыяктуу эле, ал гүлдүн жыты да жыт сезүү борборуңуздун ичинде... (Evrim Aldatmacası (Эволюция калпы), II. baskı, s. 205)
Жыттын бир элес экенин түшүнүүгө түштөрдү эстөө жардам берет. Адамдар түшүндө бүт нерселерди (сүрөттөлүштөрдү) толук реалдуу көргөн сыяктуу эле, бүт жыттарды да түшүндө чындап бардай сезишет. Мисалы, түшүндө ресторанга барган бир адам тамагын менюдагы тамактардын жытын сезүү менен жейт, деңиз жээгине сейилге чыккан адам деңиздин жытын сезет, гүл бакчага кирген адам сонун гүл жыттарынан ырахат алат. Же дагы бирөө атыр (парфюм) саткан дүкөнгө кирип, өзүнө атыр тандайт жана ал тургай атырлардын жыттарын бир-биринен бүт айырмалайт. Бүт баары ушунчалык реалдуу болгондуктан, ал адам уйкусунан ойгонгон соң буга таң калат. (Hayalin Diğer Adı: Madde (Элестин башка бир аты: зат), s. 36)
 
 
Көргөн, сезгендериңиз чыныгыдай
сезилиши үчүн «сырткы дүйнөнүн»
болушу шарт эмес
 
Алгачкы жолу кино экранын көргөн адамдар жогорку технология урматында көргөн нерселерин «чындык» деп ойлошуп, аларды көздөй келе жаткан поезд сүрөттөлүшүнөн паника болушкан. Учурда мындай таасир голограмма (үч өлчөмдүү сүрөттөлүш) пайда кылган атайын көз айнектер аркылуу алынууда. Бул көз айнекти таккан адамдар көргөн элестүү сүрөттөлүштү чындыктай көрүшүп, коркуу, толкундануу сыяктуу сезимдерге кабылышууда. Бул адамдар виртуалдык бир сүрөттөлүштү көрүп жатканын билишсе да, ошондо деле атайын жасалган бул чындыктай болгон дүйнөгө өздөрүн алдырышууда.
Мындай көрүнүш техникалык сапаттын кемчиликсиздигинен улам «чыныгы дүйнө» катары кабыл алган жашообузга да тиешелүү. 13-кабат тасмасында да техникалык кемчиликсиздиктин жаңылтышы мүмкүн экенине көңүл бурулган.
Тасмада 1937-жылы Эштон аттуу каарман симуляция системасынын куруучуларынын бири Ханнон Фуллер жазган жана окулбашы керек болгон бир катты окуу менен чындыгында виртуалдык бир дүйнөдө жашап жатканын билип калат. Ошол кезге чейин башынан өткөргөндөрүнүн эч чыныгы эмес экенин билгенде, алгач муну бир тамаша деп ойлойт, бирок кийинчерээк алар үчүн жасалган бул атайын дүйнөнүн аягы бар экенин түшүнгөндө ачууланат. Бирок анын реакцияларынын эч бири виртуалдык бир дүйнөдө жашап жатканы жөнүндөгү чындыкты өзгөртө албайт. Бир тараптан, системанын куруучуларынын бири Дуглас Холлдон чындыктарды айтып беришин талап кылса, экинчи тараптан ачуулуу мамилесин улантат. Алардын сүйлөшүүсү мындайча жүрөт:
Эштон               : Мен окуганымда, тамаша деп ойлогом. Дүйнө бир калп. Бул чындыкка окшошпойт! Бирок мен келесоо эмесмин, Холл мырза... «Дүйнөнүн аягына барба» жөнүндө жазылгандарды окудум.
Дуглас Холл     : Эмне деп жазылыптыр?
