вторник, 26 ноября 2013 г.

АВТОР ЖАНА ЭМГЕКТЕРИ ЖӨНҮНДӨ

 
 

Эмгектеринде Харун Яхья атын колдонгон автор (Аднан Октар) 1956-жылы Анкарада (Түркия) төрөлдү. Башталгыч, орто мектеп жана лицейди Анкарада бүтүрдү. Андан соң Стамбул Мимар Синан университетинин Көркөм өнөр факультетинде жана Стамбул университети Философия бөлүмүндө билим алды. 1980-жылдардан бери ыйман, илимий жана саясий темаларда көптөгөн эмгектер даярдады. Мындан тышкары, автордун эволюция теориясынын жактоочуларынын алдамчылык ыкмаларын, алардын жактаган нерселеринин (эволюция теориясынын) туура эместигин жана Дарвинизмдин кандуу идеологиялар менен болгон караңгы (жашыруун) байланыштарын ортого койгон абдан маанилүү эмгектери бар.

Харун Яхьянын эмгектери дээрлик 30000 сүрөттү камтыган жалпысы 45000 беттик бир эмгектер жыйнагынан турат жана бул эмгектер жыйнагы дүйнөнүн 60 тилине которулган.

Автордун эмгектеринде колдонгон аты чындыктан баш тартуучу пикирлерге каршы күрөшкөн эки пайгамбардын урматына, алардын атын эскерүү үчүн Харун (Муса пайгамбардын жардамчысы) жана Яхья (Иса пайгамбардын жардамчысы) аттарынан куралган. Автор тарабынан китептеринин сыртында колдонулган Расулуллахтын мөөрүнүн колдонулушунун символикалык мааниси – китептердин мазмуну менен байланыштуу. Бул мөөр Курани Керимдин Аллахтын акыркы китеби жана акыркы сөзү, Пайгамбарыбыз (С.А.В.)дын да хатем-ул анбия экендигин көрсөтөт. Автор жарыкка чыккан бардык эмгектеринде Куранды жана Расулуллахтын (С.А.В.) сүннөтүн өзүнө жол көрсөткүч кылууда. Ушундай жол менен баш тартуучу философия системаларынын бардык негизги жактаган нерселерин бир бирден жыгууну жана динге каршы багытталган каршы пикирлерди толугу менен оозун жабуучу «акыркы сөздү» айтууна максат кылууда. Абдан терең акыл (хикмат) ээси жана идеалдуу инсан Расулуллахтын (С.А.В.) мөөрү бул акыркы сөздү айтуу ниетинин бир дубасы катары колдонулуп келүүдө.

Автордун бардык эмгектериндеги орток, негизги максат – Куранга чакырууну бүт дүйнөгө жеткирүү, мындай жол менен адамдардын Аллахтын бар экендиги, жалгыздыгы жана акырет сыяктуу негизги ыйман темалары жөнүндө ой жүгүртүүлөрүнө түрткү болуу жана чындыктан (Аллахтан) баш тартуучу системалардын чирик фундаменттерин жана туура эмес иш-аракеттерин ачыкка чыгарып, адамзатка көрсөтүү.

Харун Яхьянын эмгектери Индиядан Америкага, Англиядан Индонезияга, Польшадан Босния-Герцоговинага, Испаниядан Бразилияга чейин дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө жактырылуу менен окулууда. Англис, француз, немец, италия, испан, португалия, урду, арап, албания, орус, босния, уйгур, индонезия тилдери сыяктуу көптөгөн тилге которулган бул эмгектер Түркия сыртында да көптөгөн китеп окуучулар тарабынан окулуп келүүдө.

Дүйнөнүн бардык тараптарында окурмандардын көңүлүнөн орун алган бул эмгектер көптөгөн адамдардын ыйманга келишине, башкаларынын ыйманынын тереңдешине себепчи болууда. Китептерди окуп, анализдеген ар бир адам бул эмгектердин терең акыл, кыска-нуска, оңой түшүнүлө турган жана чын жүрөктөн чыккан сөздөр экендигин, акыл жана илимге таянгандыгын байкашууда. Бул эмгектер – ылдам таасир берүү, так натыйжа жаратуу, талашсыз жана толук илимий болуу өзгөчөлүктөрүнө ээ. Бул эмгектерди окуган жана булар жөнүндө терең ойлонгон адамдар материалисттик философия, атеизм жана ар кандай адашкан ой-пикир жана философиялардын чындыктан алыс экенин байкай алышат. Муну түшүнгөндөн кийин материализмди жактагандар ызалык, өжөрлүктөрү айынан гана жакташат, себеби илимий тараптан материализм жокко чыгарылды. Заманыбызда бардык чындыктан баш тартуучу агымдар Харун Яхья эмгектеринен илимий, идеялык жактан толук жеңилген абалда.

Шек жок, мындай өзгөчөлүктөр – Курандын терең мазмундуулугу жана өзгөчө баяндоосунун натыйжасы. Автор бул эмгектери менен мактанууну максат кылбайт, жалаң гана Аллахтын адамдарды туура жолго салуусуна себепчи болуу ниетинде. Мындан тышкары, бул эмгектердин жарыкка чыгып, таралышында акча табуу максат кылынбайт.

Бул чындыктарды эске алсак, адамдардын байкабаган чындыктарды байкашын камсыз кылган, алардын туура жолду табышына жардамчы болгон бул эмгектерди окууга үндөөнүн абдан маанилүү бир кызмат экендиги жакшы түшүнүктүү болот.

Бул баалуу эмгектерди таанытуу ордуна, адамдардын башын айланткан, пикирлерде кайчылаштыктар, күмөндөр жараткан, ыйманды куткарууда күчтүү жана так бир таасири болбогон демейки, монотондуу китептерди жайылтуу эмгек жана убакыт жоготуусуна алып келет. Негизги максат ыйманды куткаруу эмес, автордун адабий күчүн көрсөтүү болгон эмгектердин күчтүү таасирдүүлүккө жетиши кыйын. Бул бойунча шектенүү жаралгандар бар болсо, Харун Яхьянын эмгектеринин максатынын динсиздик менен күрөшүү жана Куран ахлагын жайуу гана экендигин бул кызматтын таасири, ийгиликтери жана окурмандардын ыраазы болгонунан байкашса болот.

Дүйнөдөгү зулум жана баш аламандыктар, Мусулмандар көрүп жаткан азаптардын негизги себебинин динсиздик пикирлеринин дүйнөдөгү өкүмчүлүгүнүн натыйжасы экендигин билүү зарыл. Бул абалдан кутулуу үчүн динсиздикти илим менен жеңүү, ыйман акыйкаттарын, чындыктарын ортого койуу жана Куран ахлагын адамдар түшүнө ала турган деңгээлде түшүндүрүү зарыл. Зулумдук, согуштар күчөгөн азыркы күндө бул кызматтын колдон келишинче ылдам болушу айдан ачык. Болбосо кеч болуп калышы мүмкүн.

Бул маанилүү кызматта алдыңкы ролду аркалаган Харун Яхья эмгектери, Аллахтын буйругу менен, XXI кылымда дүйнө инсандарын Куранда сүрөттөлгөн бейпилдик жана тынчтыкка, чынчылдык жана адилеттүүлүккө, сулуулук жана бактылуулукка жеткирүүгө бир себепчи болмокчу.

