понедельник, 21 октября 2013 г.

ЭВОЛЮЦИЯ ЖАҢЫЛЫШТЫГЫ

Дарвинизмдин идеологиялык кыйрашы


Дарвинизмди илим дүйнөсүн гана кызыктырган бир пикир болуудан чыгарып бүт бир коом үчүн маанилүү кылган тарабы – бул теориянын идеологиялык тарабы. Бүт жандыктар жана аны менен бирге адам кантип пайда болгон деген суроого берүүгө аракет кылган жообу себебинен дарвинизм бир катар философиялардын, дүйнө көз-караштарынын жана саясий идеологиялардын негизин түзөт.
Бул жерде дарвинизмдин бул идеологиялык тарабын, өзгөчө Түрк мамлекети жана калкын түздөн-түз кызыктырган эки тарабын айтып кетебиз. Булардын бири дарвинизм менен материалисттик философия арасындагы байланыш. Экинчиси болсо дарвинизм менен расизм, өзгөчө Түрк душмандыгы арасындагы көп билинбеген, бирок маанилүү байланыш.
Алгач биринчи байланышты карайлы. Материалисттик философия же, башкача айтканда, “материализм” – тарыхы байыркы Грецияга чейин созулган бир пикир системасы. Материализм “зат гана бар” деген гипотезага таянат. Материалисттик философия боюнча, зат чексиз мурдатан бери бар, чексизге чейин бар болот. Жана бул философия боюнча заттан башка эч нерсе жок.
Материализмдин албетте бир катар саясий чагылуулары да бар. Булардын башында эч талашсыз коммунизм турат. Коммунизмдин куруучусу деп саналган Карл Маркс менен Фридрих Энгельс ошол эле учурда диалектикалык материализмдин да куруучулары. Ансыз да коммунизм материалисттик философиянын Маркс менен Энгельс тарабынан коомдук илимдерге ылайыкташтырылышы гана.
Коммунизм бүгүн тарыхтын тереңинде калган бир идеология катары көрүлүүдө, бирок чындыгында анын дагы эле өтө таасири күчтүү. Өзгөчө Түркияда бул идеологиянын бузуучу таасирлери уланууда. Себеби белгилүү болгондой, Түркиянын түштүк-чыгыш аймагында 15 жылдан бери кан төккөн, миңдеген полиция менен аскерлерди шейит кылган бөлүүчү террор уюму – апачык коммунисттик идеологиядагы бир уюм. Бул уюмду кыйыр же түз колдогон чөйрөлөр да коммунисттик идеологиядагы чөйрөлөр.
Дарвинизмдин ушул жерде мааниси чоң болууда.
Себеби дарвинизм же эволюция теориясы жандыктар жаратылган эмес, кокустан пайда болгон деген үчүн материалисттик идеологиялар тарабынан кеңири кабыл алынып, өзгөчө коммунизмдин “негизги таянычы” катары кабылданган. Коммунисттик идеологиянын бүт алдыңкы пикир лидерлери бул теорияны толугу менен кабыл алышкан жана идеологияларын ушуга таяшкан.
Мисалы, Карл Маркс 1860-жылы Фридрих Энгельске жазган бир катында Дарвиндин китеби жөнүндө “биздин көз-караштарыбыздын табигый тарых негизин түзгөн китеп мына ушул” деген сөздү айткан.77 Ошондой эле Маркс 1861-жылы Фердинанд Лассальга жазган бир катында “Дарвиндин эмгеги (Түрлөрдүн келип чыгышы) чоң бир эмгек жана тарыхтагы класстык күрөштүн табигый илимдер жагынан негизин түзгөндүктөн мага өтө ылайыктуу” деген.78 Ошол сыяктуу, Кытай коммунизминин куруучусу Мао Цзэ-дун “Кытай социализминин негизин Дарвинге жана эволюция теориясына таяганын” апачык айткан.79
Ошондуктан коммунизмге каршы жүргүзүлө турган бир пикирдик күрөштүн сөзсүз материалисттик философияны жана натыйжада эволюция теориясын көздөшү керек экени анык. Башка тараптан, эволюция теориясынын бир коомдо көпчүлүк тарабынан кабыл алынышынын материализмди жана натыйжада коммунизмди күчөтүшү да анык.
Дарвинизм жана Түрк душмандыгы
Экинчи маанилүү жагдай болсо – бул дарвинизмдин жогоруда да айтылгандай экинчи идеологиялык тарабы: Түрк душмандыгы.
Эволюция теориясы коммунисттик идеологиянын пикирдик таянычы болгон сыяктуу, Түрк душмандыгынын да пикирдик таянычы. Себеби теория адамдарды “төмөнкү расалар” жана “маданий расалар” деп экиге бөлүп улуу Түрк калкын “төмөнкү расалар” классына кошот. Теория Түрктөрдүн толук адам эмес экенин, маймыл-адам арасы жандыктар экенин жана чыныгы адам расасы болгон европалыктар тарабынан акырындап жок кылынаарын айтат.
Теориянын куруучусу Чарльз Дарвин бул көз-карашын көп жерде айткан. Мисалы, В. Грэхем аттуу бир досуна 3-июль 1881-жылы жазган катында (кийинчерээк уулу Фрэнсис Дарвин тарабынан жазылган "The Life and Letters of Charles Darwin" аттуу китептин 1-томунун 286-бетинде орун алган 'Letter to W. Graham' бөлүмүндө да айтылгандай) төмөнкү сөздөрдү айткан:


Европа расалары катары белгилүү болгон маданий расалар жашоо күрөшүндө Түрктөргө каршы анык бир жеңишке жетишкен. Дүйнөнүн көп алыс эмес бир келечегин караганымда, ТӨМӨНКҮ РАСАЛАРДЫН көпчүлүгүнүн маданийлешкен жогорку расалар тарабынан ЖОК КЫЛЫНААРЫН көрүп жатам.
Дарвиндин Түрк калкын көздөгөн бул начар акараттары учурда нео-фашисттердин сөздөрүндө колдонулууда жана интернет аркылуу он миллиондогон кишиге жетүүдө. Батыштын Севрден бүгүнкү күнгө чейин өзгөрбөгөн, улуу Түрк калкын четке түртнүгө жана эзүүнү көздөгөн изденүүлөрдүн артында ушул расист жана Түрк душманы пикирлер турат. Петр Дозилерден расист таз баштарга чейин бүт Түрк душмандары пикирдик таянычын дарвинизмден алууда. Солингенде Түрктөргө тиешелүү үйлөрдүн бузулушу, Болгарияда Түрктөргө жасалган жырткычтык, мурдакы СССРдин Түрк калктарын жылдар бою карамагында кармашы, Крым түрктөрүн Сибирьге сүргүнгө айдашы, Өзбек жана Кыргыз түрктөрүнө көп кысымчылык көрсөтүшү, Кипр түрктөрүнө жасалган адилетсиздиктер, Түркияны Европа Биримдигине албаганга аракет кылуу, Европа өлкөлөрүнүн Түрктөрдү араларына киргизбеш үчүн виза колдонушу, Европа өлкөлөрүнүн жана Италиянын Түркияга болгон душмандык мамилелери ушул эле расисттик түшүнүктүн натыйжалары.
Бул жерге чейин көрүлгөндөй, дарвинизм Түрк мамлекетинин жана калкынын бейпилдигине кооптуулук жараткан үч негизги пикирдик агымдын тең калп “илимий” таянычы болууда: коммунизм, бөлүүчүлүк жана Түрк душмандыгы, эволюция теориясынан колдоо алышууда. Бул өтө маанилүү.
Себеби жаратууну четке кагып жандыктар кокустуктар натыйжасында өзүнөн-өзү пайда болгон, акырындап диалектикалык эрежелер менен өрчүп-өнүккөн деген жана Түрк калкын “төмөнкү раса” деген бул көз-караштын туура эмес экени ортого коюлбаса, жаштарыбызды келечекте өтө караңгы тараптарга түртүү кооптуулугун жаратаары анык. Бул көз-караштарга маани берген жана эволюция теориясын илимий деп ойлогон бир жаштан өлкөсүнө, калкына, желегине, мамлекетине бекем болушун, сонун адеп-ахлак, үй-бүлөнүн ыйыктыгы сыяктуу баалуулуктарды бийик тутушун күтүүгө болбойт. Ал жаштын Түрк душманы жана коммунист болууга түртүлүүдөн башка жолу жок. Муну унутпаш керек: дарвинист жаштарды өстүрүү мамлекетибиздин жана калкыбыздын башына чоң бир балээни алып келүү жана “өзүң отурган бутакты кесүү” маанисине келет.
Бул дарвинизмдин идеологиялык тарабы. Башка жагынан, бул теорияны илимий маалыматтар негизинде гана анализ кылганда да, анын эч кечиктирбестен жокко чыгаруу керек болгон эскирген бир көз-караш экенин көрөбүз. Себеби 20-кылымдын илимий ачылыштары теориянын пикирлерин апачык жараксыз кылды. Алдыда эволюция теориясынын бул илимий кыйрашын кыскача карайбыз.
Дарвинизмдин илимий кыйрашы
Эволюция теориясы тарыхы байыркы Грецияга чейин жеткен бир окуу болгону менен 19-кылымда гана кеңири масштабда ортого коюлду. Теорияны илим дүйнөсүнө киргизген эң негизги окуя – Чарльз Дарвиндин 1859-жылы жарык көргөн Түрлөрдүн келип чыгышы аттуу китеби эле. Дарвин бул китепте дүйнө жүзүндөгү ар түрдүү жандык түрлөрүнүн Аллах тарабынан жаратылганына каршы чыккан. Дарвиндин ою боюнча, бүт түрлөр орток бир атадан келген жана акырындап аз-аз өзгөрүүлөр менен көп түрлөргө бөлүнгөн.
Дарвиндин теориясы эч бир анык илимий табылгага таянган эмес: өзү да кабыл алгандай бир “ой жүгүртүү” гана эле. Ал тургай, Дарвин китебиндеги “Теориянын кыйынчылыктары” аттуу узун бөлүмдө мойнуна алгандай, теория көптөгөн негизги суроолорго жооп бере албайт эле.
Дарвин теориясынын алдындагы кыйынчылыктар өнүккөн илим тарабынан жоюлат, жаңы илимий ачылыштар теориямды күчтөндүрөт деп үмүт кылган. Муну китебинде көп жолу айткан. Бирок өнүккөн илим Дарвиндин үмүтүнүн тескерисинче теориянын негизги пикирлерин бир-бирден тамырынан соолутту.