Эштон               : Катта жазылганды дал өзүндөй аткардым. Эч барбай турган бир жерди тандадым. Тюсконго барууга аракет кылдым. Эмнегедир ошол жакты тандадым. Эч элетке барган эмес элем. Унаамды алып, шаардын сыртына чыктым. Чөлдө 80 километрден ылдам бараткам. Белгилүү убакыттан соң жолдо бир гана мен калдым. Менден башка ысыктык жана чаң бар эле. Катта эмне деп турса жасадым: «жол белгилерине караба жана эч токтобо. Баррикадаларда да.» Бирок шаарга жакындап калышым керек болгон кезде бир туура эмес нерсени сездим. Эч бир кыймыл да, жандык да жок эле. Жымжырттык гана бар эле. Жана унаадан түштүм. Жана көргөн нерсем коркуудан жүрөгүмдү титиретти. Туура чыкты. Баары жалган эле. Чындык эмес эле.
Дуглас Холл     : Фуллер мага эмне үчүн симуляциянын чектерин жазмак эле? Мен аларды билем.
Эштон               : Суроолорду мен берем! Себебин билгим келет... Эми мага эмненин чындык экенин көрсөт. Бул чындыкпы? (атат) Бул чыныгы канбы?
Эштон жашап жаткан жеринин чындыгында виртуалдык бир дүйнө экенин билгенде, бул чындыкты кабыл алгысы келбейт. Ал тургай, муну далилдөө үчүн Дуглас Холлду атып, бутунан аккан кандын чыныгы болуп болбогонун сурайт. Бирок чынында болсо бир адам жараланганда да абал өзгөрбөйт. Себеби ал адамдын бутунан аккан кан, сезген оорусу же коркуу сезимдеринин баары элестер (кабылдоолор) гана. Ошондуктан бир адамдын коркуу, оору сыяктуу сезимдерди сезишин да сыртта материалдык (заттык) дүйнөнүн бар экенине далил катары көрсөтүүгө болбойт.
Бул бизге да тиешелүү. Биз мээбизде көргөн кабылдоолорубуздун заттык оригиналдары бар экенин эч качан далилдей албайбыз. Бул кабылдоолордун «жасалма» бир булактан келип келбегенин, же сырткы дүйнөдө заттык бир оригиналынын болуп болбогонун эч биле албайбыз. Себеби эмнени гана көрүп сезбейли, биз мээбиздин сыртына эч чыга албайбыз.
Бул темада ойлонбостон каршы чыккан кээ бир адамдар «бир жүк ташуучу унаанын алдына чыккан адам унаа сүзгөндө, зат элес же элес эмес экенин түшүнөт» деген сыяктуу сөздөрдү айтышат. Чынында болсо унаа сүзгөндө да баарын мээбизде сезебиз. Себеби унаанын көрүнүшү да, сүзүү сезими да, коркуп унаадан качуу да мээде ишке ашкан кабылдоолор. Ошол сыяктуу, бирөө сизди урса, колунун күчүн, жүзүңүздөгү оору сезимин, кызарып калганын да мээңизде сезип-көрөсүз.
Бул жөнүндө китептерибизде мындай түшүндүрмөлөрдү айтканбыз:
Каршы пикир: «Зат мээмдин сыртында бар. Бычакты бираз кыймылдатканда, колумда сезген оору, колумдун ачышышы, колумдан аккан кан – бир сүрөттөлүш эмес. Муну жанымдагы досум да көрдү.»
Жооп: Чынында бул теманы мындан мурунку каршы пикирлердин жоопторунда детальдуу караган элек. Бирок тема маанилүү болгондуктан, бул жерде дагы бир жолу жооп берүү пайдалуу.