ЖЫЙЫНТЫК: ЖАЛГЫЗ АБСОЛЮТТУК ЗАТ – АЛЛАХ

Китептин башынан бери тасмалардан, илимий жана технологиялык өнүгүүлөрдөн мисалдарды берүү менен түшүндүрүлүп берилген бул тема адамдардын дүйнөгө болгон көз-караштарына тереңдик берип, руханий абалына оң таасир эткендиктен абдан маанилүү. Бизге сырттагы материалдык дүйнөнүн оригиналын көрүп-кармай албастан жашап жатканыбызды жана жашообуздун бир тасма кадрлары сыяктуу экенин көрсөткөн бул чындыктар ошол эле учурда бул тасманын актеру да, көрүүчүсү да экенибизди далилдөөдө.
Зат –биз көрсөк да, көрбөсөк да- сыртта бар. Бирок биз заттын оригиналына эч качан жете албайбыз. Ошондуктан зат биз үчүн элес катары бар. Апачык далилдерге карабастан, заттын сырттагы оригиналын көрүп-кармап жатам деп ишенүү болсо жогорудагы тасмаларда мисал келтирилгендей, бир тасмадагы же бир компьютер оюнундагы виртуалдык каармандардын чындыгында материалдык бир дүйнөдө жашап жатабыз деп ишенишине окшошот. Же түшүбүздө көргөн дүйнөнүн, адамдардын, буюмдардын материалдык оригиналы бар деп ойлошубуз сыяктуу бир логика болот.
Анда башынан бери заттын чыныгы жүзү жөнүндө айтып берилген бул чындыктар бизге эмнени көрсөтүүдө? Булардын баары бизге эң биринчиден төмөнкү суроолордун жообун ойлондурушу зарыл:
Капкараңгы бир жерде бир көзгө, торчого, карекке, көз нервдерине, көздүн чечекейине муктаж болбостон, электрдик импульстарды түркүн түстүү бир бакча кылып көргөн, бул көргөн пейзаждан ырахат алган ким?
Же эч кандай үн кирбеген мээде бир кулакка муктаж болбостон, электрдик импульстарды сүйгөн обону катары уккан, андан ырахат алган ким?
Мээнин ичинде бир колго, манжаларга, сөөктөргө муктаж болбостон, кездеменин жумшактыгын сезген ким?
Ысык, суук, форма, тереңдик, алыстык сыяктуу тийүү сезимдерин оригиналынын өзүндөй абалда мээде ким жашап жатат?
Эч кандай жыт кире албаган мээнин ичинде ар түрдүү гүлөрдүн ким айырмалап жатат же болбосо жактырган тамагынын жытын сезгенде аппетити ачылган ким?
Мээнин ичинде пайда болгон бул сүрөттөлүштөрдү, бир телевизор экранынан көрүп жаткан сыяктуу көргөн, бул көргөн нерселерине сүйүнгөн, кайгырган, толкунданган, ыраазы болгон, паникага кабылган, кызыгуусу жаралган ким? Жана бул сүрөттөлүштөрдү караган, ойлонгон, жыйынтык чыгарган, чечим кабыл алган аң-сезимдүү жандык ким?
Булардын баарын кабылдаган, аң-сезимди түзгөн жандыктын аң-сезимсиз атомдордон турган, суу, май, протеин сыяктуу заттардан түзүлгөн мээ эмес экени анык. Акылы жана абийири бар ар бир адам өмүр бою башына келген ар бир окуяны мээсинин ичиндеги экрандан көргөн нерсенин (жандыктын) «руху» экенин оңой эле түшүнөт. Ар бир адам көзгө муктаж болбостон көрө алган, кулакка муктаж болбостон уга алган, мээге муктаж болбостон ойлоно алган бир рухка ээ.
Рух көрүп, угуп, даамдап, сезген кабылдоолор ааламын жараткан жана дайыма жаратууну уланткан болсо – бул Улуу Аллах.
 
 
Бүт адамдар мээлериндеги копия
сүрөттөлүштөрдү көрөөрүн билсе
кандай чөйрө болот?
 
Заттын оригиналын көрбөшүн, Аллах аларга көрсөткөн сүрөттөлүштөр менен гана жашап жатканын билген адамдардын бүт жашоосу, жашоого көз-карашы жана баалуулуктары өзгөрөт. Бул адам үчүн да, коом үчүн да пайдалуу бир өзгөрүү болот. Себеби бул чындыкты көргөн адам Аллах Куранда билдирген ыймандуунун жогорку адеп-ахлагына эч кыйналбастан жетет.
Дүйнөгө маани бербеген, заттын элес экенин түшүнгөн адамдар үчүн эң маанилүүсү руханий байлык болот. Аллахтын дайыма аны угуп жана көрүп турганын билген, кылган ар бир иши үчүн акыретте сурак берээрин түшүнгөн бир адам өзүнөн-өзү сонун адеп-ахлактуу болот, Аллахтын буйрук жана тыйууларын бекем аткарат. Натыйжада коомдо бүт адамдар бири-бирин сүйүп, урматташат, жакшы жана сонун иш-аракеттерде бири-бири менен жарышат. Адамдар арасындагы баалуулуктар өзгөрөт, зат (материя) маанисин жоготот, натыйжада адамдар арасындагы жогорулук бийлик жана байлыкка жараша эмес, ахлакка жана такыбага (Аллах коркуусуна) жараша болот. Эч ким элес болгон нерселердин артынан чуркабайт, бүт адамдар чындыктын артынан жүрөт. Адамдар «ким эмне деп ойлойт?» деп ойлонбойт, «Аллах эмне кылсам, менден ыраазы болот?» деген ой менен аракет кылат. Мал, мүлк, кызмат жана бийликтен пайда болгон бой көтөрүү, көбүү, өзүмчүлдүк сезимдеринин ордун жөнөкөйлүк жана алсыздыгын толук түшүнүү сезимдери ээлейт. Натыйжада адамдар Куранда айтылган сонун ахлак өзгөчөлүктөрүн сүйүп жана каалап жашашат. Мындай өзгөрүүлөр болсо бүгүнкү күндөгү коомдордун көптөгөн маселелерин чечет.
Кичинекей кызыкчылыгы үчүн да ачууланган, мушташка жулунган адамдардын ордун ар бир көргөнүнүн элесин көрүп жатканын билген, ошондуктан ачуулануу, кыйкырып өкүрүү сыяктуу реакциялардын аны уят кылаарын түшүнгөн адамдар ээлейт. Мунун себебинен адамдарда жана коомдордо бейпилдик жана ишенимдүүлүк өкүмчүлүк кылат, бүт адамдар жашоосунан жана ээ болгон нерселеринен ыраазы болот. Мына адамдардан жашырылган бул чындыктын адамдарга жана коомдорго тартуулай турган немат-жакшылыктардын кээ бирлери ушулар. Бул чындыкты билүү, ойлонуу жана жашоо менен бирге адамдар дагы көптөгөн сонундарга жетишет. Бул кооздуктарга жетүүнү каалагандар болсо бул улуу чындыкты жакшылап ойлонушу жана түшүнүүгө аракет кылышы зарыл. Аллах бир аятында мындайча билдирет:
 
Чындыгында, силерге Жаратуучуңардан (Раббиңерден) парасат (терең акыл) келди. Ким парасат менен байкаса өзүнө пайда, ким көр болсо (көргүсү келбесе) өзүнө зыян... (Энъам Сүрөсү, 104)
 
 
Бүт жалган философиялар сыяктуу
материализм да кыйрады
 
Материализм адамзат тарыхы боюнча болуп келген жана бул философиянын жактоочулары затты өздөрүнчө далил сыяктуу карашып, аларды жоктон бар кылган, жок кезинде аларга жан берген, жашай ала турган бир аалам жараткан Аллахка ишенбей келишет. Бул жерде апачык далилдери менен түшүндүрүлгөн чындыктар алардын философияларын тамырынан жыгып, жок кылууда, талаш-тартыш жасоого эч мүмкүнчүлүк калтырбоодо. Ошентип, болгон ойлорун, жашоолорун, бой көтөрүүлөрүн жана баш тартууларын таяндырган зат алардын колунан бир заматта учуп кетти. Ал тургай, материалист илимпоздор жасаган изилдөөлөрү натыйжасында бүт көргөн нерселеринин чынында алар ойлогондой эмес экендигин, тескерисинче мээде пайда болгон сүрөттөлүштөрдү көрүп жатканын далилдөө менен материалисттик ишенимге өз колдору менен сокку урушту.
21-кылым – бул чындык бүт адамдар арасында жайыла турган, материализм болсо жер бетинен өчүрүлө турган тарыхый бир бурулуш чекити. Материалисттик философиялардын таасиринде калып, затты абсолюттук нерсе деп ойлогон кээ бир адамдар эми өздөрүнүн элес экенин, жалгыз абсолюттук Заттын Аллах экенин,Аллахтын Затынын бүт жерди ороп-курчаганын түшүнүштү. Бул чындык аяттарда мындайча кабар берилет:
 
Аллах... Андан башка илах (сыйынууга татыктуу зат) жок. Ал – тирүү, Кайуум. Аны уйкусуроо жана уйку тартпайт. Асмандарда жана жерде эмне бар болсо, баары Аныкы. Анын уруксаты болбостон, Анын кабатында шапаат кылуучу ким? Ал алдыңардагыны жана артыңардагыны билет. (Алар болсо) Ал каалагандан сырткары, Анын илиминен эч нерсени түшүнүп-аңдай алышпайт. Анын күрсүсү бардык асмандарды жана жерди курчап турат... Ал – абдан улук, абдан бийик. (Бакара Сүрөсү, 255)
 
Аллах чындап Өзүнөн башка Кудай жок экенине күбөлүк келтирди; периштелер менен илимдүүлөр да Андан башка Кудай жок экенине адилеттик менен күбөлүк келтиришти. Азиз жана Хаким болгон Андан башка Кудай жок. (Али Имран Сүрөсү, 18)
 
Ал Аллах, Андан башка Кудай (Илах) жок. Башта да, аягында да мактоолор Ага тиешелүү. Өкүм Ага тиешелүү жана Ага кайтарыласыңар. (Касас Сүрөсү, 70)
 
 
 