Дарвинизмдин илим тарабынан кыйратылышын 3 негизги багытта кароого болот:
1) Теория жашоонун жер бетинде алгач кандайча пайда болгонун эч түшүндүрө албайт.
2) Теория сунуштаган «эволюция механизмдеринин» чындыгында эволюциялык күчкө ээ экендигин далилдеген эч кандай илимий далил жок.
3) Фоссилдер эволюция теориясынын туура эмес экендигин далилдейт.
Китептин мурдакы бөлүмдөрүндө биринчиге терең токтолдук. Эми калган экөөсүн жалпысынан карайлы.
Эволюциянын ойлоп табылган механизмдери
Дарвиндин теориясын жараксыз кылган экинчи негизги сокку – теория «эволюция механизмдери» катары сунуштаган эки түшүнүктүн да чындыгында эч кандай эволюциялык күчкө ээ эмес экендигин түшүнүү менен ишке ашты.
Дарвин чыгарган эволюция көз-карашын толугу менен «табигый тандалуу» механизмине байланыштырган эле. Бул механизмге берген мааниси китебинин атынан да ачык көрүнүп турат эле: Түрлөрдүн келип чыгышы, табигый тандалуу жолу менен...
Табигый тандалуу табияттагы жашоо күрөшү ичинде табигый шарттарга ылайыктуу жана күчтүү жандуулардын жашоосун улантаары көз-карашына таянат. Мисалы, жырткыч жаныбарлар тарабынан коркунучка кабылган бир кийик тобунда ылдамыраак чуркаган кийиктер жашоосун улантат. Натыйжада кийик тобу ылдам жана күчтүү кийиктерден куралат. Бирок, албетте, бул механизм кийиктерди эволюция кылбайт, аларды башка жаныбар түрүнө, мисалы аттарга айландырбайт.
Демек, табигый тандалуу механизми эч кандай эволюциялык күчкө ээ эмес. Дарвин да бул чындыкты билчү жана Түрлөрдүн келип чыгышы аттуу китебинде «Пайдалуу өзгөрүүлөр пайда болмойунча, табигый тандалуу эч нерсе кыла албайт» деп айтууга мажбур болгон. (Charles Darwin, The Origin of Species: A Facsimile of the First Edition, Harvard University Press, 1964, s. 189)
Ламарктын таасири
Мындай «пайдалуу өзгөрүүлөр» кантип болмок? Дарвин ошол учурдун алгачкы илим түшүнүгү ичинде бул суроого Ламаркка таянуу менен жооп берүүгө аракет жасаган. Дарвинден мурда жашаган Француз биолог Ламарктын ойу бойунча, жаныбарлар жашоолору бойу ишке ашкан физикалык өзгөрүүлөрдү кийинки урпактарга өткөрүп берүүдө, урпактан урпакка чогулган мындай өзгөрүүлөр натыйжасында жаңы жаныбар түрлөрү пайда болууда эле. Мисалы, Ламарктын ойу бойунча, жирафтар жейрендерден пайда болгон эле, бийик дарактардын жалбырактарын жеш үчүн аракет кылып жатып, урпактан урпакка мойундары узарып кеткен эле.


Дарвин да ушул сыяктуу мисалдар берген. Мисалы, Түрлөрдүн келип чыгышы аттуу китебинде тамак табуу үчүн сууга түшкөн кээ бир аюулар убакыттын өтүшү менен киттерге айланды деп айткан. (Charles Darwin, The Origin of Species: A Facsimile of the First Edition, Harvard University Press, 1964, s. 184)
Бирок Мендел тапкан жана 20-кылымда өнүккөн генетикалык илим менен бекемделген тукум куучулук мыйзамдары «ээ болунган өзгөчөлүктөрдүн кийинки урпактарга берилиши» жомогун толугу менен кыйратты. Мунун натыйжасында табигый тандалуу «жалгыз» жана натыйжада толугу менен жарабаган бир механизм болуп калды.
Нео-Дарвинизм жана мутациялар
Дарвинисттер болсо бул абалга бир чечүү жолун табуу үчүн 1930-жылдардын аягында «Модерн синтетикалык теорияны» же кеңири тарлган аты менен нео-дарвинизмди чыгарышты. Нео-дарвинизм табигый тандалуунун жанына «пайдалуу өзгөрүү себеби» катары мутацияларды, башкача айтканда, жаныбарлардын гендеринде радиациялар сыяктуу тышкы таасирлер же копиялоо каталары натыйжасында пайда болгон бузулууларды кошушту.
Бүгүнкү күндө дагы эле дүйнөдө эволюция атына жарактуулугун сактаган модел – нео-дарвинизм. Теория жер бетинде жашаган миллиондогон жандык түрү, бул жаныбарлардын кулак, көз, өпкө, канат сыяктуу сансыз комплекстүү органдары «мутацияларга», башкача айтканда, генетикалык бузулууларга таянган бир процесс натыйжасында пайда болду деп эсептейт. Бирок теорияны жокко чыгарган ачык бир илимий чындык бар: Мутациялар жаныбарларды жакшы жакка өзгөртпөйт, тескерисинче дайыма жаныбарларга тескери таасир беришет.
Мунун себеби абдан жөнөкөй: ДНК абдан комплекстүү түзүлүшкө ээ. Бул молекулада пайда болгон ар кандай туш келе (стохастикалык) бир таасир жалаң гана зыян берет. Америкалык генетикчи Б.Г. Ранганатхан муну мындайча түшүндүрөт:


«Мутациялар – кичинекей, стохастикалык жана зыяндуу. Кээ-кээде гана ишке ашат жана эң жакшы ыктымалдуулук учурунда эч кандай таасир жаратпайт. Бул үч өзгөчөлүк мутациялардын эволюциялык бир өнүгүү жарата албасын көрсөтөт. Ансыз деле жогорку даражада өзгөчө бир организмде пайда болгон бир туш келе өзгөрүү – же таасирсиз болот же болбосо зыяндуу. Бир кол саатында болгон бир өзгөрүү ал кол саатын жакшыртпайт. Чоң ыктымалдуулук менен ага зыян келтирет же эң жакшы учурда ага эч кандай таасир бербейт. Бир жер титирөө бир шаарды өнүктүрбөйт, ага кыйроо алып келет». (B. G. Ranganathan, Origins?, Pennsylvania: The Banner Of Truth Trust, 1988)
Чындыгында эле бүгүнкү күнгө чейин эч бир пайдалуу, башкача айтканда, генетикалык маалыматты жакшырткан, өнүктүргөн мутация мисалы байкалган жок. Бардык мутациялардын зыян алып келгени байкалды. Эволюция теориясы тарабынан «эволюция механизми» катары көрсөтүлгөн мутациялардын чындыгында жандууларды бузган, майып кылган генетикалык окуя экендиги ачык түшүнүлдү. (Адамдарда мутациялардын эң көп кездешкен натыйжасы – рак). Албетте, талкалоочу, бузуучу бир механизм «эволюция механизми» боло албайт. Табигый тандалуу болсо, Дарвин да кабыл алгандай, «өзү жалгыз эчтеке кыла албайт». Бул чындык бизге табиятта эч кандай «эволюция механизми» жок экендигин көрсөтөт. Демек, эволюция механизми жок болгон болсо, эволюция деп аталган кыялдагы процесс эч качан болгон эмес.
Фосилдерортоңку звено жок
Эволюция теориясы жактаган сценарийдин эч болбогондугунун эң ачык көрсөткүчү – фосилдер.
Эволюция теориясы бойунча, бардык жандуулар бири-биринен пайда болгон. Мурда бар болгон бир жандуу түрү убакыттын өтүшү менен башка бир түргө айланган жана бардык түрлөр ушундай жол менен пайда болгон. Теория бойунча, мындай өзгөрүүлөр миллиондогон жылдарга барабар узун убакытта болгон жана баскыч баскыч алдын (өйдө) көздөй уланган.
Мындай учурда сөз кылынган узун убакыт бойу өзгөрүү процесси ичинде сансыз көп «ортоңку звенолордун» пайда болуп, жашап өткөн болушу керек эле.
Мисалы, өткөн учурларда балык өзгөчөлүктөрүнө ээ болгонуна карабастан, бир тараптан да кээ бир сойлоп жүрүүчү өзгөчөлүктөргө ээ болгон жарым балык-жарым сойлоп жүрүүчү жандыктар жашаган болушу керек эле. Же сойлоп жүрүүчү өзгөчөлүктөрү менен бирге, бир тараптан да кээ бир канаттуу өзгөчөлүктөрүнө ээ болгон сойлоп жүрүүчү-куш пайда болгон болушу керек эле. Булар бир өткөөл абалда болгондуктан, майып, кемчиликтүү, кээ бир органдары жарым-жартылай болгон жандыктар болушу керек эле. Эволюционисттер өткөн учурда жашап өткөн деп ишенген мындай теориялык жандыктарды «ортоңку звенолор (формалар)» деп аташат.
Эгер чындыгында мындай түрдөгү жандыктар өткөн учурларда жашаган болгондо, алардын сандары жана түрлөрү миллиондогон, ал тургай миллиарддаган болушу керек эле. Жана мындай майып, кемчиликтүү жандыктардын калдыктарынын сөзсүз фосилдери табылышы керек эле. Дарвин Түрлөрдүн келип чыгышы китебинде муну мындайча түшүндүрөт:
«Эгер теориям туура болсо, түрлөрдү бири-бирине байланыштырган сансыз көп ортоңку формалардын (звенолордун) түрлөрү сөзсүз жашаган болушу керек... Булардын жашап өткөндүгүнүн далилдери жалаң гана фосил калдыктары арасынан табылышы мүмкүн. (Charles Darwin, The Origin of Species: A Facsimile of the First Edition, Harvard University Press, 1964, s. 179)
Дарвиндин үзүлгөн үмүтү
Бирок 19-кылымдын ортосунан бери дүйнөнүн бардык тарабында кемчиликтүү жандык фосилдери изделгенине карабастан, мындай ортоңку формалардын бир да фосили табыла албады. Жасалган казуулар жана изилдөөлөрдө табылган табылгалар, эволюционисттердин үмүтүн үзүп, жандуулардын бир заматта, кемчиликсиз жана толук органдары менен пайда болгонун көрсөттү.