Бул каршы пикирди айткандардын эң маанилүү жаңылыштыгы – бул алардын сүрөттөлүштөн башка, үн, жыт, тийүү сыяктуу сезимдердин да мээде пайда болгонун ойлонбошу. Ошондуктан «бычакты мээмде көрүп жаткан болушум мүмкүн, бирок бычактын курчтугу чындык, кара, колумду кести» деп айтышууда. Чынында болсо бул адамдын колундагы оору, аккан кандын ысыктык жана суюктук сезими жана башка бардык сезимдер мээсинде пайда болот. Жанындагы досунун бул окуяга күбө болушу бул чындыкты өзгөртпөйт, себеби досу да бычак менен бир эле жерде, тагыраак айтканда, мээсинин көрүү борборунда пайда болууда. Бул адам ушул эле сезимдерди, бычак менен колун кескенин, колундагы ооруну, кандын көрүнүшүн жана жылуулугун дал ушундай абалда түшүндө да жашашы мүмкүн. Колун кескенин көргөн досун да түшүндө көрүшү мүмкүн. Бирок досунун бар болушу бул көргөндөрүнүн түш эмес экендигинин бир далили болбойт.
Ал тургай, түшүндө колун кескен убакта бирөө келип, «бул көргөндөрүң бир элес, бул бычак чындык эмес, колуңдан аккан кан, сезген ооруларың да чындык эмес, булардын баарын азыр мээңде сезип жатасың» десе, бул адам ага ишенбейт жана каршы чыгат. Ал тургай, балким «Мен материалистмин. Мындай сөздөргө ишенбейм. Азыр көрүп жаткандарымдын баарын сезип жатам, кара, канды көрбөй жатасыңбы?» дейт.(Hayalin Diğer Adı: Madde (Элестин башка бир аты: зат), s.181-182)
... заттык дүйнөгө эч жете албайбыз. Биз тийген-көргөн нерселердин баары чындыгында көрүү, угуу, тийүү сыяктуу кабылдоолордун жыйындысы гана. Сезүү (кабылдоо) борборлорундагы маалыматтарды анализ кылган мээбиз өмүр бою заттын биздин сыртыбыздагы «өзүн (оригиналын)» эмес, мээбиздеги копияларын көрүп-сезет. (Zamansızlık ve Kader Gerçeği (Убакыттын жоктугу жана тагдыр), s. 49)
... компьютерден мээңизге өзүңүздүн көрүнүшүңүзгө тиешелүү электрдик сигналдарды да жөнөтүүгө болот. Мисалы, бир столдо отурганда сиз сезген бардык көрүү, угуу, тийүү сыяктуу сезимдериңиздин электрдик абалдарын (сигналдарын) мээңизге жөнөтсөк, мээңиз өзүн кабинетинде отурган бир ишкер элестетет. Компьютерден келген сигналдар токтотулмайынча, бул элестүү дүйнө улана берет. Бир мээден гана турганын болсо эч качан түшүнбөйт. Себеби мээнин ичинде бир дүйнө пайда болушу үчүн мээдеги тиешелүү борборлорго керектүү маалыматтардын келиши гана жетиштүү. Бул сигналдар жасалма бир булактан, мисалы бир маалымат сакталган каражаттан же башкача бир булактан келип жаткан болушу мүмкүн. (Zamansızlık ve Kader Gerçeği (Убакыттын жоктугу жана тагдыр), s. 28)
Төмөнкү диалогдо болсо Дуглас Холлдун симуляция туташуусу токтотулуп, чыныгы жашоосуна кайтышы берилген. Досу Уитни виртуалдык дүйнөдө Эштон деген адам катары аны өлтүрүүгө аракет кылат. Дуглас Холл виртуалдык дүйнөдө ушунчалык чындап корккондуктан, чыныгы жашоосуна кайтканда да, дагы эле өзүн коргоого аракет кылып жаткан болот. Ал тургай, өзүн коргоо үчүн досу Уитниге муштум урат.
Дуглас Холл     : Мени өлтүрүүгө аракет кылды.
Уитни               : Ким?
Дуглас Холл     : Эштон. Бул дүйнөнүн чындык эмес экенин билип калды. Бул долбоор, бул эксперимент. Адамдардын жашоосу менен ойноп жатабыз!