СЫРТТА ЗАТ БАР, БИРОК БИЗ
ЗАТТЫН ОРИГИНАЛЫНА ЖЕТЕ АЛБАЙБЫЗ
 
Китептин башынан бери заттын оригиналына эч качан жете албашыбыз жана заттын биз үчүн бир элес гана экендиги жөнүндөгү чындыкка токтолдук. Бирок «зат – бул элес» деп айтуу «зат жок» деген мааниге келбейт. Тескерисинче, биз көрсөк да, көрбөсөк да заттык бир дүйнө бар. Бирок биз бул дүйнөнү мээбиздин ичинде бир копия –башкача айтканда, кабылдоолорубуздун жоромолу катары- көрөбүз. Ошондуктан, зат – биз үчүн элес.
Ошондой эле, сыртта заттын бар экенин бизден башка көргөн жандыктар да бар. Аллахтын периштелери, жазып туруучу катары милдеттендирген элчилери да бул дүйнөгө күбө болушууда:
 
Анын оң жана сол тарабында отурган эки жазуучу жазып жатканда, Ал сөз катары (эмне гана) айтпасын, сөзсүз жанында даяр бир көзөмөлчү бар. (Каф Сүрөсү, 17-18)
 
Эң негизгиси, эң башта Аллах бүт нерсени көрүүдө. Бул дүйнөнү бүт детальдары менен бирге Аллах жараткан жана Аллах толугу менен көрүп турат. Куран аяттарында мындайча кабар берилет:
 
... Аллахтан коркуп (күнөөдөн) сактангыла жана билип койгула, Аллах кылгандарыңарды көрүүчү. (Бакара Сүрөсү, 233)
 
Айт: «Мени менен араңарда күбө катары Аллах жетиштүү; шексиз Ал пенделеринен толук кабардар, көрүүчү.» (Исра Сүрөсү, 96)
 
Ошондой эле, Аллахтын бүт окуяларды «Левхи Махфуз» аттуу китепте сакталуу тутканын унутпаш керек. Биз көрбөсөк да булардын баары Левхи Махфузда бар. Бүт нерсенин Аллах Кабатында Левхи Махфуз деп аталган «Негизги Китепте» сакталуу экени мындайча билдирилүүдө:
 
Шек жок, ал – Биздин кабатыбызда болгон Негизги Китепте; абдан бийик, өкүм жана хикмат (терең акыл) толо. (Зухруф Сүрөсү, 4)
 
...Кабатыбызда (булардын баарын) сактап-коруган бир китеп бар. (Каф Сүрөсү, 4)
 Асманда жана жерде апачык болгон китепте (Левх-и Махвузда) орун албаган жашыруун эч нерсе жок. (Немл Сүрөсү, 75)

ЗАТТЫН ЧЫНЫГЫ ЖҮЗҮ ЖӨНҮНДӨГҮ ИЛИМИЙ ЖЕТИШКЕНДИКТЕР

Голограммалык бир дүйнөдө
жашап жатабызбы?
 
Дүйнөнүн эң атактуу илимий журналдарынын бири New Scientist аттуу журнал 2002-жылдын 27-июньдагы санынын сырткы бетинин чоң темасында окурмандарына маанилүү бир илимий өнүгүүнү кабарлаган. J. R. Minkel тарабынан жазылган макала «Жасалма аалам» деген тема менен жана «Эмне үчүн баарыбыз бир голограмманын ичинде жашап жатабыз?» деген сырткы беттеги тема менен жарык көргөн. Бул макалада айтылган илимий жыйынтык кыскача мындай: дүйнөнү бир нурлар катары кабылдайбыз, ошондуктан бул кабылдоолорго карап, затты абсолюттук чындык деп ойлоо чоң жаңылыштык болот. New Scientist илимпоз Минкельдин (J. R. Minkel) бул маанилүү тема жөнүндөгү төмөнкү сөзүнө орун берген:
Азыр бир журнал кармап турасыз, муну катуу бир зат катары кабылдайсыз жана сиз мунун ааламда өз алдынча (өзүнчө көз-карандысыз) турганын көрүп жатасыз. Айланаңыздагы буюмдар да ушул сыяктуу, балким бир кружка кофе же бир компьютер,баары сыртта чындап бар сыяктуу көрүнүүдө. Бирок алардын баары болгону элестер гана.
Минкель макаласында кээ бир илимпоздордун бул көз-карашты «бүт нерсенин теориясы» деп аташканын айтат. Ошондой эле, Минкель илимпоздор тарабынан «бүт нерсенин теориясынын» ааламдын түзүлүшүн түшүндүрүүдө алгачкы баскыч катары кабыл алынганын билдирген.
Аталган журналда жарык көргөн бул макала – ааламды мээбизде бир элес катары кабылдашыбызды, ошондуктан биздин заттын оригиналын көрүп-сезбешибизди түшүндүргөн илимий бир булак.
 
 
Илимпоздор жасалма сигналдар аркылуу
иштебей калган сезүү органдарын иштетишүүдө
 
Американын атактуу актуалдуу журналы Time'дын 2002-жылдын 11-мартындагы санында «Дененин электрдик тогу» темасы менен жарык көргөн макалада маанилүү бир илимий өнүгүү орун алган. Бул макалада илимпоздордун компьютер чиптерин адамдын нерв системасы менен бириктирүү аркылуу сезүү органдарын айыктырууда колдонушканы айтылган.
Европа, Америка жана Япониядан изилдөөчүлөр иштеп чыккан жаңы ыкма менен сокур адамга көрүү сезимин, шал оорулуусуна кайрадан кыймылдоо жөндөмүн берүүнү максат кылышкан. Оорулуулардын денелерине электроддор жайгаштырылып, жандуу кыртыштар менен силикон чиптер бириктирилген протез бөлүктөрүн колдонуу менен бул максаттарына белгилүү деңгээлде жете алышкан.
Мисалы, бир кырсыктын натыйжасында мойуну сынган Holgersen аттуу бир Даниялыктын далылары, сол колун жана сол билеги бир аз гана кыймылдап, мойундан ылдый жагы толугу менен шал эле. Белгилүү болгондой, шал мойун менен жүлүндүн жабыркашынан болот, себеби мээ менен булчуңдар арасында кыймылдаган нерв жолу зыян көргөн же тосулуп калган болот. Денеден мээге баруучу сигналдарды жеткирүүчү нервдер менен мээден дене булчуңдарына буйруктарды ташуучу нервдер арасындагы маалымат агымы токтоп калат. Бул оорулууга нервдик бир протезди жайгаштыруу менен мээден келген сигналдарды жүлүндүн жабыркаган жерлеринен аттатып өткөрүү жана натыйжада кол менен буттарды бираз кыймылга келтирүү максатталган.
Оорулуунун сол колуна негизги функцияларды кайтаруу үчүн буюмдарды кармоого жана койо берүүгө жараган бир система колдонулган. Операция менен сол колунун үстүңкү жагына, колунун баш жагына жана көкүрөгүнө ар бири тыйындай чоңдуктагы сегиз ийкемдүү электрод кармоону башкарган булчуңдарга операция менен туташтырылган. Бул электроддор андан соң абдан ичке кабельдер менен көкүрөккө жайгаштырылган жана нерв системасына таасир берген бир сигнал берүүчүгө туташтырылган. Бул сигнал берүүчү болсо оорулуу бир аз кыймылдата алган оң далысына жайгаштырылган бир калыпты-аныктоо элементине туташтырылган.
Мунун натыйжасында мындай болду: оорулуу бир чыныны көтөргүсү келгенде, оң далысын жогору көтөрөт. Бул кыймыл калып-аныктоочудан көкүрөктөгү сигнал берүүчүгө электрдик сигнал жөнөтөт. Бул сигнал берүүчү болсо сигналды колундагы жана бутундагы булчуңдарды көздөй өткөрөт. Мунун натыйжасында булчуңдар жыйрылып, сол кол жумулат. Чыныны койо бергиси келгенде болсо оң далысын төмөн кылат, натыйжада сол колу ачылат. Ушундай протездер урматында шал органдардан келген тийүү жөнүндөгү маалыматтар дененин башка бөлүмдөрүнө жөнөтүлөт жана натыйжада сезүү органдарынын кайрадан кабылдашы мүмкүн болот.
Мындай иш-аракеттердин дагы бири болсо Брюссельдеги Louvain университетинде көрүү сезими менен байланыштуу ишке ашырылууда. Чыбыкча жана конус клеткалары өлгөндө торчосу жарыкты сезбей калган, натыйжада сокур болгон Бельгиялык бир оорулуунун оң оптикалык нервинин айланасына коюлган бир электроддун урматында бир катар сүрөттөлүштөрдү кайрадан көрүшү мүмкүн болгон.
Бул оорулуу учурунда электрод башынын ичинде жасалган кичинекей бир оюктун ичине коюлган жана бул электрод бир сигнал берүүчүгө туташкан. Бир каска менен кийилген видео камера сүрөттөлүштөрдү радио сигналдар абалында сигнал берүүчүгө жиберет. Бул сигнал берүүчү жабыркаган чыбыкча жана конус клеткаларын аттап өтүп, түздөн-түз оптикалык нервге электрдик сигналды жиберет. Оптикалык нерв сигналдары оорулуунун көрүү борборуна жеткирилген соң, булар бир сүрөттөлүш катары кайрадан калыптандырылат. Оорулуу көргөн сүрөттөлүштүн сапаты стадиондордогу чоң экрандардын миниатюрасы сыяктуу болсо да, бул системаны ишке ашыруу мүмкүн экенин көрсөтүү үчүн жетиштүү бир мисал.
Бул оорулууга колдонулган жасалма көрүү системасы "Microsystem-based Visual Prosthesis" (MIVIP – Микросистемага таянган визуалдык протез) деп аталат. Бул каражаттар оорулуунун башына узун мөөнөткө жайгаштырылат, бирок буларды колдонуу үчүн Louvain университетинде кичинекей бир бөлмөгө барышы жана сүзгүчтөрдүн баш кийими сыяктуу бир баш кийим кийиши зарыл. Бул баш кийим пластиктен жасалган жана алды жагында туруктуу стандарттык бир видео бар. Экрандагы сүрөттөлүштү түзгөн чекиттер (пиксельдер) канчалык көп болсо, электрдик сигналдардын саны да ошончолук көп болот. Бул болсо сүрөттөлүштүн сапатын жогорулатат.
Ушул эле кабарда кызыктуу бир демонстация жөнүндө мындай деп айтылган:
1998-жылы Stelarc аттуу австралиялык бир искусство адамы денесине электроддорду коюп бир демонстрация уюштурган. Денеси булчуңдарын эрксиз жыйрылуулар менен кыймылдатканга жетиштүү электрдик шокторду алып жүргөн электроддор менен оролгон эле. Бул электроддор болсо бир компьютерге туташкан жана демонстрация учурунда интернет аркылуу Париж, Хельсинки жана Амстердамдагы компьютерлер менен байланыш курулган. Бул үч жердеги катышуучулар сенсордук бир экран бетинде көрүнгөн дененин ар кайсы жерлерине тийүү менен Stelarc'ка каалаганын жасата алышкан.
Ушул жана ушул сыяктуу технологияларды кичинекей көлөмдө жасап, түздөн-түз дененин ичине жайгаштыруу мүмкүн болсо, медицина тармагында абдан маанилүү өнүгүүлөргө жол ачылат. Бирок бул өнүгүүлөр көрсөткөн абдан маанилүү дагы бир чындык бар: сырткы дүйнө - биз мээбизде көргөн бир копия...
Time журналынын бул макаласында жасалма жол менен берилген сигналдар аркылуу сүрөттөлүштүн, тийүү сезиминин ж.б. пайда болушу мүмкүн экенине практикалык мисалдар берилген. Мисалы, сокур бир адамдын сүрөттөлүш көрө алышы мунун эң ачык далили. Оорулуунун көзү жана көрө турган нерсеси жок болсо да, жасалма жол менен берилген сигналдар аркылуу сүрөттөлүштү көрүшү мүмкүн болгон.
 