Атактуу англиялык палеонтолог (фосил илимпозу) Дерек В. Агер бир эволюционист болгонуна карабастан, бул чындыкты мындайча мойунга алат:
Маселе мындай: Фосил табылгаларын жакшылап изилдегенде, түрлөр же класстар деңгээлинде болсун, дайыма бир эле чындыкка жолугабыз; баскычтуу эволюция жолу менен эмес, бир заматта жер бетинде пайда болгон группаларды көрөбүз. (Derek A. Ager, "The Nature of the Fossil Record", Proceedings of the British Geological Association, c. 87, 1976, s. 133)
Башкача айтканда, фосил табылгаларында бардык жандуу түрлөрү ортолорунда эч кандай өткөөл форма болбостон, кемчиликсиз абалдарында бир заматта пайда болушкан. Бул Дарвин жактаган көз-карашка толугу менен карама-каршы. Тагыраак айтканда, бул – жандуу түрлөрүнүн жаратылгандыгын көрсөткөн абдан күчтүү бир далил. Себеби бир жандуу түрүнүн башка бир түрдөн («атасынан») эч кандай эволюция болбостон, бир заматта жана кемчиликсиз бир абалда пайда болушунун жалгыз түшүндүрмөсү болуп «ал түрдүн жаратылган болушу» саналат. Бул чындык атактуу эволюционист биолог Дуглас Футуйма тарабынан да кабыл алынат:
«Жаратылуу жана эволюция жашап жаткан жандуулардын келип чыгышын түшүндүрүүнүн альтернативдүү эки жолу. Жандуулар дүйнөдө же толугу менен толук жана кемчиликсиз бир абалда пайда болушкан же мындай болгон эмес. Эгер мындай болгон эмес болсо, анда бир өзгөрүү процесси натыйжасында алардан мурда бар болгон кээ бир жандуу түрлөрүнөн эволюциялашып, жаралган болушу керек. Бирок, эгер кемчиликсиз жана толук абалда пайда болгон болсо, анда чексиз күч-кудурет ээси бир акыл тарабынан жаратылган болушу керек.» (Douglas J. Futuyma, Science on Trial, New York: Pantheon Books, 1983. s. 197)
Фосилдер болсо жандуулардын жер бетинде кемчиликсиз жана толук абалда пайда болгонун көрсөтүүдө. Башкача айтканда, «түрлөрдүн келип чыгышы» - Дарвин ойлогондун тескерисинче, эволюция эмес, жаратылуу.
Көз жана кулактагы технология
Эволюция теориясы эч качан түшүндүрө албаган башка бир нерсе – көз жана кулактагы кабылдоонун жогорку сапаты.
Көз менен байланыштуу темага өтүүдөн мурда «кантип көрүп жатабыз?» суроосуна кыскача жооп берели. Бир заттан келген нурлар көздөгү торчого тескери болуп түшөт. Бул нурлар бул жердеги клеткалар тарабынан электрдик импульстарга (сигналдарга) айландырылат жана мээнин арка тарабындагы көрүү борбору деп аталган кичинекей бир чекитке жетет. Бул электрдик импульстар бир канча процесстен кийин мээдеги көрүү борборунда сүрөттөлүш катары кабылданат. Бул маалыматтарды алгандан кийин эми ойлонолу:
Мээ жарык өткөрбөйт. Башкача айтканда, мээнин ичи капкараңгы, жарык мээ жайгашкан жерге чейин кире албайт. Көрүү борбору деп аталган жер – капкараңгы, жарык эч жетпеген, балким эч биз көрбөгөндөй караңгы бир жер. Бирок, сиз бул чымкый караңгылыкта нурдуу, түркүн-түстүү бир дүйнөнү көрүп жатасыз.


Болгондо да, бул көрүнүш ушунчалык даана жана сапаттуу болгондуктан, 21-кылым технологиясы да бардык мүмкүнчүлүктөргө карабастан мынчалык даана сүрөттөлүшкө жете алган жок. Мисалы, азыр окуп жаткан китебиңизди, китепти кармаган колуңузду караңыз, андан соң башыңызды көтөрүп, айланаңызды караңыз. Азыр көрүп турган дааналык жана сапаттагы бул сүрөттөлүштү башка бир жерден көрдүңүзбү? Мынчалык сапаттуу сүрөттөлүштү сизге дүйнөнүн эң алдыңкы фирмасынын эң алдыңкы телевизор экраны да тартуулай албайт. 100 жылдан бери миңдеген инженерлер мындай даана сүрөттөлүшкө жетүү үчүн аракет кылышууда. Бул үчүн заводдор, ири ишканалар курулууда, изилдөөлөр жүргүзүлүүдө, план жана проекттер жасалууда. Ошого карабастан, телевизор экранын бир карап, колуңуздагы китепти карап салыштырып көрүңүз. Экөө арасында сүрөттөлүштүн дааналыгы жана сапаты арасында чоң бир айырма байкайсыз. Болгондо да, телевизор экраны сизге эки өлчөмдүү бир сүрөттөлүш тартуулайт, сиз болсо үч өлчөмдүү, тереңдиги бар бир сүрөттөлүштү көрүп жатасыз.
Көп жылдар бойу он миңдеген инженер үч өлчөмдүү телевизор жасоого, көздүн көрүү сапатындай сапатка жетүүгө аракет кылышууда. Ооба, үч өлчөмдүү бир телевизор жасай алышты, бирок аны көз айнексиз үч өлчөмдүү кылып көрүүгө мүмкүн эмес, ошондой эле бул үч өлчөм – жасалма. Арка тарабы бозомук, алдыңкы тарабы болсо кагаздан жасалган декорация сыяктуу көрүнөт. Эч качан көз көргөн сыяктуу даана жана сапаттуу бир сүрөттөлүш жаралбайт. Камерада да, телевизордо да сөзсүз сүрөттөлүштө сапат, дааналык төмөндөшү болот.
Эволюционисттер ушундай сапаттуу жана даана сүрөттөлүштү жараткан механизм кокусунан жаралды деген ойду жакташат. Азыр бирөө сизге бөлмөңүздөгү телевизор кокусунан пайда болду, атомдор чогулду жана бул сүрөттөлүш пайда кылган инструментти (телевизорду) пайда кылды десе сиз эмне деп ойлойсуз? Миңдеген адам чогулуп жасай албаган нерсени атомдор кантип жасашсын?
Көз көргөн сапаттан алда канча төмөн болгон бир сүрөттөлүштү пайда кылган нерсе кокусунан пайда болбосо, көз жана көз көргөн сүрөттөлүштүн да кокусунан пайда боло албашы айдан ачык. Ушул эле абал кулакка да тиешелүү. Тышкы кулак айланадагы үндөрдү кулак лакатору жардамы менен топтоп, ортоңку кулакка берет; ортоңку кулак үн толкундарын күчөтүп, ички кулакка өткөрүп берет; ички кулак бул толкундарды электрдик импульстарга айландырып, мээге жөнөтөт. Көрүү процессинде болгон сыяктуу угуу процесси да мээдеги угуу борборунда ишке ашат.
Көздөгү абал кулакка да тиешелүү, башкача айтканда, мээ жарык өткөрбөгөн сыяктуу, үн да өткөрбөйт. Ошондуктан, сырт тарап канчалык ызы-чуу болсо да, мээнин ичи толугу менен жымжырттыкта. Ошого карабастан, эң даана үндөр мээде кабылданат. Үн өткөрбөгөн мээңизде бир оркестрдин симфонияларын угасыз, көчө толо адамдардын бардык ызы-чуусун угасыз. Бирок ошол учурда атайын бир прибор менен мээңиздин ичиндеги үн өлчөнсө, ал жерде толук жымжырттык өкүм сүрүп жаткандыгы байкалат.
Жогорку сапаттуу сүрөттөлүштү алуу үчүн аракет кылынган сыяктуу, үн үчүн да ондогон жылдар бойу ушундай аракеттер жасалууда. Үн жаздыруу аппараттары, музыкалык борборлор, көптөгөн электрондук аппараттар, үндү кабылдаган музыка системалары–бул аракеттердин кээ бир жыйынтыктары. Бирок болгон технология, бул технологияда иштеген миңдеген инженер жана адиске карабастан, кулак пайда кылган даана жана сапаттагы бир үнгө жете алынган эмес. Музыкалык аппарат өндүргөн эң ири фирма тарабынан өндүрүлгөн эң сапаттуу музыкалык борборду элестетип көрүңүз. Үн жаздырганда, сөзсүз үндүн бир бөлүгү жоголот же бир аз болсо да шум пайда болот же музыкалык борборду жандырганда, музыка баштала электе эле бир шум угасыз. Бирок адам денесиндеги технологиянын продукту болгон үндөр абдан даана жана кемчиликсиз. Адамдын кулагы музыкалык борбордогу сыяктуу шум жаратпайт, үн кандай болсо ошондой угат. Бул абал адам жаралгандан бери уланып келе жатат.
Бүгүнкү күнгө чейин адам баласы жасаган эч кайсы сүрөттөлүш жана үн аппараты көз жана кулак сыяктуу сапат жана ийгиликтеги бир кабылдоочу боло алган жок.
Ошондой эле, көрүү жана угуу процессинде, булардан сырткары, абдан чоң дагы бир чындык бар.
Мээнин ичинде көргөн жана уккан аң-сезим кимге тиешелүү?
Мээнин ичинде, түркүн түстүү дүйнөнү караган, симфонияларды, чымчыктардын сайраганын уккан, гүлдү жыттаган ким?
Адамдын көздөрүнөн, кулактарынан, мурдунан келген импульстар электрдик сигнал катары мээге барат. Биология, физиология же биохимия китептеринде бул сүрөттөлүштүн мээде кантип пайда болоору жөнүндө көптөгөн терең маалыматтар окуй аласыз. Бирок бул тема жөнүндөгү эң маанилүү чындыкты эч жерден көрбөйсүз: мээде бул электрдик сигналдарды сүрөттөлүш, үн, жыт жана сезүү катары кабылдаган ким?
Мээнин ичинде көзгө, кулакка, мурунга муктаж болбостон бардык бул нерселерди кабылдаган бир аң-сезим бар. Бул аң-сезим кимге тиешелүү?