Уитни               : Тантып жатасың. Жаман бир сапар кылганыңды билем бирок...
Дуглас Холл     : «Жаман бир сапарбы»?Бул адамдар чындык. Сен экөөбүз сыяктуу чындык.
Уитни               : Ооба, аларды ушундай долбоорлогонубуз үчүн. Алардын баары бир ууч электрондук тармак гана.
Бул маек менен сахналардан да көрүнүп тургандай, бир адам өзүн реалдуу болбогон бир дүйнөдө чыныгы жашоодо жашап жаткандай сезиши мүмкүн. Дуглас Холл системаны долбоорлогон адамдардын бири болгонуна жана досу Уитни да көргөн адамдарынын электрондук тармак гана экенин эскертишине карабастан, буга ишене албай жатат. Бул адамдар өздөрү жасаган системасынын чындыкка окшоштугун талашып жатканда, чындыгында өздөрү да жасалма бир системанын ичинде жашап жатышкан болот. Бирок ал кезде муну билишпегендиктен, өздөрү турган дүйнөнү чындык деп ойлошот.
Китептерибизде да жасалма сигналдар менен адам өзүн чыныгы бир дүйнөдө жашап жаткандай сезиши мүмкүн экени жөнүндө көп айтылган. Булардын кээ бирлери мындай:
... заманбап технология менен жасалма сигналдар аркылуу жасалма сүрөттөлүштөрдү, башкача айтканда, жасалма бир дүйнөнү жасоого болот. Бул жасалма сүрөттөлүштөрдүн чындыктан эч айырмасы жок экендигин башынан өткөргөн адамдар айтышууда. Андай болсо биз да дайыма «жашоо сүрөттөлүшүндө» көрүп, сезип жаткандарыбыздын сөзсүз нерселердин «оригиналдары» экенин эч айта албайбыз. Себеби бул кабылдоолорубуздун булагы такыр башка бир булак болушу мүмкүн. (Hayalin Diğer Adı: Madde (Элестин башка бир аты: зат), s.72)
Мээге баруучу нервдер үзүлгөндө, мээде эч бир сүрөттөлүш пайда болбойт. Мындай учурда адам «сыртта көргөн сүрөттөлүштөрүмдүн оригиналдары бар» деп айтышынын эч бир мааниси калбайт, себеби мындай оригиналдары «бар болсо да» эч качан көрө албайт. (Hayalin Diğer Adı: Madde (Элестин башка бир аты: зат), s.180)
 
 
Элестин ичинде элести көрүү
 
Тасманын аягына жакын көрүүчүлөр дагы бир таң калыштуу чындыкка кезигишет. Системаны долбоорлогон жана симуляцияга туташып, виртуалдык дүйнөлөрдө өмүр сүргөн каармандардын чыныгы денелери 2024-жылда болот. Дуглас Холлдун 1999-жылы Лос-Анджелесте өтүп жатат деп ойлогон жашоосу да чындыгында бир элес. Б.а. элестин ичинде бир элести жашап жаткан болот.
Муну түштүн ичинде түш көрүүгө да окшотууга болот. Түштө да эч бир материалдык реалдуулук болбогонуна карабастан, абдан реалдуу сезимдерди сезип, ал тургай, күнүмдүк жашообуздун бир бөлүгү катары уктап ойгондук деп ойлошубуз мүмкүн. Ал тургай, түшүбүздүн ичинде көргөн түшүбүздүн канчалык реалдуу экенин түшүбүздөгү досторубузга айтып беришибиз мүмкүн.
Натыйжада бизге жасалма сигналдар менен элестерди көрүп, кийин муну байкадык деген сезим келиши ыктымал. Тасмада ушул сыяктуу бир чындыкка туш болгон Дуглас Холл буга абдан таң калат.
Дуглас Холл     : Ушул сыяктуу канча симуляция дүйнөсү бар?