 
Илимий журналдар кинотасмаларга тема болгон
симуляция дүйнө сценарийлери чыныгы жашоо
үчүн да мүмкүн болушу ыктымал дешүүдө
 
Дүйнөгө таанымал илимий журнал New Scientist'тин 2002-жылдын 27-июльдагы санында болсо «Жашоо – бир программа, демек өчүрүлдүңүз» темасы менен жарык көргөн бир макаласында Micheal Brooks Матрица тасмасындагы сыяктуу симуляция бир дүйнө ичинде жашап жаткан болушубуз мүмкүн экендигин төмөндөгү сөздөрү менен айткан:
Матрица 2ни күтүүнүн кажети жок. Ансыз деле ири бир компьютер симуляциясы ичинде жашап жаткан болушуңуз ыктымал... Албетте, Матрица киносу чындык эмес деп ойлодуңуз. Себеби ошондой ойлошуңуз кааланды.
Макаланын автору Майкл Брукс Yale университетинен Nick Bostrom аттуу бир философтун жоромолдоруна да орун берип, пикирлерин бышыктаган. Nick Bostrom Голливудда тартылган кинолор көп адамдар ойлогондон көбүрөөк чындыкка жакын деп ойлойт. Ошондой эле, эсептөөлөрү натыйжасында биз да кинолордогу сыяктуу бир симуляция дүйнөсү ичинде жашап жатышыбыз ыктымал деп ойлойт.
Өзгөчө акыркы жылдары заттын оригиналын көрүп-сезе албашыбызды түшүнүү менен бирге бул илимий чындык адамдарды тереңирээк ойлонууга багыттап жатат. Тасмаларга да бат бат тема болуп турган бул жагдай заттык реалдуулугу жок чөйрөлөрдү абдан реалдуу кылып жасоо мүмкүн экенине; ал тургай, адамдар бул элестүү (иллюзиялык) сүрөттөлүштөргө алданышы мүмкүн экенине басым жасоодо.
 

ЧЫНДЫККА ЧАКЫРЫК (TOTAL RECALL)

Чындыкка чакырык (Total Recall) аттуу тасмада да Ванилла асман (Vanilla Sky) тасмасындагы сыяктуу, башкы каарман да, көрүүчүлөр да болуп жаткан окуялардын кайсысынын чындык, кайсысынын элес экенин айырмалай алышпайт. Тасманын каарманы биз чындык деп кабыл алган жашоосунда Дуглас Куэйд аттуу бир куруучу жумушчу жана эң чоң кыялы – бул Марска баруу.
Марста жашоо мүмкүн болгон фантастикалуу бир доор жандандырылган тасмада ал жерде террористтик акттар болот жана Марстын башкаруучусу (Вилос Кохаген) бул көтөрүлүштү басуу үчүн ар кандай кызматташтыкка даяр экенин билдирет. Тасманын каарманы Дуглас Куэйд болсо Марска барып, ал жердеги бул окуяларды токтотууну кыялданат. Бирок жубайы бул пикирге каршы чыккандыктан, эң акыркы чара катары реалдуудай ынандыруучу элестерди жашаткан, башкача айтканда, виртуалдык эс алууну саткан "Recall" аттуу бир фирмага кайрылууну чечет. Ал жерде бүт детальдары адамдын тандоосуна жараша алдын-ала пландалган, чындыктан айырмасыз жана чыныгысынан бир топ арзан эс алуу мүмкүнчүлүктөрү сунулат. Ал тургай, адам кааласа, башка бир адам катары, башка бир адамдын аты менен бул саякатка чыга алат.
Тасманын башкы каарманы Дуглас Куэйд да акча берип, Марска барган сыяктуу 15 күндүк сезимдерди эс тутумуна жүктөшү үчүн бир келишим түзөт. Денеси бир столдо отурганда, эс тутумуна берилген маалыматтар менен өзүн Марста бир жашыруун агент катары көрөт. Бирок бул маалыматтар мээсине жүктөлүп жатканда, бир ката чыгат жана эс тутумундагы маалыматтар менен мурда ойнолгондугу аныкталат. Жана тасманын каарманы биз чыныгы деп кабыл алган жашоосунда да өзүн Марстагы окуялар боюнча жооптуу бир агент катары сезип баштайт.
Тасма боюнча Дуглас Куэйддин жашоосунун канчалык реалдуу экени, эсиндеги эскерүүлөрүнүн кайсысынын чындап башынан өткөнү, кайсысынын болсо жасалма жасалганы даана байкалбайт. Төмөндө тасмадан алынган бөлүмдөрдөн көрүнүп тургандай, бул кинотасмада да элестер менен чындыктарды айырмалоонун татаалдыгына көп басым жасалган.
 