Албетте, бул аң-сезим – мээни түзгөн нервдер, май катмары жана нерв клеткаларына тиешелүү эмес. Мына ушул себептен улам, бардык нерсе заттан гана турат деген дарвинист-материалисттер бул суроолордун эч бирине жооп бере алышпайт. Себеби, бул аң-сезим – Аллах жараткан рух. Рух сүрөттөлүштү көрүү үчүн көзгө, үндү угуу үчүн кулакка муктаж эмес. Ал тургай, ойлонуу үчүн мээге муктаж эмес.
Бул ачык жана илимий чындыкты окуган ар бир адам мээ ичиндеги бир канча см3дук, капкараңгы жерге бардык ааламды үч өлчөмдүү, түркүн түстүү, көлөкөлүү жана жарык нурлуу кылып батырып койгон улуу Аллахты ойлонуп, Андан коркуп, Ага корголошу зарыл.
Материалисттик ишеним
Буга чейин карагандарыбыз эволюция теориясынын илимий табылгаларга ачык карама-каршы келген бир көз-караш экендигин көрсөттү. Теориянын жашоонун келип чыгышы жөнүндөгү ойу илимге эч туура келбейт, теория жактаган эволюция механизмдеринин эч кандай эволюциялык күчү жок жана фосилдер теория муктаж болгон ортоңку формалардын эч качан жашабаганын көрсөтүүдө. Бул учурда, албетте, эволюция теориясы илимге туура келбеген бир пикир катары тарыхка калтырылышы керек. Тарыхта да «дүйнө борбордуу аалам» модели сыяктуу көптөгөн пикирлер илимден чыгарылып салынган. Бирок эволюция теориясы илим катары сакталып калууга аракет кылынууда. Ал тургай кээ бир адамдар теорияга сын-пикирлерди «илимге кол салуу» катары көрсөтүүгө аракет кылышууда. Эмнеге мындай?..
Бул абалдын себеби – эволюция теориясынын кээ бир чөйрөлөр үчүн андан эч баш тартыла албай турган догма бир ишеним болушунда. Бул чөйрөлөр материалисттик философияга эч кандай далилсиз байланып алышкан жана дарвинизмди болсо жападан жалгыз материалисттик көз-караш катары жакташууда.
Кээде муну ачык-ачык мойнуна да алышат. Гарвард университетинен атактуу бир генетикчи жана ошол эле учурда алдыңкы бир эволюционист болгон Ричард Левонтин «алгач материалист, андан соң илимпоз» экенин мындайча мойнуна алат:
«Биздин материализмге бир ишенимибиз бар, априори (мурдатан (далилсиз) кабыл алынган, туура деп гипотеза кылынган) бир ишеним бул. Бизди дүйнөгө материалисттик түшүндүрмө жасоого зордогон нерсе – илимдин ыкмалары жана эрежелери эмес. Тескерисинче, материализмге болгон «априори» байланганыбыз себептүү, дүйнөгө материалисттик түшүндүрмө алып келген изилдөө ыкмаларын жана түшүнүктөрүн чыгарабыз. Материализм абсолюттук туура болгондон кийин, Илахи бир түшүндүрүүнүн ортого чыгышына жол бере албайбыз. (Richard Lewontin, "The Demon-Haunted World", The New York Review of Books, 9 Ocak 1997, s. 28)
Бул сөздөр – дарвинизмдин материалисттик философияга байлануу (көз-каранды болуу) үчүн жашатылган бир догма экендигинин ачык баяны. Бул догма заттан башка эч кандай жандык жок деп гипотеза жасайт. Ошондуктан, жансыз, аң-сезимсиз, акылсыз зат жашоону жаратты деп ишенет. Миллиондогон ар түрдүү жандыктарды, мисалы чымчыктар, балыктар, жирафтар, кабыландар, курт-кумурскалар, дарактар, гүлдөр жана адамдарды заттардын өз-ара реакциялары аркылуу, башкача айтканда, жааган жамгыр, чагылган аркылуу жансыз заттар ичинен жаралып калды деп кабыл алат. Чындыгында болсо бул акылга да, илимге да сыйбайт. Бирок дарвинисттер өз сөздөрү менен айтканда «Илахи бир (Кудай жаратты деген) түшүндүрмөнүн ортого чыкпашы» үчүн мындай нерсени жактоону улантышууда.
Жандуулардын келип чыгышына материалисттик көз-караш менен карабаган адамдар болсо төмөнкү ачык чындыкты көрүшөт: бардык жандыктар – жогорку бир күч-кудурет, илим жана акыл ээси болгон бир Жаратуучунун чыгармалары. Жаратуучу – бардык ааламды жоктон бар кылып жараткан, эң кемчиликсиз абалда жасаган жана бардык жандыктарды жаратып, келбет берген Аллах.
Эволюция теориясы дүйнө тарыхынын
эң таасирдүү сыйкыры
Бул жерде муну да айта кетүү керек: алдын-ала сын-пикирсиз, эч кандай идеологиянын таасири астында калбастан, жалаң гана акылын жана логикасын колдонгон ар бир адам илим жана маданияттан алыс коомдордун негизсиз ишенимдерин элестеткен эволюция теориясынын ишенүүгө мүмкүн эмес бир көз-караш экендигин оңой эле түшүнөт.
Жогоруда да айтылгандай, эволюция теориясына ишенгендер чоң бир идиштин ичине көптөгөн атомду, молекуланы, жансыз заттарды толтуруп койсо, булардын аралашмасынан убакыт өтүшү менен ойлонгон, акыл жүгүрткөн, ачылыштар жасаган профессорлор, университет студенттери, Эйнштейн, Хаббл сыяктуу илимпоздор, Франк Синатра, Шарлтон Хестон сыяктуу искусство адамдары, ошондой эле лимон дарактары, гүлдөр, жаныбарлар чыгат деп ишенишүүдө. Болгондо да мындай акылга сыйбас пикирге ишенгендер – илимпоздор, профессорлор, илимдүү адамдар болууда. Ошол себептен, эволюция теориясы үчүн «дүйнө тарыхынын – эң чоң жана эң таасирдүү сыйкыры» сөзүн колдонуу туура болот. Себеби дүйнө тарыхында адамдардын мынчалык акылын башынан алган, акыл жана логика менен ойлонууларына тоскоолдук кылган, көздөрүнүн алдына бир перде сыяктуу тосмо тартып, алардын айдан ачык чындыктарды көрүүлөрүнө тоскоол болгон башка ишеним же көз-караш жок. Бул эски египеттиктердин күн кудайы Рага, африкалык кээ бир уруулардын тотемдерге, Саба калкынын күнгө сыйынуусунан, Аз. Ибрахимдин коомунун колдору менен жасап алган идолдорго, Аз. Мусанын коомунун өздөрү алтындан жасаган музоого сыйынуусунан бир топ коркунучтуу (рисктүү) жана акылга сыйбас бир сокурдук. Чындыгында бул абал – Аллах Куранда ишарат кылган акылсыздык. Аллах кээ бир адамдардын аңдап-түшүнүүлөрүнүн жабылып калаарын жана чындыктарды көрүүгө алсыз болуп калаарын көптөгөн аятында билдирген. Бул аяттардын кээ бирлери төмөнкүдөй:
Шек жок, чындыктан баш тарткандарды эскертсең да, эскертпесең да алар үчүн айырмасы жок; (алар) ишенишпейт. Аллах алардын жүрөктөрүн жана кулактарын мөөрлөгөн; көздөрүнүн үстүндө перделер бар. Жана чоң азап – аларга. (Бакара Сүрөсү, 6-7)
… Жүрөктөрү бар, бирок аны менен аңдап-түшүнүшпөйт, көздөрү бар, бирок аны менен көрүшпөйт, кулактары бар, бирок аны менен угушпайт. Алар – айбандар сыяктуу, ал тургай андан да төмөн. Дал ушулар – капылет калгандар.» (Араф Сүрөсү, 179)
Аллах башка аятында болсо бул адамдардын укмуштар (можизалар) көрсө да ишенбей турган деңгээлде сыйкырланып калгандыктарын мындайча билдирет:
Алардын үстүнө асмандан бир эшик ачсак, ал жерден жогору көтөрүлсөлөр да, сөзсүз «Көздөрүбүз айландырылып койулду, балким биз сыйкырланган бир коомбуз» деп айтышат. (Хижр Сүрөсү, 14-15)
Мынчалык көп адамдарга бул сыйкырдын таасир этиши, адамдардын чындыктардан мынчалык алыс кармалышы жана 150 жыл бул сыйкырдын бузулбашы болсо - сөздөр менен түшүндүрүүгө мүмкүн болбой турган деңгээлде таң калаарлык бир абал. Себеби, бир же бир канча адамдын ишке ашышы мүмкүн эмес сценарийлерге, акылга жана логикага сыйбаган нерселерге толгон пикирлерге ишенишин түшүнүүгө болот. Бирок дүйнөнүн төрт бурчундагы адамдардын акылсыз жана жансыз атомдордун кокусунан бир чечим кабыл алышып, чогулушуп, укмуштай уюштуруу, дисциплина, акыл жана аң-сезим көрсөтүп, кемчиликсиз бир система менен иштеген ааламды, жандуулар үчүн ыңгайлуу болгон ар кандай өзгөчөлүккө ээ болгон жер планетасын жана сансыз көп комплекстүү системалар менен камсыз кылынган жандыктарды жараткандыгына ишенишинин – «сыйкырдан» (гипноздон) башка бир түшүндүрмөсү жок.
Аллах Куранда баш тартуучу философиянын жактоочусу болгон кээ бир адамдардын кээ бир сыйкырлар аркылуу адамдарга таасир бергендигин Аз.Муса жана Фираун арасында болгон бир окуя аркылуу бизге билдирет. Аз.Муса Фираунга (Фараонго) чындык, акыйкат динди түшүндүргөндө, Фираун Аз.Мусага өзүнүн «илимдүү сыйкырчылары» менен адамдар топтолгон бир жерде жолугуусун айтат. Аз.Муса сыйкырчылар менен жолугушканда, сыйкырчыларга алгач «таланттарын» көрсөтүшүн буйрук кылат. Бул окуяны баяндаган аяттар мындай:
(Муса:) «Силер таштагыла» деди. (Асаларын) таштаары менен, адамдардын көздөрүн сыйкырлап жиберишти, аларды коркутушту жана (ортого) чоң бир сыйкыр алып келген болушту. (Араф Сүрөсү, 116)
Байкалгандай, Фираундун сыйкырчылары жасаган «калптары» менен, Аз.Муса жана ага ишенгендерден башка, адамдардын баарын сыйкырлай алышкан. Бирок алардын таштаган нерселерине каршы Аз.Муса ортого койгон далил алардын бул сыйкырын, аяттагы баян менен «ойлоп тапкандарын жуткан», башкача айтканда таасирсиз кылган:
Биз Мусага: «Асаңды ташта» деп вахий кылдык. (Ал таштап жибергенде) бир карашты, ал бардык ойлоп тапкан нерселерин топтоп жутууда. Ушундайча чындык өз ордун тапты, алардын бардык кылып жаткандары жараксыз болду. Ал жерде жеңилишти жана басмырланып тескери бурулушту. (Араф Сүрөсү, 117-119)