Джейн Фуллер : Миңдеген... Бирок сеники симуляция ичиндеги симуляция болгон жалгыз дүйнө. Эч биз күтпөгөн нерсе.
 
 
Денеңиз да мээңизде пайда болгон
бир сүрөттөлүш
 
Кээ бир адамдардын өз денесине тийе алышы, манжасын кесип алганда оору сезиши, денесинин кээ бир муктаждыктарын камсыздап жатышы бул адамдарга «денемдин материалдык (заттык) абалын көрүп-сезип жатам» деген сезимди бериши мүмкүн. Чынында болсо, башка нерселер сыяктуу адамдын өз денеси да бир элес жана адамдын өзү өз денесинин заттык реалдуулугуна эч качан жете албайт. Мисалы, бир адам манжасын кесип алганда колунун ачышышы да бир элес. Же курсагы ачып тамак жегенде сезген тойуу сезими да бир элес. Адамдын мээсине сырттан берилген жасалма сигналдар мындай тойуу сезимин тамак жебестен да пайда кылышы мүмкүн. Ушул себептен адам эч качан денесинин материалдык (заттык) абалда чындап бар экенин так биле албайт. Ооруларды сезген, бир нерсеге тийген, бул жазууну окуп түшүнгөн – бул адамдын руху.
Муну мындайча да ойлонууга болот: азыр сиз окуп жаткан китеп сизден болжол менен 30 сантиметрдей алыста көрүнөт. Айланаңызда дубал, терезе жана эшиктин болушу, жерден белгилүү бир бийикте отургучта отурушуңуз, алдыңызда стол турушу сизге бөлмөнүн ичинде бир жерде отургандай сезим бериши мүмкүн. Чындыгында болсо, өзүңүздү кабылдаган дүйнөңүздүн ортосуна коюшуңуз – кайра эле сизге мээңиз түзүп берген бир иллюзия (элес). Ушундай иллюзиянын натыйжасында сиз дүйнөнүн ичиндемин деген сезимге ээ болосуз. Бирок чындык толугу менен тескерисинче; бүт нерсе сиздин ичиңизде.
Берилген кадрларда симуляциянын ичинде бир симуляция каарманы болгон Эштон чындыктарды билген соң Дуглас Холл менен сүйлөшүүдө. Эштон жылдар бою чындык деп ойлоп бир элести жашаганына таң калып жаткан болот. Бирок бул виртуалдык дүйнөнү курган Дуглас Холл да ушундай сезимдерди сезет; себеби ал да башка бир виртуалдык ааламдын бөлүгү.
Дуглас Холл     : Жок Эштон... Мен да дал сен сыяктуумун. Бир ууч электрдик тармак.
Эштон               : Эмне дегиң келип жатат?
Дуглас Холл     : Баары туман менен күзгү. Сенин дүйнөңдөгү сыяктуу Эштон. Компьютер симуляциясынан башка эч нерсе эмеспиз.
Эштон               : Бирок катта – Баары жасалма бекен?
Дуглас Холл     : Кат мага жазылган. Фуллер менин дүйнөм жөнүндө айткан.
Эштон                          : Ошондо сен эмне деп жатасың? Бул дүйнөнүн үстүндө башка бир дүйнө бар дейсиңби?
Дуглас Холл     : Ооба.
Эштон               : Түшүнбөй жатам.
Дуглас Холл     : Фуллер түшүнгөн.
Заттык реалдуулугу жок бир дүйнөдө, элестүү бир дене менен жашап жатканын түшүнгөн каармандар көргөн, башынан өткөргөндөрүнүн баарынын өздөрүнүн эркинде эмес экенин түшүнүшөт. Тасманын башка бир сахнасында бул жөнүндө мындай дешет:
Дуглас Холл     : ... Булардын бирөөсү да чыныгы эмес. Токту үзгөнүңдө мен жоголом. Айткан нерселеримдин, кылган нерселеримдин эч мааниси калбайт.