 
Саякат кылган адам чындыгында
киллометрлеген жолду мээсинде басып өтөт
 
Китептин башынан бери ар түрдүү мисалдар келтирилип сөз кылынгандай, зат деген нерсе (өз денебиз, айланабыздагы буюмдар, бутубуз турган жер, күн, планеталар, жылдыздар ж.б.) чындыгында элестер гана. Мисалы, асманды караганыңызда күн абдан алыста көрүнөт. Чынында болсо күн сиз үчүн капкараңгы башыңыздын ичинде пайда болгон бир сүрөттөлүш гана. Ошол сыяктуу бизден миллиондогон киллометр алыста деп ойлогон планетелар да мээбиздеги сүрөттөлүш борборунда орун алган, б.а. бизден «алыста» эмес, тескерисинче «ичибизде» болгон элестер.
Чындыкка чакырык (Total Recall) аттуу бул тасмада да бир эс алуу уюштуруучу фирма жасалма жол менен берилген сигналдар менен адамдарга чыныгыдан айырмасыз окуяларды жашатат. Адамдар мээлерине жүктөлгөн маалыматтар менен абдан алыс жерлерди ал жерде жүргөн сыяктуу көрүп, өздөрүн ал жерлерде эс алып жүргөндөй сезе алышууда.
Төмөнкү саптарда жана сүрөттө Реколл (Recall) аттуу бул эс алуу (туристтик) фирмасынын телевизордогу рекламасы орун алган:
Реклама : Айсбергдей жумушуңуз болсо да, Антарктикада лыжа тепкиңиз келеби? Акчаңыз жок болсо да, суунун астында эс алгыңыз келген жокпу? Тепкичтерден чыга албасаңыз да, Марстын тоолоруна дайыма чыккыңыз келди беле? Анда РЕКОЛЛго келиңиз, бизде кыялданган эс алууңузду сатып ала аласыз, чындап абдан арзан жана абдан жакшы. Өмүрүңүздү текке кетирбеңиз, РЕКОЛЛго чалыңыз жана сизге өмүр бою эсиңизден кетпей турган көз ирмемдерди тартуулайлы.
Дуглас Куэйд бул рекламаны көргөн соң, эң чоң кыялы болгон Марска кантип барууга болоорун суроо үчүн «Реколл» фирмасынан Боб МакКлейн аттуу бир кызматкер менен сүйлөшөт. Тасмадан алынган төмөнкү кесиндиде болсо бул виртуалдык эс алуунун кандай болоору жөнүндө детальдар сүйлөшүлүүдө:
Мр. МакКлейн  : Анда Марста болсун. Бир мүнөт, сураныч... Марсты кыдыруунун баасы, кошумчалар эске алынбаганда, 899 болот. Бул детальдары менен бирге, эки жумалык бир көз ирмемдерди камтыйт...
Дуглас Куэйд   : Эки жумалык эс алуу эмнелерди камтыйт?
Мр. МакКлейн  : Биринчиден муну билишиңиз керек: РЕКОЛЛдо эң жакшы көз ирмемдерди гана ала аласыз. Космос кемесинде жалгыз кабина, Хилтондо люкс бөлмө, бүт көрүүгө татыктуу жерлер, Моунт Пирамида, чоң каналдар...
Дуглас Куэйд   : Канчалык реалдуу болот?
Мр. МакКлейн  : Акылыңыздагы бардык эскерүүлөр сыяктуу.
Дуглас Куэйд   : Тамашалабаңыз.
Мр. МакКлейн  : Жок чындап! Мээңиз эч айырмалай албайт. Эч!
Дуглас Куэйд Марстагы чөйрөгө тиешелүү детальдар менен бирге өзүнүн кишилиги (өздүгү) жөнүндө маалыматтарды да тандай алууда. Мындай мүмкүнчүлүгү бар экенин уккан тасманын каарманы Марста өткөрө турган убакыт бою жашыруун бир агент болууну каалайт.
Др. Люлл          : Космостук нерселерди да каалайсызбы?
Дуглас Куэйд   : Албетте, жакшы болот... Марс мени дайыма таасирленткен.
Ассистент         : Биз даярбыз.
Др Люлл                       : Анда түш өлкөсүнө баралы.
Дуглас Куэйддин машинага туташуусуна байланыштуу сүрөттөлүштөр.
Тасмада да бир мисалы көрүлгөндөй, түш же жасалма сигналдар менен жасалган дүйнө менен чыныгы жашоодогу дүйнө арасында илимий жактан эч бир айырма жок. Экөөндө тең көргөндөрүбүздүн баарын мээбизде көрөбүз. Биз абдан алыста деп ойлогон планеталар, абдан чоң деп ойлогон жер – чындыгында мээбиздин ичине батырылган бир элестер жыйындысы. Ушуга параллельдүү китептерибиздеги кээ бир мисалдар төмөнкүдөй:
Алыстык сезими жөнүндө да ойлонуу керек. Алыстык, мисалы, бул китеп менен сиздин араңыздагы аралык мээңизде пайда болгон бир боштук сезими гана. Бир адам менден абдан алыста деп ойлогон заттар да чындыгында мээсинин ичинде. Мисалы, адам асманды карап жылдыздарды көрөт жана булар миллиондогон жарык жылы алыста деп ойлойт. Чынында болсо жылдыздар анын ичинде, мээсиндеги көрүү борборунда. (Evrim Aldatmacası (Эволюция калпы), II. Baskı, s. 204-205)
... биз өмүр бою көргөн, сезген нерселерибиздин баары мээбизде пайда болууда. Мисалы, креслосунда отуруп терезеден сыртты караган бир адам креслонун катуулугун, төшөгүнүн жылмалыгын мээсинде сезет. Ашканадан келген кофенин жыты чынында ашканада, б.а. алыста эмес, мээсинин ичинде. Терезеден көргөн деңиз пейзажы, канаттуулар, дарактар да мээсинде пайда болгон сүрөттөлүштөр. Ага кофе сунган досу жана кофенин сонун даамы да мээсинде пайда болот. Кыскача айтканда, үйүмдүн бөлмөсүндө отурам, терезеден сыртты карап жатам деп ойлогон бир адам чынында мээсинин ичиндеги экрандан бөлмөсүн, терезеден көрүнгөн пейзажды көрүп жаткан болот. Адамдар мээсиндеги экранда көргөн, түшүнүктүү бир абалда бириктирилген кабылдоолорунун баарын «жашоом» деп атайт жана эч качан мээсинин сыртына чыга албайт. (Hayalin Diğer Adı: Madde (Элестин башка бир аты: зат), s. 43)
 
 
Мээбиздеги виртуалдык дүйнө
 
Компьютерлер менен, симуляторлор менен үч өлчөмдүү жана реалдуу сүрөттөлүштөрдү жасап, эч жок бир дүйнөнү адамдарга жашатуу учурда кадыресе көрүнүш болуп калды. Технология абдан өнүккөн өлкөлөрдө көңүл ачуу жана билим берүүгө багытталган көптөгөн каражаттар жасалууда. Булардын көпчүлүгүндө адам мээсинде үч өлчөмдүү сүрөттөлүш пайда кылган компьютер программалары колдонулууда. Бул ыкманы колдонуунун негизги максаты болсо – беш сезимге таасир берүү менен ойногондорго элестүү бир чөйрөдө чыныгы жашоо жашап жаткандай сезимдерди берүү.
НАСАдагы астронавттардан архитекторлорго, учкучтардан инженерлерге чейин көптөгөн адистерди даярдоо симуляция деп аталган үч өлчөмдүү сүрөттөлүштөр менен жүргүзүлүүдө. Мисалы, ушундай симуляциялар менен жүргүзүлгөн учуу даярдыгындагы бир учкуч чыныгы аба шарттары менен компьютер ага сунган элестүү аба шарттарын айырмалай албоодо. Чет элдик илимий фантастикалык кинолордун көпчүлүгүндө да адам жашоосунун сүрөттөлүштөн тураары жана мээде пайда кылынган виртуалдык дүйнөлөргө болгон окшоштугу тема болууда. Бул тасмада да көңүл ачуу максатында бул ыкманын өнүктүрүлгөн формасы колдонулууда. Виртуалдык эс алууга баргысы келгендер каалаган жеринде, каалаган адамдары менен, каалаганча эс алган сыяктуу сезимди жашоо мүмкүндүгүнө ээ болушат.
Бирок тасманын агымында Марска тиешелүү 15 күндүк көз ирмемдерди жана башка адамдын жеке маалыматтарын жүктөө учурунда күтүлбөгөн бир окуя болот жана жүктөө бүтө электе эле Дуглас Куэйд Марс жөнүндө сүйлөп баштайт. Эми өзүн чыныгы жашоосунда да башка бирөө элестетип баштайт. Тасманын бул бөлүгүндө башкы каарман чынында Дуглас Куэйд аты менен бир эс алуу фирмасында турса да, өзүн бирөөлөр өлтүргүсү келген бир агентмин деп ойлойт.
Др. Люлл          : Бул бир эс тутумдун катып калышы!
Дуглас Куэйд   : Өлтүрүшөт.
Мр. МакКлейн  : Эмне деп жатат бул? Билбейм!
Дуглас Куэйд   : Менин атым Куэйд эмес.
Др. Люлл          : ... Эртеден бери Марс жөнүндө сүйлөп жатат. Чындап эле ошол жакта!
Мр. МакКлейн  : ... Эго турундагы агенттин ролун жашап жатат!
Мээсине жүктөлгөн маалыматтар менен башынан өткөргөндөрүн чындык деп ойлогон Дуглас Куэйддин абалы абдан ойго салат. Эч бир реалдуулугу жок виртуалдык бир дүйнөнү чыныгы деп ойлоп жашашы учурда да заттын оригиналын көрүп-сезип жатам деп ойлоп бул материалдык дүйнөгө ач көздүк менен байлангандардын абалына окшошот. Чынында болсо эч ким мээсиндеги копия сүрөттөлүштөргө, копия кабылдоолорго таянып, сыртта заттык (материалдык) бир дүйнөнүн бар экенин жана жашаган окуяларынын чыныгы экенин далилдей албайт. Бул жөнүндө китептерибизде орун алган кээ бир сүйлөмдөрүбүз төмөнкүдөй:
... азыр башыңызды көтөрүп, ичинде отурган бөлмөнү караганыңызда көргөнүңүз – сиздин сыртыңыздагы бөлмө эмес. Сиз бөлмөнүн мээңиздин ичинде пайда болгон копия сүрөттөлүшүн көрөсүз. Жана эч качан бул бөлмөнүн оригиналын сезүү органдарыңыз аркылуу көрө албайсыз. (Hayalin Diğer Adı: Madde (Элестин башка бир аты: зат), s. 22)
... бул чындык – бир философия де кандайдыр бир көз-караш эмес. Тескерисинче, учурда заманбап илим толук далилдеген жана жокко чыгаруу эч мүмкүн болбогон илимий бир чындык. Учурда медицина, биология, физика, неврология, мээ жана булар менен байланыштуу бүт тармактарда адис болгон кайсы илимпозго «биз дүйнөнү кантип жана каерде көрүп жатабыз?» деген суроо узатылбасын, берчү жообу жалгыз гана: бүт дүйнөнү мээбиздеги көрүү борборунда көрөбүз. (Hayalin Diğer Adı: Madde (Элестин башка бир аты: зат), s. 8)
 