Аятта да билдирилгендей, мурда адамдарды сыйкырлоо менен аларга таасир берген бул адамдар кылган нерселердин бир алдамчылык экендиги билинээри менен бул адамдар уят болуп, басмырланышкан. Бүгүнкү күндө да бир сыйкырдын таасири менен калп илимий көрүнгөн акылга такыр сыйбас жалгандарга ишенген жана буларды жактоого жашоосун арнагандар эгер бул ойлорунан (дарвинизмден) баш тартышпаса, чындыктар толугу менен ачыкка чыкканда жана «бул сыйкыр бузулганда», катуу уят болушат. Алсак, дээрлик 60 жашына чейин эволюцияны жактаган жана атесит бир философ болгон, бирок кийин чындыктарды көргөн Малкольм Муггеридж эволюция теориясынын жакынкы келечекте кабыла турган абалын мындайча сүрөттөйт:
Мен өзүм эволюция теориясынын, өзгөчө жайылган тармактарында, келечектин тарых китептеринде эң чоң анекдот темаларынын бири болооруна толук ишендим. Келечек урпактар мынчалык чирик жана белгисиз бир гипотезанын таң калаарлык абалда кабыл алынганын таң калуу менен тосушат. (Malcolm Muggeridge, The End of Christendom, Grand Rapids: Eerdmans, 1980, s.43)
Бул келечек алыста эмес, тескерисинче, абдан жакын бир келечекте адамдар «кокустуктардын» илах (кудай) боло албашын түшүнүшөт жана эволюция теориясы дүйнө тарыхынын эң чоң калпы жана эң күчтүү сыйкыры деп аталып калат. Бул күчтүү сыйкырдан (гипноздон) дүйнөнүн төрт бурчунда адамдар абдан бат кутула башташты. Эволюция калпынын сырын үйрөнгөн көптөгөн адамдар бул калпка кантип ишенгенин таң калуу менен ойлонушууда.
Айтышты: «Сен – Улуксуң, бизге үйрөткөнүңдөн башка биздин эч кандай илимибиз жок.
Чындыгында, Сен – бардык нерсени билүүчү, өкүм жана хикмат (терең акыл) ээсисиң.
(Бакара Сүрөсү, 32)
Булактар:

77- Convay Zirkle, Evolution, Marxian Biology and the Social Scene. 1959, s.86
78- K. Marx, F. Engels, Seçme Yazışmalar, 1884-1869
79- K. Mehnert, Deutsche Verlags- Anstalt, Kampf um Mao's Erbe., 1977
80- Charles Darwin, The Origin of Species: A Facsimile of the First Edition, Harvard University Press, 1964, s. 189
81- Charles Darwin, The Origin of Species: A Facsimile of the First Edition, Harvard University Press, 1964, s. 184
82- B. G. Ranganathan, Origins?, Pennsylvania: The Banner Of Truth Trust, 1988
83- Charles Darwin, The Origin of Species: A Facsimile of the First Edition, Harvard University Press, 1964, s. 179
84- Derek A. Ager, "The Nature of the Fossil Record", Proceedings of the British Geological Association, Cilt 87, 1976, s. 133
85- Douglas J. Futuyma, Science on Trial, New York: Pantheon Books, 1983, s. 197
86- Richard Lewontin, "The Demon-Haunted World", The New York Review of Books, 9 Ocak, 1997, s. 28

3-БӨЛҮМ: УБАКЫТТЫН САЛЫШТЫРМАЛУУЛУГУ ЖАНА ТАГДЫР

Мурдакы бөлүмдөрдө айтылгандардан сырттагы дүйнөнү эч качан көрүп-сезе албашыбыз, заттын мээбиздеги абалын гана билээрибиз жана негизи бүт өмүрүбүздүн «мейкинсиздик» ичинде өтөөрү түшүнүктүү болду. Буга каршы чыгуу акыл менен илимге каршы чыгып, негизсиз бир ишенимге ынануу болот. Себеби бул айтылгандар мектепте ортоңку класс китептеринде да түшүндүрүлгөн илимий чындыктар.
Бул эволюция теориясынын негизин түзгөн материалисттик философиянын биринчи гипотезасын жокко чыгарат. Ал гипотеза «зат абсолюттук (өзүнөн-өзү бар) жана түбөлүктүү (башы жана аягы жок)» дейт. Материалисттик философиянын экинчи гипотезасы болсо «убакыт абсолюттук жана түбөлүктүү» деген гипотеза, жана бул дагы биринчи гипотезадай эле негизсиз бир ишеним.

Убакыт элеси

Убакыт деп аталган элес (кабылдоо) – негизи бир көз ирмемди башка көз ирмем менен салыштыруу ыкмасы. Муну бир мисал менен түшүндүрөлү. Бир нерсени урганыбызда андан белгилүү бир үн чыгат. Ал нерсени кайра урганыбызда дагы бир жолу үн чыгат. Адам биринчи үн менен экинчи үн арасында бир мөөнөт бар деп ойлойт жана ал мөөнөттү «убакыт» деп атайт. Чындыгында болсо экинчи үндү уккан кезде биринчи үн мээсиндеги бир элес гана болот. Эс-тутумунда турган бир маалымат гана. Адам эс-тутумундагы маалыматты жашап жаткан көз ирмемине салыштырып, убакыт элесин алат. Эгер мындай салыштыруу болбосо, убакыт элеси да болбойт.
Ошол сыяктуу, бир киши бир бөлмөгө эшигинен кирип, анан бөлмөнүн ортосундагы креслого отурган бир адамды көргөндө, салыштыруу жасайт. Ал адам креслого отурганда, анын эшикти ачышы, бөлмөнүн ортосун көздөй басышы жөнүндөгү сүрөттөлүштөр мээсиндеги бир маалымат гана болот. Убакыт сезими креслого отуруп жаткан адам менен бул маалыматтарды салыштыруудан пайда болот.
Физик Джулиан Барбур убакытка мындай аныктама берет:
Убакыт – бул буюмдардын позицияларын өзгөртүү көрсөткүчү гана. Бир маятник термелет, сааттын жебелери алга жылат.55
Кыскасы, убакыт мээде сакталган бир катар элестер арасында салыштыруу жасоодон пайда болот. Эгер бир адамдын эс-тутуму болбосо, мээси мындай жоромолдорду жасабайт жана натыйжада убакыт элеси да пайда болбойт. Бир адам мээсинде отуз жылга тиешелүү кээ бир маалыматтар чогулганы үчүн гана «мен отуз жаштамын» дейт. Эгер эс-тутуму болбосо, артында мындай убакыт бар экенин ойлонбойт, жана жашап жаткан жалгыз «көз ирмемди» гана билет.

Убакыттын жоктугунун илимий түшүндүрмөсү

Убакыттын кыймылдаган нерселер жана өзгөрүүлөрдү белгилүү бир кезекке коюудан келип чыккан бир түшүнүк экени учурда илим тарабынан да кабыл алынды. Бул жөнүндө көз-караштарын айткан ойчул жана илимпоздордон мисалдар берип, муну жакшыраак түшүндүрүүнө аракет кылалы.
The End of Time (Убакыттын аягы) аттуу китебинде убакыттын жоктугу жана түбөлүктүүлүк жөнүндөгү сөздөрү менен илим дүйнөсүндө чоң кызыгуу жараткан физик Джулиан Барбур убакыттын бир элес экендигинин көп адамдар үчүн кабыл алуу оор болгон бир чындык экенин айтат. Discover журналында Барбур менен болгон бир маекте убакыт элеси жөнүндө төмөнкүдөй жоромол жасалат:
Мен дагы эле кабыл алууда кыйналам» дейт (Барбур). Бирок ой жүгүртүү ааламды түшүнүүдө эч качан ишенимдүү бир жол көрсөтүүчү болгон жок –Коперник күн жердин айланасында айланбайт деп биринчи жолу айткандан бери физиктер кабылдоолорубузду таң калтырышты. Кандай болгондо да, жер 67000 миль/саат ылдамдыкта боштукта айланып жатканда кичине бир кыймылды да сезбейбиз. Барбур убакыт өтүп жатат деген сезимибиздин «Тегиз дүйнө жамаатынын» (Flat Earth Society) негизсиз ишениминдей туура эмес дейт.»56
Бул жерден да көрүнүп тургандай, белгилүү физик Барбур «убакыт абсолюттук нерсе» деген ишенимибиздин негизсиз экенин айтууда. Жана учурда физика тармагындагы изилдөөлөр бул чындыкты апачык көрсөтүүдө. Убакыт абсолюттук эмес, болуп жаткан окуяларга жараша ар кандай сезилүүчү салыштырмалуу бир түшүнүк.