Тасмада симуляциянын бир бөлүгү экенин түшүнгөн каармандар бүт башынан өткөргөндөрүнүн алардын эркинен тышкары болуп жатканын, бүт нерсенин виртуалдык дүйнөнү жасаган адамдын башкаруусунда экенин түшүнүшөт.
Биздин абалыбыз да тасмадагы каармандардын абалына окшоп кетет. Биз жашап жаткан дүйнөдө бүт нерсе Аллахтын башкаруусунда, жана бүт детальдардын баары бул дүйнө сыноосунун бир бөлүгү катары жаратылган. Өмүр бою көргөн бүт окуяларын, уккан бардык үндөрүн Аллах анын мээсинде бир сүрөттөлүш катары жаратканын билген бир адам коркуп, жөн эле сыгылып кайгырып, паника болуунун ордуна, баарыбыздын Жаратуучубуз болгон чексиз мээримдүү жана боорукер Аллахка тобокел кылат (өзүн жана иштерин тапшырат).
Бул жөнүндө китептерибизде орун алган төмөнкү жоромолдорду эске салуу максатка ылайык:
Адамдар өмүр бою туш болгон бардык кыйынчылык жана азапка себеп болгон окуялар да чындыгында мээлеринин ичинде болууда. Бул чындыкты билген бир адам алдынан чыккан ар бир окуяга сонун сабыр кылат. Аллахтын бүт нерсени артын кайырлуу (аягын жакшы) кылып жаратканын билет жана тобокелдүү болот. (Hayalin Diğer Adı: Madde (Элестин башка бир аты: зат), s. 117)
... Аллах ар бир адамга окуяларды өзгөртүү, өз чечими жана тандоосу менен кыймыл-аракет кылуу мүмкүнчүлүгү бардай бир сезим берет. Мисалы, адам суу ичкиси келгенде бул үчүн «тагдырымда бар болсо ичем» деп отуруп күтпөйт. Ал үчүн ордунан туруп, чыныны алат жана суусун ичет. Чындап эле тагдырында аныкталган чыны менен, тагдырда аныкталган көлөмдө суу ичет. Бирок буларды жасап жатканда өз эрки жана каалоосу менен жасап жаткандай бир сезимде болот. Жана өмүр бою ар бир кылган ишинде ушундай сезимде болот. Аллахка жана Аллах жараткан тагдырга моюн сунган бир адам менен бул чындыкты түшүнө албаган бир адам арасында мындай айырма бар: өзүн тапшырган адам өзүм жасап жатам деген сезимде болсо да, булардын баарынын Аллахтын каалоосу менен кылганын билет. Берки адам болсо ар бир кылганын өз акылым жана күчүм менен кылып жатам деп ойлоп жаңылат. (Hayalin Diğer Adı: Madde (Элестин башка бир аты: зат), s. 144-145)
... Асмандардагы жана жердегилердин баары Аллахтыкы жана Анын көрүнүшү. Жалгыз абсолюттук Зат – бул Аллах, жана Аллах жараткан башка жандыктар, нерселер абсолюттук эмес, сүрөттөлүштөр гана. Аллах жараткан сүрөттөлүштөрдү көргөн «мен»дер, б.а. адамдар – Аллахтан бир рухтар.
Бул илим жана чоң сырды түшүнгөндө, адамдардын аң-сезими туптунук абалга келип, алардын үстүндөгү руханий туман жоголот. Муну түшүнгөндүн баары Аллахка чын көңүлдөн моюн сунуп, Аллахты абдан сүйөт жана Андан абдан коркот... Бул улуу чындыкты түшүнгөндөр жаңы көз-карашка ээ болуп, жапжаңы бир жашоону башташат. (Hayalin Diğer Adı: Madde (Элестин башка бир аты: зат), s. 101)

Комментариев нет:

Отправить комментарий