 
 
Эсибиздеги маалыматтар да
элестерибизден калган эскерүүлөр
 
Бир адамдын өтмүшү – чындыгында ал адамдын эсиндеги маалыматтар гана. Эгер бул адамдын эс тутуму өчүрүлсө, өтмүшү жок болуп калат. Келечек болсо адамдардын ойлору гана. Адам келечеги жөнүндө пландарды жасайт, келечегин ойлонот. Бирок адамдын ойлору алынып салынса, эми келечек деген түшүнүк да жок болот. Эс тутуму жана ойлору алынып салынган бир адам үчүн жашап жаткан «бир көз ирмем», б.а. «ушул учур» гана калат.
Чындыкка чакырык (Total Recall) аттуу бул тасмада да тасманын каарманынын эс тутумунда бир катар өзгөртүүлөр жасалып, мунун натыйжасында убакытка жана айланасындагы окуяларга башкача баа бергени байкалат. Тасмада Дуглас Куэйддин мурда эсинен өчүрүлгөн бир катар маалыматтардын жандандырылышы натыйжасында жашоосунда өзгөрүүлөр болот. Душмандары аны кубалап, ал тургай өлтүрүүгө аракет кылышат, бирок бул кол салуулардын чындап болуп жатканы же эс тутумуна коюлган элес дүйнөсүнө тиешелүү экени так белгисиз болот.
Тасманын кийинки сахналарында Дуглас Куэйд аны кубалаган адамдардан качып, үйүнө келет. Окуяларды жубайына айтып бергенде, жубайы аны бул окуялардын чындык эмес экенине ишендирүүгө аракеттенет.
Лори                 : ... Баарын кезек менен. Эмне үчүн шпиондор сени өлтүрүшсүн?
Дуглас Куэйд   : Билбейм, бирок Марс менен байланыштуу.
Лори                 : Сен ал жакка эч барган жоксуң го.
Дуглас Куэйд   : Ооба баары кызык, бирок мен Реколлго бардым.
Лори                 : Ошол мээ касаптарынабы? Эмне кылышты?
Дуглас Куэйд   : Мен Марс үчүн бир тур буйуртма кылдым, анан ... Реколлду унут! Алар мени өлтүргүлөрү келди!
Лори                 : Эч ким сени өлтүргүсү келген жок.
Дуглас Куэйд   : Келди! Бирок мен аларды өлтүрдүм.
Лори                 : Реколлдогу адамдар сенин мээңди айландырышыптыр. Сен параноид элестерди көрүп жатасың.
Дуглас Куэйд   : Бул дагы параноид элеспи? (колундагы кандарды көрсөтөт)
Жубайынын да бир оюн ичинде болушунан шектенген Дуглас Куэйд аны чындыктарды айтып бер кыстайт. Тасманын төмөндөгү сахналарынан да көрүнүп тургандай, Дуглас Куэйддин биз чындык деп кабыл алган жашоосунда да чындыгында элестүү бир өздүктү чыныгы деп ойлоп жашап жүргөнү аныкталат. Дуглас чындыгында такыр башка адам болот, бирок эс тутумуна жүктөлгөн маалыматтар менен сегиз жыл бою өзүн үй-бүлөлүү бир курулуш компаниясынын жумушчусумун деп ойлоп жүрөт. Жубайы, кесиптеши, кыскача айтканда, бүт жашоосу – эс тутумуна жүктөлгөн жасалма маалыматтар, жана Дуглас Куэйд ошол күнгө чейин булардын баарын чындык деп ойлоп келген.
Дуглас Куэйд   : Айтып бер!
Лори                 : Мен сенин жубайың эмесмин.
Дуглас Куэйд   : Ошондойбу!
Лори                 : Сени 6 жумадан бери тааныймын. Үйлөнгөнүбүз – бул эс тутумга жүктөлгөн маалымат.
Дуглас Куэйд   : А?
Лори                 : Тойубуз эсиңдеби? Жашыруун иликтөө кызматы жүктөдү.
Дуглас Куэйд   : Биздин досторубуз, менин жумушум, 8 жылдык чогуу жашообуз жалганбы?
Лори                 : Жумушуң чындык. Жашыруун иликтөө кызматы тапты.
Дуглас Куэйд   : Калп!
Лори                 : Сенин өздүк маалыматтарыңды кайрадан жазышты. Сени көзөмөлдөп туруу үчүн мени жубайың кылып милдеттендиришти. Жаман көрбө, бирок бүт жашооң бир түш.
Дуглас Куэйд   : Мен мен эмес болсом, анда мен киммин?
Лори                 : Билбейм. Мен бул жерде өз милдетимди гана аткарып жүрөм.
Тасмадагы бул нерсе бизди мындай ойго салууда: биз эсибиздеги маалыматтар чындык деген ой менен жашап жүрөбүз. Чынында болсо эсибизге берилген маалыматтар болмоюнча, эч нерсени биле албайбыз. Бул теманы түшүндүргөн китептерибизден бир канча мисалдар мындайча:
Бир адамдын өтмүшү эс тутумуна берилген маалыматтардан турат. Эс тутум өчүрүлгөндө, адамдын өтмүшү да өчүрүлөт. Келечеги болсо ойлорунан турат. Бул ойлору жок болгондо болсо адамдын жашап жаткан «көз ирмеми» гана калат. (Hayalin Diğer Adı: Madde (Элестин башка бир аты: зат), s. 130)
Убакыт мээде сакталган бир катар элестер арасында салыштыруу жасоо менен пайда болот. Эгер бир адамдын эске тутуусу болбосо, мээси мындай жоромолдорду жасай албайт жана ошондуктан убакыт элеси да пайда болбойт. Бир адамдын «мен отуз жаштамын» дешинин себеби – мээсинде ошол отуз жылга тиешелүү кээ бир маалыматтардын чогулгандыгында. Эгер эс тутуусу болбосо, артында мынчалык убакыт өткөнүн ойлонбойт, жашап жаткан бир «көз ирмем» менен гана жашай берет. (Zamansızlık ve Kader Gerçeği (Убакыттын жоктугу жана тагдыр), s. 53)
 
 

 
 