Нобель сыйлыгынын ээси, генетика профессору жана ойчул Франсуа Жакоб болсо Мүмкүндөрдүн оюну аттуу китебинде убакыттын тескериге жүрүшү жөнүндө мындай дейт:
Тескерисинен көрсөтүлгөн тасмалар (фильмдер) убакыт тескери аккан бир дүйнөнүн эмнеге окшой тургандыгын элестетүү мүмкүнчүлүгүн берет. Сүт чыныдагы кофеден бөлүнүп, сүт идишине жетүү үчүн абага уча турган бир дүйнө; жарык бөлүкчөлөрү бир булактан чыгуунун ордуна бир тузактын (тартылуу борборунун) ичинде топтолуу үчүн дубалдардан чыга турган бир дүйнө; сансыз суу тамчыларынын таң калыштуу чогуу аракети менен суунун сыртын көздөй ыргытылган бир таш бир адамдын колуна келүү үчүн бир ийри сызык бойунча уча турган бир дүйнө. Бирок убакыт тескери аккан мындай дүйнөдө мээбиздин процесстери жана эс тутуунун пайда болушу да ушул сыяктуу тескериге айландырылган болот. Өткөн чак жана келер чак үчүн да дал ушундай болот жана дүйнө бизге толугу менен азыркы көрүнүп жаткан сыяктуу көрүнөт.57
Мээбиз белгилүү бир кезек ыкмасына көнгөндүктөн, азыр дүйнө бул жерде айтылгандай эмес жана убакыт дайыма алдын көздөй жылат деп ойлойбуз. Чындыгында болсо, бул мээбизде пайда болгон бир чечим жана ошондуктан толугу менен салыштырмалуу нерсе. Чындыгында убакыттын кандайча өткөнүн же өтүп-өтпөгөнүн эч качан биле албайбыз. Бул болсо убакыттын абсолюттук бир чындык эмес, бир сезим (элес) гана экенин көрсөтөт.
Убакыттын бир элес экени 20-кылымдын эң улуу физиги деп кабыл алынган Эйнштейн чыгарган Жалпы салыштырмалуулук теориясы менен да тастыкталган. Линкольн Барнетт Аалам жана Эйнштейн аттуу китебинде мындай дейт:
Абсолюттук космос менен бирге Эйнштейн чексиз өтмүштөн чексиз келечекти көздөй аккан адашпаган жана өзгөрбөгөн бир универсалдуу убакыт теориясын да четке какты. Салыштырмалуулук теориясын түшүнбөстүктүн негизги себеби адамдардын убакыт сезиминин да түс сезими сыяктуу бир элес экендигин кабыл алгылары келбегендигинен пайда болууда... Космос заттык нерселердин ыктымалдуу катары болгон сыяктуу, убакыт да – окуялардын ыктымалдуу бир катары. Эйнштейндин төмөнкү сөздөрү убакыттын өзгөчөлүгүн эң жакшы түшүндүрөт: «Бир адамдын жашоосу бизге бир тизмектелген окуялардын ичинде курулган сыяктуу көрүнөт. Бул тизмектен эсибизге келген окуялар «мурдараак» жана «кийинчерээк» өлчөөсүнө жараша тизмектелген сыяктуу. Ушул себептен бир адам үчүн мен-убактысы, б.а., субъективдүү (жекече) убакыт бар. Бул убакыт өзүнчө өлчөнө албайт. Окуялар менен сандар арасында ушундай бир байланыш курамын, чоң бир сан мурдакы бир окуяга эмес, кийинки бир окуяга тиешелүү болот.58
Эйнштейн Барнетт айткандай «космос менен убакыттын да бир сезим (элес) экендигин, түс, форма жана чоңдук түшүнүктөрү сыяктуу бул түшүнүктөрдү да аң-сезимден бөлүп кароонун мүмкүн эместигин көрсөткөн». Жалпы салыштырмалуулук теориясы боюнча, «убакыт да – аны өлчөгөн окуялардан сырткары өзүнчө, көз-карандысыз бар болгон бир нерсе эмес».59
Убакыт бир элес болгон болсо, демек, ал бүтүндөй кабылдагандан көз-каранды, б.а. салыштырмалуу бир түшүнүк.
Убакыттын өтүү ылдамдыгы аны ченеп жатканда колдонгон көрсөткүчтөрүбүзгө жараша өзгөрөт. Себеби адамдын денесинде убакыттын өтүү ылдамдыгын абсолюттук так көрсөтө турган табигый бир саат жок. Линкольн Барнетт айткандай, «түстү айырмалай турган бир көз болбосо, түс да болбойт; ошол сыяктуу эле, убакытты көрсөтө турган бир окуя болмоюнча, бир көз ирмем, бир саат же бир күн эч нерсе боло албайт.»60
Убакыттын салыштырмалуулугу түшүбүздө абдан даана байкалат. Түшүбүздө көргөндөрүбүз бир топ саатка созулгандай сезилгенде, кээде чындыгында бир канча секунда же минута гана уктаган болобуз.

 УБАКЫТ ТЕСКЕРИ ЖҮРГӨН БИР ДҮЙНӨДӨ КЕЛЕЧЕК ӨТМҮШ БОЛМОК


Бул теманы жакшыраак түшүнүү үчүн төмөнкүдөй бир мисал берели. Атайын жасалган жалгыз терезелүү бир бөлмөдө кандайдыр бир убакыт турдуңуз дейли. Бөлмөдө бир саат болгон болсун. Ошондой эле, бөлмөнүн терезесинен күндүн белгилүү бир аралыктар менен чыгып, батып жатканын көргөн бололу. Арадан бир канча күн өткөндөн кийин, «бул бөлмөдө канча күн турдуңуз» деп суралса, бере турган жообуңуз саатка улам карап жана күндүн канча жолу чыгып, батканына карап топтогон маалыматыңызга жараша болот. Мисалы, бул бөлмөдө 3 күн болдум деп эсептедиңиз дейли. Бирок, эгер сизди бул бөлмөгө койгон киши келип, «чындыгында бул бөлмөдө эки күн турдуңуз» десе жана терезеден көргөн күндүн жасалма экендигин жана бөлмөдөгү саат атайын батыраак иштетилгендигин айтса, бул учурда сиз жасаган эсептин эч кандай мааниси калбайт.
Бул мисал да көрсөткөндөй, убакыттын өтүү ылдамдыгы жөнүндөгү маалыматыбыз жалаң гана кабылдаган адамга жараша өзгөрмөлүү көрсөткүчтөргө таянат.
Убакыттын салыштырмалуулугу илимий ыкмалар менен да көрсөтүлгөн так бир чындык. Эйнштейндин Жалпы салыштырмалуулук теориясы илимий тараптан ортого койгон бир чындык мындай: убакыттын ылдамдыгы бир нерсенин ылдамдыгына жана тартылуу борборуна болгон алыстыгына жараша өзгөрөт. Ылдамдык өскөн сайын убакыт кыскарат, кысылат; оорураак жана жайыраак иштөө менен «токтоо» чекитине жакындашат.
Муну Эйнштейндин бир мисалы менен түшүндүрөлү. Бул мисалда, бирдей жаштагы эгиздердин бирөөсү жерде калып, экинчиси жарык ылдамдыгына жакын бир ылдамдык менен космоско саякатка чыгат. Космоско чыккан адам кайтып келгенде, эгиз бир тууганы андан бир топ улгайган болот. Мунун себеби – космосто саякатта жүргөн бир тууганы үчүн убакыттын жай өтүшү. Дагы бир мисал: ылдамдыгы жарык ылдамдыгынын 99%ына жакын болгон ылдамдыктагы бир ракета менен космоско саякатка чыккан «бир атанын жашы 27, дүйнөдө калган уулунун жашы 3тө болсо, 30 дүйнө жылынан кийин ата дүйнөгө кайтканда, уулу 33 жашта, атасы болсо 30 жашта болгон болот».61
Убакыттын салыштырмалуу болушу сааттардын жайлашы же ылдамдышынан эмес; бардык заттык системанын, субатомдук бөлүкчөлөргө чейин, башка ылдамдыктарда иштешинен келип чыгат. Убакыт кыскарган мындай шарттарда адам денесиндеги жүрөктүн согушу, клеткалардын бөлүнүшү, мээнин иштеши сыяктуу процесстер жай иштеп калат. Натыйжада адам убакыттын жайлашын эч сезбестен, жашоосун уланта берет.

Куранда салыштырмалуулук

Заманбап илимдин бул ачылыштары бизге убакыттын материалисттер ойлогондой, абсолюттук бир чындык эмес, салыштырмалуу бир элес (сезим) экенин көрсөттү. Эң кызыгы 20-кылымга чейин илим байкабаган бул чындык мындан 14 кылым мурда түшүрүлгөн Куранда кабар берилген. Куран аяттарында убакыттын салыштырмалуу бир түшүнүк экенин көрсөткөн сүйлөмдөр бар.