Тийүү сезими заттын оригиналына
тийгениңизге бир далил боло албайт
 
Түндө түшүбүздө көргөн сүрөттөлүштөр менен ойгонгондо көрүүнү уланткан сүрөттөлүштөр арасында илимий жактан да, логикалык жактан да эч бир айырма жок. Түштү көрүп жатканыбызда бирөө түшүбүзгө кирип, бизге «коркпо, бир түш көрүп жатасың, булардын эч бири чыныгы эмес, азыр төшөгүңдө жатасың, мээңдин ичиндеги нерселерди көрүп жатасың» десе, көргөн-сезгендерибиздин реалдуудай сезилишинен улам ага эч ишенгибиз келбейт.
Тасмада да ушуга окшош бир мисал бар. «Реколл» (Recall) аттуу виртуалдык эс алуу фирмасында кеңешчимин деп өзүн тааныштырган бир адам Марста отел бөлмөсүндөгү Дуглас Куэйдге зыяратка келет жана ага башынан өткөргөндөрүнүн эч биринин реалдуу эмес экенин айтып берет. Куэйдге «сен дагы эле Реколл фирмасындасың», «мен болсо программанын бир бөлүгүмүн, чындыгында ал жерде жокмун» дейт. Бирок Дуглас Куэйд жашап жаткандарынын реалдуу экенине ушунчалык ишенгендиктен, булардын элес болушу мүмкүн экенине эч ишене албайт. Ортолорунда мындай маек жүрөт:
Дуглас Куэйд   : Эмне жумушуңуз бар?
Кызматкер        : Сиздин түшүнүшүңүз оор болот. Тилекке каршы, сизге айтышым керек болгон бир нерсе бар, сиз чындыгында бул жерде эмессиз.
Дуглас Куэйд   : Бир аз болсо ишенмекмин.
Кызматкер        : Чындап айтып жатам. Сиз бул жерде эмессиз жана мен дагы.
Дуглас Куэйд   : Ишенүү кыйын... (адамдын далысын кысып, жымыйып күлөт) Каердебиз биз?
Кызматкер        : Реколлдо. Имплантация отургучуна байлануусуз. Жана мен сизди кайтарып жүрөм.
Дуглас Куэйд   : Ошондо бул түшпү. Бул да мага силер саткан ошол кереметтүү эс алуу.
Кызматкер        : Баары эмес. Биз көрүп-жашап жаткан бүт нерсе эс тутум кассеталарына таянган бир элес. Бирок сиз улам жаңы нерселерди таап жатасыз.
Дуглас Куэйд   : Анда менин элестеримде сиздин эмне жумушуңуз бар?
Кызматкер        : Мен кооптуу учурлар үчүн кошулдум... Сизди түшүңүздөн чыгаруу оор. Мен сүйлөшүп аракет кылып көрөйүн дедим.
Дуглас Куэйд   : Кохаген бул жөнүндө сизге эмне дейт?
Кызматкер        : Бир ойлоп көрсөңүз: түшүңүз жүктөө учурунда башталды. Марска саякат, Хилтондогу люкс бөлмө. Булардын баары Реколл-Эго турунун элементтери. Сиз өзүңүз агенттин ролун тандадыңыз.
Дуглас Куэйд   : Калп. Баары кокустук.
Кызматкер        : ... (Марста досу болушун каалаган адамдын кандай болоорун өзү тандаган эле. Техникалык кызматкер бул тандоосун ага эстетет.)
Дуглас Куэйд   : Ал чыныгы. Реколлго баруудан мурда аны түшүмдө көргөм.
Кызматкер        : Куэйд мырза, эмне деп жатасыз? Аны түшүңүздө көргөнүңүз үчүн чыныгыбы?
Дуглас Куэйд   : Ооба.
Мурдакы беттеги саптардан да көрүнүп тургандай, Дуглас Куэйд көргөндөрүнүн реалдуу экенин фирма кызматкеринин далысына колун тийгизүү менен далилдейм деп ойлоодо. Бирок башка бардык кабылдоолорубуз сыяктуу, тийүү сезими да мээбизде көргөн жашообуздун бир бөлүгү. Дуглас Куэйд да маңдайындагы адамдын далысына тийгенин көргөндө, колун ал адамдын далысына созушу, катуулугун сезиши, кийимине тийиши, булардын баары мээсиндеги жоромолдор гана. Мунун бир адамдын түшүндө маңдайындагы адамдын далысына тийгенинен эч айырмасы жок. Ошондуктан, тийүү (кармоо) сезими заттын оригиналына тийгенибизди (кармаганыбызды) эч далилдебейт. Муну далилдөөнү каалаган бир адамдын колунда элестерден башка эч бир далили жок. Бул жөнүндө түшүндүрмөлөрүбүздүн кээ бирлери төмөнкүдөй:
... түшүндө заттын оригиналын көрүп-сезип жатам деген бир адам өзүнө абдан ишениши мүмкүн. Ага «зат бир элес», «сырткы дүйнөнүн оригиналын көрүп-кармоо мүмкүн эмес» экенин айтып берген досунун далысына колуп коюп, «ошондо мен бир элесминби? Сен колумду далыңда сезип жаткан жоксуңбу? Анда кантип элес болосуң? Мындай сөздөрдү каяктан алдың? Кел сени менен бир Босфорду айланып келели, бул тема жөнүндө да сүйлөшөбүз, анан мындай бир нерсеге эмнеге ишенип жатканыңды да айтып бересиң» деши мүмкүн. Терең уйкуда көргөн бул түшү ушунчалык тунук болгондуктан, ырахаттануу менен унаасынын ачкычын бурап, моторго акырындап газ берет жана анан газды катуу басып машинасын секиртет. Жолдо зуулдап баратканда дарактар менен жол сызыктары ылдамдыктан бир бүтүн сыяктуу сүрөттөлүштү пайда кылышат. Бир тараптан таза Босфор абасы менен дем алат.
Досуна каршы чыгууга, ошол учурда көргөндөрүнүн элес экенин айтып берүүгө даярданып жатканда, саатынын коңгуроосу менен ойгонот. Бирок эң кызыктуусу, түшүндө көргөндөрүнүн элес экенине каршы чыккан бул адам ойгоо кезинде да көргөндөрүнүн мээсинде пайда болгон копия сүрөттөлүштөр экенин айтып берген бир досу жанында болсо, ага да ошол сыяктуу каршы чыгат. (Hayalin Diğer Adı: Madde (Элестин башка бир аты: зат), s. 61)
Кээ бир адамдар болсо сүрөттөлүштүн мээлеринде пайда болгонун кабыл алышат, бирок көргөн сүрөттөлүштүн оригиналы сыртта бар дешет. Чынында болсо, муну эч качан далилдей алышпайт. Себеби бүгүнкү күнгө чейин эч бир адам мээсинин сыртындагы кабылдоолорунун сыртына чыга алган эмес.
Ар бир адам мээсиндеги клеткасынын ичинде жашайт жана кабылдоолору ага көрсөткөндөн башка эч нерсени көрүп-сезе алышпайт. Ошондуктан кабылдоолорунун сыртындагы дүйнөдө эмнелер бар экенин эч качан биле албайт...
Адам дайыма мээсинде пайда болгон элести көрүп-сезет. Ошондуктан адамдар «заттык оригиналдарга» эч качан жете алышпайт.
... технологиянын же илимдин өнүгүшү да бул темада эч өзгөрүүгө себеп боло албайт. Себеби ар бир илимий ачылыш же технологиялык жаңылык да кайра эле адамдардын мээлеринде пайда болот, ошондуктан бул ыкма менен да сырткы дүйнөгө жетүү мүмкүн болбойт. (Hayalin Diğer Adı: Madde (Элестин башка бир аты: зат), s. 46)
 
 
 
Чыныгысынан айырмасы жок голограммалык
сүрөттөлүштөр
 
Илимпоздор сырткы дүйнөсүз эле мээде виртуалдык бир дүйнөнү пайда кылуу мүмкүн экенин көп жолу далилдешти. Жана күн өткөн сайын дүйнөнү компьютерде электрдик сигнал катары жасап, адамдарга бул сигналдар аркылуу каалаган сүрөттөлүштү көрсөтүп-жашатуу оңойлошуп баратат. Мисалы, жасалган үч өлчөмдүү жана реалдуудай компьютер симуляциялары аркылуу чыныгысынын дал өзүндөй өзгөчөлүктөрдөгү сүрөттөлүштөрдү алуу мүмкүн болууда. Ошондой эле, бул сүрөттөлүштөрдү көргөн адамдар чыныгы жашоодогу сыяктуу жооп беришүүдө.
Тасманын бир сахнасында голограмма ыкмасын колдонуу менен чыныгы менен копия сүрөттөлүш арасындагы окшоштукка басым жасалган. Тасмада Дуглас Куэйд колуна таккан саат сыяктуу бир каражаттын жардамы менен өз денесинин голограмма сүрөттөлүштөрүн ала алат. Натыйжада аны өлтүргүсү келген душмандары копия сүрөттөлүштөрдү кармоого аракет кылып, максаттарына жете алышпайт.
Киши                : Анын голограммасы бар.
Дуглас Куэйд   : Мени чыныгы Куэйд деп ойлоп жатасыңарбы? Туура таптыңар!
 
 
Бир күнү түштөн ойгонгон сыяктуу бул жашоодон да
ойгонушуңуз мүмкүн экени ойуңузга келди беле?
 