Заманбап илим тарабынан тастыкталган «убакыт психологиялык бир сезим, баштан өткөргөн окуяга, жерге жана шарттарга жараша ар кандай сезилиши мүмкүн» деген чындыкты көп Куран аяттарынан көрүүгө болот. Мисалы, бир адамдын бүт өмүрү Куранда кабар берилиши боюнча, өтө кыска бир убакыт:
Силерди чакыра турган күн Ага мактоо айтуу менен жооп бересиңер жана (дүйнөдө) абдан аз убакыт жашадык деп ойлойсуңар. (Исра Сүрөсү, 52)
Күндүздүн бир саатынан башка эч өмүр сүрбөгөн сыяктуу аларды бир жерде топтой турган күндө алар бир-бирлерин таанышат... (Йунус Сүрөсү, 45)
Кээ бир аяттарда адамдардын убакытты ар түрдүү сезээрине, адамдын чындыгында өтө кыска бир убакытты өтө узундай сезиши мүмкүн экенине ишарат кылынат. Куранда кабар берилген адамдардын акыреттеги сурак учурундагы сүйлөшкөндөрү буга мисал болот:
 «Жыл санагы менен жер бетинде канча жашадыңар?» деди. «Бир күн же бир күндүн бир аз бөлүгүнчөлүк турдук, эсептегендерден сура» дешти. «Аз (убакыт) гана жашадыңар, чындыгында билген болгонуңарда» деди. (Мүминун Сүрөсү, 112-114)
Башка кээ бир аяттарда болсо убакыттын чөйрөгө жараша ар кандай ылдамдыкта өтөөрү кабар берилет:
... Чындыгында сенин Раббиңдин Кабатында бир күн силер санаган миң жыл сыяктуу. (Хаж Сүрөсү, 47)
Периштелер жана Рух (Жабраил) Ага узундугу элүү миң жыл болгон бир күндө чыгышат. (Меариж Сүрөсү, 4)
Асмандан жерге (чейинки) ар бир ишти Ал курчап жөнгө салат. Кийин (иштер) силер санап жаткан миң жылга тете бир күндө кайрадан Ага көтөрүлөт. (Сежде Сүрөсү, 5)
Бул аяттар убакыттын салыштырмалуулугун апачык айтууда. Илим тарабынан 20-кылымда алынган бул жыйынтыктын мындан 14 кылым мурда Куранда кабар берилгени – албетте, Куранды убакыт менен мейкиндикти бүтүндөй ороп-курчаган Аллахтын түшүргөндүгүнүн бир далили.
Курандын дагы көптөгөн аятындагы баяндар убакыттын бир элес экендигин апачык көрсөтүүдө. Өзгөчө кыссаларда муну көрүүгө болот. Мисалы, Аллах Куранда айтылган, ыймандуу бир коом болгон Кехф Элин (Үңкүр ээлерин) 300 жыл ашуун убакыт уйку абалында кармаган. Кийин ойготкондо болсо бул адамдар аз эле убакыт уктадык деп ойлошкон, канча уктаганын болжолдой алышкан эмес:
Ушундайча үңкүрдө жылдар бойу алардын кулактарына урдук (терең бир уйку бердик). Кийин эки топтон кайсынысынын канча тургандыктарын жакшыраак эсептээрин көрсөтүү үчүн аларды ойготтук. (Кехф Сүрөсү, 11-12)
«Ушундайча, бири-биринен сурашсын деп аларды тирилттик (ойготтук). Араларынан бир сүйлөөчүсү айтты: «Канча турдуңар?» «Бир күн же күндүн бир (канча сааттык) бөлүгүнчөлүк турдук» дешти. «Канча турганыңарды (уктаганыңарды) Раббиңер жакшыраак билет...» дешти. (Кехф Сүрөсү, 19)
Төмөнкү аятта баяндалган окуя да убакыттын чындыгында психологиялык бир сезим экендигинин маанилүү бир далили.
Же асты үстүнө айланган, эч ким жашабаган бир шаарга жолуккан сыяктууну (көргөн жоксуңбу?) Айтты эле: «Аллах бул жерди өлүмүнөн кийин кантип тирилтет болду экен?» Буга жооп катары Аллах аны жүз жыл өлүү абалда койду, кийин аны тирилтти. (Жана ага) Айтты: «Канча болдуң?» Ал: «Бир күн же бир күндөн аз болдум» деди. (Аллах ага:) «Жок, жүз жыл болдуң (уктадың), бирок тамагыңды жана суусунуңду кара, али бузула элек; эшегиңди бир кара; сени адамдарга өрнөк-далил кылуубуз үчүн (муну мындай кылдык). (Эшектин) Сөөктөрдү кара кандайча аларды бириктиргенибизди, кийин аларга эт кийгизгенибизди? деди. Ага (кишиге) баары белгилүү болгондон кийин ал айтты: «(Эми) Чындыгында Аллахтын бардык нерсеге кудуреттүү экенин билем.» (Бакара Сүрөсү, 259)
Көрүнүп тургандай, бул аят убакытты жараткан Аллахтын убакыттын көз-карандысыз экенин апачык кабар берүүдө. Адам болсо Аллах ага белгилеген убакыттан көз-каранды. Аяттан көрүнүп тургандай, адам канча убакыт уктаганын да биле албайт. Демек (материалисттердин туура эмес логикасындагыдай) убакыт абсолюттук деп айтуу такыр акылга сыйбайт.

Убакыттын салыштырмалуулугу тагдырды да түшүндүрөт

Убакыттын салыштырмалуулугу жөнүндө айтылгандардан жана аяттардан көрүнүп тургандай, убакыт кабылдаганга жараша өзгөрүп туруучу, туруктуу эмес бир түшүнүк. Мисалы, биз үчүн миллиарддаган жылга созулган бир убакыт мөөнөтү Аллах Кабатында бир көз ирмем гана. Биз үчүн 50 миң жылдык бир убакыт периштелер менен Жабраил үчүн бир күн.
Бул чындыкты билүү тагдырды түшүнүү үчүн өтө маанилүү. Себеби тагдыр – бул Аллахтын өтмүштөгү жана келечектеги бүт окуяларды «бир көз ирмем» ичинде жаратканы. Бул болсо Аллах Кабатында аалам жаратылгандан кыяматка чейинки бүт окуя болуп бүткөн деген мааниге келет. Көп адамдар Аллахтын али боло элек окуяларды алдын ала кантип билээрин, Аллах Кабатында өтмүш жана келечектеги бүт окуялардын кантип болуп бүткөнүн жана тагдырды эч түшүнө алышпайт. Чындыгында болсо «боло элек окуялар» биз үчүн боло элек. Себеби биз Аллах жараткан убакыттан көз-каранды абалда өмүр сүрөбүз жана эс-тутумубузга берилген маалыматтарсыз эч нерсени биле албайбыз. Аллах бул дүйнөдөгү сыноонун бир талабы катары «келечек» деп аталган окуяларды эс-тутумубузга бербегени үчүн, келечекте эмне болоорун да биле албайбыз. Аллах болсо убакыт менен мейкиндиктен көз-каранды эмес, булардын баарын жоктон Өзү жараткан. Ушул себептен Аллах үчүн өтмүш, келечек жана ушул учур – баары бир, жана баары болуп бүткөн. Аллах бир окуянын аягын көрүү үчүн күтпөйт. Бир окуянын башы да, аягы да Анын Кабатында бир көз ирмемде болуп бүтөт. Мисалы, Фараондун аягында эмне болгонун Аллах Аз. Мусаны Фараонго жөнөтө электе, Аз. Муса али төрөлө электе, ал тургай, Египет мамлекети курула электе билет жана бүт бул окуялар Фараондун аягы да кошо Аллах Кабатында бир көз ирмемде болуп бүткөн. Мындан тышкары, Аллах үчүн өтмүштү эстөө дегендей бир нерсе да жок. Өтмүш менен келечек даяр бойдон Аллах Кабатында бир учурда турат.
Бир адамдын бүт өмүрүн бир кино лентага салыштырсак, биз бул лентаны видео кассетадан көрүп жаткандай көрөбүз жана кассетаны «алдыга түрдүрүү» мүмкүнчүлүгүбүз жок. Аллах болсо бул кино лентанын баарын бир учурда көрөт жана билет. Ансыз да ал фильмди бүт майда-чүйдөсүнө чейин аныктап, жараткан Өзү. Биз бир сызгычтын башын, ортосун жана аягын бир караганда толук көрө алган сыяктуу, Аллах биз көз-каранды болгон убакытты башынан аягына чейин бир көз ирмем катары ороп-курчаган. Адамдар болсо убактысы келгенде ал окуяларды башынан өткөрүп, Аллах алар үчүн жараткан тагдырга күбө болушат. Бул абал дүйнөдөгү бүт адамдардын тагдырларына тиешелүү. Бүгүнкү күнгө чейин жаратылган жана мындан кийин жаратыла турган бүт адамдардын дүйнө жана акыреттеги жашоолору ар бир көз ирмеми менен Аллах Кабатында даяр жана болуп бүткөн абалда турат. Аллахтын чексиз «хыфзында» («эсинде») миллиарддаган адам менен бирге бүт жандыктардын, планеталардын, өсүмдүктөрдүн, буюмдардын тагдырында жазылган окуялар да эч кемибестен же жоголбостон, ошол бойдон турат. Тагдыр – бул, Аллахтын Хафыз (Сактоочу, Коргоочу) сыпатынын, чексиз күч-кудуретинин жана улуулугунун бир чагылуусу.