Түш көрүү – башка бардык мээ процесстери сыяктуу, мээнин бир түшүмү. Бир адам ойгоо болсо да, уктап жатса да, мээ дайыма электрдик толкундарды берет. Бирок уйку учурунда мээден булчуңдарга сигнал жөнөткөн нерв жолдору тосулат. Ошондуктан, түш көрүү учурунда дене кыймылдабайт. Бирок түпкүрүндө адамдын ойгоо кездеги абалы менен түш көрүп жаткандагысы бирдей. Мисалы, түшүңүздө да, ойгоо учурдагы сыяктуу, төмөн жакты караганыңызда, колу-буту бар, баскан, дем алган, тийүү сезимдери бар бир денени көрөсүз жана чыныгы жашоону жашап жатам деп толук ишенесиз.
Чынында болсо сиз түшүңүздө көргөн дене – бул сиздин мээңизде бар болгон, бирок сиз сыртыңызда бар сыяктуу сезген элестер гана. Б.а. түш – бул, ойгоо кездеги сыяктуу, мээбиздин тиешелүү борборлоруна келген сигналдардын жоромолдонушу менен пайда болгон кабылдоолордун (элестердин) жыйындысы.
Китептин башынан бери көптөгөн мисалдар менен айтылып келаткандай, түштөгү окуялар кээде ушунчалык таасирдүү болгондуктан, адамдар кээде ойгонгондо көргөндөрүм чындык беле же түш беле деп ойлонушат. Негизи ойгоо кезде жашаган жашообуз менен көргөн түштөрүбүз арасында илимий жактан эч айырма жок. Бир адам түшүндө ойгоо кезде кылгандарынын баарын кылышы мүмкүн; сүйлөйт, тамак жейт, дем алат, чуркайт, күлөт, ыйлайт, жаракат алат, машина айдайт. Көбүнчө күнүмдүк жашоосунун копиясы болгон түш дүйнөсүндө бүт нерсе ал билген жана көнгөн абалда болот. Ошондуктан түшүндөгү окуяларга чындап болуп жаткандай жооп берет. Кээде түшүнөн абдан коркуп кыйкырып ойгонот, кээде сонун түш көрүп, эч ойгонгусу келбейт.
Төмөндөгү маекте тасманын каарманы да кылгандарымдын баары бир түш болушу мүмкүн деп ойлонууда.
Мелина             : Ишене албай жатам. Бир түш сыяктуу. Эмне болду?
Дуглас Куэйд   : Ойума коркунучтуу бир нерсе келди: бул чындап эле бир түш болсочу?
Адам сырткы дүйнө жок болсо да бүт кабылдоолорду толук реалдуу сезип-жашай алат жана мунун эң ачык мисалы... түштөр. Бир адам түш көрүп жатканда көздөрү жумук абалда төшөгүндө жатат. Бирок ошого карабастан, окуяларды, сезимдерди, сигналдардын баарын түшүндө чыныгыдан эч айырмасы жок, реалдуудай көрөт. Бул чындыкка бул китепти окуган адамдардын баары өз уйкуларында түздөн-түз күбө болушат. Мисалы, түнкүсүн төшөгүндө тыптынч, бейпил бир жерде, жанында экинчи бир адам да жок, жалгыз жаткан бир адам түшүндө өзүн абдан көп адамдардын арасында, бир коркунуч ичинде көрүшү мүмкүн. Жан алакети менен бул коркунучтан качканын, бир дубалдын артына жашынганын чыныгыдай башынан өткөрүшү мүмкүн. Ал тургай, түшүндө көргөндөрү ушунчалык реалдуудай болгондуктан, чындап эле коркунучтуу бир чөйрө бар сыяктуу коркуп, паникага түшөт. Ар бир үн чыкканда жүрөгү оозуна тыгылып, коркуудан титиреп, жүрөгү бат бат согуп, тердейт; адам денеси коркунучтуу учурда эмнелерди сезип, кандай реакцияларды берсе, баарын дал ошондой сезет. Чынында болсо, мээсинин сыртында көргөндөрүнүн эч биринин заттык оригиналы жок. (Hayalin Diğer Adı: Madde (Элестин башка бир аты: зат), s. 59)
 
 
Жашооңузду түшүңүз сыяктуу такыр башка
бир жерде көрүп жаткан болушуңуз мүмкүн
 
Түшүндө кофе ичкен бир адам кофенин шекерин, курамын, ичиндеги сүттүн даамын чындап кофе ичип жаткансып сезет. Бирок кофе да, иче турган бир нерсе да жок болгон болот. Бирок түшүндө кофе ичип жаткан бир адамга бирөө келип, «азыр түш көрүп жатасың жана бул кофе негизи бир сүрөттөлүш» десе, ошол замат каршы чыгат. «Сүрөттөлүш болушу мүмкүнбү? Ысыктыгын сезип жатам. Бат ичсем оозум күйөт. Ал тургай, кофени ичкенде суусунум канды. Сүрөттөлүш болсо суусунум канмак беле?» дейт. Ичип жатам деп ойлогон кофенин чындыгында мээсинде пайда болгон бир сүрөттөлүш экенин, ичип жатканда сезген ысыктык, суусоо сыяктуу сезимдердин да кайра эле мээсинде пайда болгон кабылдоолор экенин уйкусунан ойгонгон соң гана түшүнөт.
Түшүбүздө көргөндөрүбүз менен чыныгы жашоодо көргөндөрүбүз бирдей пайда болот. Түшүбүздөгүлөр мээбизде болгон сыяктуу, чыныгы жашообуз да мээбизде жашалат. Түшүбүздү «элес» дешибиздин жалгыз себеби – бул эрте менен ойгонгонубузда денебизди төшөгүбүздө көрүшүбүз жана «демек, мен жатканмын жана буларды түшүмдө көрдүм» деген жыйынтыкка келишибиз. (Hayalin Diğer Adı: Madde (Элестин башка бир аты: зат), 63)
 
 
Чыныгы жашообуз менен түшүбүз арасындагы окшоштук
музыка дүйнөсүндө
 
Атактуу америкалык поп-ырчы Бритни Спирс 2001-жылы Лас Вегаста уюштурган концерти үчүн абдан кызыктуу жана адамдарды ойго салуучу бир жарнама даярдаган эле. Өзгөчө жарнаманын ачылыш бөлүгү жана концерт бою бүт нерсенин мээде ишке ашаарына көп басым жасалган. Бүт жашоонун, ал тургай, ошол учурда көрүүчүлөр концертте көргөн бүт шоулордун да чынында адамдардын мээсинде болуп жатканы кайра кайра эске салынган.
Ырчы бул жарнамасы менен адамдарга чыныгы деп жашаган жашоолорунун да чындыгында бир түш болушу мүмкүн экенин ойлондурууда. Таасирдүү сүрөттөлүштөр менен орун берилген бул темага мисал катары өзүнүн көпчүлүктүн алдында концерт берген бир түшүнөн мисал берет. Анан булар түштүн ичинде бир түш болушу мүмкүн деп айткан.
Баары мээңиздерде эле...
Көргөндөрүмдүн же көрүп жаткандарымдын баары же түштүн ичиндеги бир түшпү?
Абдан реалдуу сезилген бир түш көрдүңүз беле?
Чыныгы жашоо менен элес дүйнөсүн толук айырмалап айта албаган...
Азыр кайсы дүйнөнүн ичиндесиз?
Кечээ түнү ушул учурду кыялданып жаткам.
Жана баарыңыздар менен чогуу ушул жерде болчумун.
Жана азыр түшүм чындыкка айланды.
Баары мээңиздерде эле.
Жогоруда концерт шоулору арасында айтылган бул сөздөр бизге жашап жаткан дүйнөбүздүн реалдуулугу жөнүндө ойлонууну эстетүүдө. Түшүбүздө көргөн жерлердин жана окуялардын башка бир жерде же чен-өлчөмдө оригиналдары бар деп ойлобойбуз. Себеби канчалык реалдуудай болсо да, түшүбүздөгү кыймылдуу жашообуздун бир төшөгүбүздө кыймылдабай уктап жатканда болгонун билебиз. Ошол сыяктуу азыр көрүп жаткан жана «чыныгы жашоо» деп атаган бул дүйнөнүн оригиналын көрүп-сездик деп эч айта албайбыз. Түштөгү сыяктуу эле, «көргөндөрүбүздүн булагы катары сырткы дүйнөдө заттардын жана буларды кабылдаган денебиздин» болушу шарт эмес. Себеби сыртта материалдык (заттык) бир дүйнө болсо да, биз баары бир копия сүрөттөлүштөрдөн турган элестүү бир дүйнөнү көрөбүз.
Түшүңүздө өзүңүздү толугу менен элестүү дүйнөлөр ичинде көрөсүз. Айланаңызда көргөн нерселердин жана адамдардын бирөөсү да реалдуу эмес. Үстүндө баскан топурак, жогорудагы асман, сиз көргөн үйлөр, дарактар, машиналар жана башка нерселердин баары толугу менен элес; материалдык бир заты жок. Жана баарынын орду – мээңиздин ичи. Мээңизде, тагыраак айтканда, аң-сезимиңизде бар жана андан башка эч жерде жок.(Kuledeki Küçük Adam (Мунарадагы кичинекей адам), s. 28)