«Өтмүш» түшүнүгү эс-тутумубуздагы маалыматтардан улам пайда болот

Биз айлана-чөйрөбүздөн уккандарыбыздан, алган тарбиябыздан улам, өтмүш, ушул учур жана келечек деген бөлүктөргө бөлүнгөн убакыт тилкелерин жашайбыз деп ойлойбуз. Чындыгында болсо, «өтмүш» деген түшүнүккө ээ болушубуздун жалгыз себеби – бул, жогоруда да айтылгандай, эс-тутумубузга кээ бир окуялардын берилиши. Мисалы, биринчи класска жазылган кезибиз эс-тутумубузда турган бир маалымат жана биз ушул себептен аны өтмүштөгү бир окуя деп ойлойбуз. Келечек менен байланыштуу окуялар болсо эс-тутумубузда жок. Ушул себептен, биз али кабардар боло элек ал окуяларды «боло турган», «келечекте ишке аша турган» окуялар катары кабыл алабыз. Чындыгында болсо, өтмүш биз үчүн кандай болуп бүткөн, башыбыздан өткөргөн окуялар болгон болсо, келечек да дал ошондой болуп бүткөн. Бирок ал окуялар биздин эс-тутумубузга берилбегени үчүн биз аларды биле албайбыз.
Эгер Аллах келечектеги окуяларды да эс-тутумубузга берген болгондо, анда келечек да биз үчүн өтмүш болуп калмак. Мисалы, 30 жаштагы бир адамдын эс-тутумунда 30 жылдык эскерүүлөрү, окуялар турат жана ушул себептен ал адам 30 жылдык бир өтмүшүм бар деп ойлойт. Эгер бул адамдын эс-тутумуна 30 менен 70 жаш арасындагы келечегине тиешелүү окуялар да берилсе, анда 30 жаштагы бул адам үчүн 30 жылы да, 30 менен 70 жаш арасындагы «келечеги» да өтмүшкө айланат. Себеби мунун натыйжасында өтмүшү да, келечеги да эс-тутумунда бар болот, жана экөөсү тең ал үчүн болуп өткөн, башынан өткөргөн окуялары болуп калат.
Бирок Аллах бизге окуяларды белгилүү бир катарда, кичинеден чоңду көздөй боло турган кылып, өтмүштөн келечекти көздөй өтүп жаткан бир убакыт бардай сездиргендиктен, бизге келечегибиз менен байланыштуу окуяларды билдирбейт, алар жөнүндө маалыматты эс-тутумубузга бербейт. Келечек биздин эсибизде жок, бирок Аллахтын чексиз «эсинде» бүт адамдардын өтмүштөрү жана келечектери турат. Бул, жогоруда да айтылгандай, бир адамдын өмүрүн мурда эле бар болгон бир фильмден көрүшүнө окшошот. Фильм качан эле тартылып, бүткөн. Бирок бул фильмди «алдыга түрдүрө» албаган адам кадрларды бир-бирден көргөн сайын, өмүрүн көрө берет. Али көрө элек кадрларды болсо келечегим деп ойлоп жаңылат.

 Өтмүш менен келечек – бул кайып кабарлары

Аллах Курандын көп аяттарында кайыпты, б.а. көрүнбөгөндү, билинбегенди, күбө болунбаганды Өзү гана билээрин кабар берет:
Айткын: «Оо, асмандар менен жердин жаратуучусу, кайып менен аныкты билүүчү Аллахым. Пенделериңдин арасындагы талашып жаткан нерселерде Өзүң гана өкүм кыласың.» (Зүмер Сүрөсү, 46)
Айткын: «Албетте, силер качкан өлүм, күмөнсүз силерге келет. Кийин кайыпты да, күбө болунганды да билген (Аллах)ка кайтарыласыңар; Ал силерге кылгандарыңарды кабар берет.» (Жума Сүрөсү, 8)
(Аллах:) «Эй Адам, буларды аларга аттары менен кабар бер» деди. Ал буларды аларга аттары менен айтып бергенде, «Силерге асмандардын жана жердин кайыптарын чындыгында Мен билемин, жашырганыңарды жана ачыкка чыгарганыңарды да Мен билемин дебедим беле» деди. (Бакара Сүрөсү, 33)


Адатта адамдар кайыпты келечекке гана тиешелүү окуялар деп ойлошот, чындыгында болсо өтмүш да, келечек да – кайып. Өтмүштө жашалгандар да, келечекте жашала тургандар да – Аллах Кабатында сакталуу турган маалыматтар. Бирок Аллах Өз Кабатында турган кайып маалыматтарынан кээ бирлерин адамдардын эс-тутумдарына берүү менен, буларды билинген, тагыраак айтканда, күбө болунган кылат. Мисалы, Аллах Куранда өтмүшкө тиешелүү маалыматтарды билдирип, Пайгамбарыбыз (сав)га булардын кайып кабарлары экенин айткан:
Булар – (Биз) сага вахий кылган кайып кабарларынан. Буларды сен жана коомуң мындан мурун билчү эмес элеңер. Андай болсо сабыр кыл. Күмөнсүз (сонун) натыйжа такыбаларга тиешелүү. (Худ Сүрөсү, 49)
Бул сага (эй Мухаммед) Биз вахий кылган кайып кабарларынан. Болбосо алар (Йусуфтун бир туугандары) ал тузакты куруп жатышканда, кыла турган ишине баары чогуу чечим чыгарышканда сен алардын жанында эмес элең. (Йусуф Сүрөсү, 102)
Аллах Пайгамбарыбыз (сав)га али боло элек кээ бир окуялардан да кабар берген. Булар болсо – келечекке тиешелүү кайып кабарлары. Мисалы, Меккенин каратылышы (фетхи) (Фетих Сүрөсү, 27) жана Румдун путпарасттарды жеңиши (Рум Сүрөсү, 3-4). Бул окуялар али боло электе Пайгамбарыбыз (сав)га билдирилген. Пайгамбарыбыз (сав)дын кыямат алааматтары, акыр заман сыяктуу темалардагы хадистери да, ал доордогу бардык адамдар үчүн кайып болгон бул кабарларды Аллахтын ага билдиргенин көрсөтүүдө. Куранда пайгамбарларга жана кээ бир башка салих момундарга да кайыптан кабарлар берилгени баяндалат. Мисалы, Аз. Йусуфка бир туугандарынын тузагынын натыйжасыз болоору кабар берилген (Йусуф Сүрөсү, 15), Аз. Мусанын апасына наристе кезиндеги уулунун Фараон зулумдугунан кутулаары жана пайгамбар болоору вахий менен билдирилген (Касас Сүрөсү, 7).
Жыйынтыктасак, биз өтмүш жана келечек деп атаган окуялар жана маалыматтардын баары – Аллах Кабатында сакталып турган кайып кабарлары. Аллах каалаганда, каалаган кишисинин эс-тутумуна бул кабарлардын кээ бирлерин берүү менен, кайыптын бир бөлүгүн билдирет. Күбө болунган, тагыраак айтканда, көрүүгө боло турган, күбө болууга мүмкүн болгон бул окуялар адамдар тарабынан өтмүш деп аталат.

Тагдырга моюн сунуунун мааниси

Өтмүш жана келечектин чындыгында Аллах Кабатында жаратылган жана болуп бүткөн абалда сакталуу жана даяр турган окуялар экендиги бизге абдан маанилүү бир чындыкты көрсөтөт: ар бир адам сөзсүз түрдө тагдырына моюн сунган. Адам өтмүшүн өзгөртө албаган сыяктуу, келечегин да өзгөртө албайт. Себеби өтмүшү сыяктуу, келечеги да болуп бүткөн. Келечегиндеги бардык окуялар, качан, каерде, эмне тамак жээри, ким менен эмне сүйлөшөөрү, канча акча табаары, кайсы ооруларга чалдыгаары, аягында качан, кантип, каерде өлөөрү баары белгилүү жана буларды өзгөртө албайт. Себеби булар Аллах Кабатында, Аллахтын «эсинде» болуп бүткөн абалда турат. Болгону бул маалыматтар анын эс-тутумуна али бериле элек болот.
Ошондуктан, башына келген окуяларга кайгырган, ачууланган, кыйкырып өкүргөндөр, келечеги үчүн кайгыга баткандар, ачкөздүк кылгандар чындыгында өздөрүн керексиз эле кыйнаган болот. Себеби кандай болот деп кайгырган жана корккон келечеги болуп бүткөн. Жана эмне гана кылбасын аларды өзгөртө алышпайт.
Бул жерде туура эмес тагдыр түшүнүгүнөн качынуу керек экендигин айта кетүү керек. Кээ бир адамдар «кандай болгондо да, тагдырымда эмне болсо, ошол болот, анда менин эч нерсе кылышым керек эмес» деп туура эмес бир тагдыр түшүнүгүн чыгарышат. Ар бир башыбызга келгендин тагдырыбызда экендиги бир чындык. Биз али ал окуяны башыбыздан өткөрө электе ал окуя Аллах Кабатында болуп бүткөн жана анын маалыматы бүт майда-чүйдөсүнө чейин Аллах Кабатындагы Левх-и Махфуз аттуу китепте жазылуу. Бирок Аллах ар бир адамга окуяларды өзгөртүүгө, өз чечими жана тандоосуна жараша аракет кылууга мүмкүнчүлүгү бар сыяктуу бир сезим берет. Мисалы, бир адам суу ичкиси келсе, бул үчүн «тагдырымда болсо ичем» деп отуруп күтпөйт. Ордунан туруп, чыныны алып, суусун ичет. Чындап эле тагдырында белгиленген чыныда, белгиленген көлөмдөгү сууну ичет. Бирок муну кылганда «өз эрким жана каалоом менен кылдым» деген сезимде болот. Жана өмүр бою кылган ар бир ишинде ушундай сезимде болот. Аллахка жана Аллах жараткан тагдырга баш ийген (өзүн тапшырган) бир адам менен бул чындыкты түшүнө албаган бир адам арасындагы айырма төмөнкүдөй: баш ийген адам «өзүм кылдым» деген сезимде болгонуна карабастан, булардын баарын Аллахтын каалоосу менен кылганын билет. Беркиси болсо ар бир кылганын «өз акылым жана күчүм» менен кылдым деп ойлоп, жаңылат.
Мисалы, бир оорусу бар экенин уккан тагдырына моюн сунган бир адам мунун тагдырында экенин билгендиктен, абдан тобокелдүү болот. «Аллах муну тагдырымда жаратканына караганда, сөзсүз чоң бир жакшылык бар» деп ойлойт. Бирок, кандай болсо да, тагдырымда айыгуу бар болсо, айыгам» деп чара көрбөстөн, күтө бербейт. Тескерисинче колдон келген бардык чараларды жасайт. Докторго барат, тамактануусуна көңүл бурат, дарыларын ичет. Бирок барган докторунун, ал доктор жасаган дарылоонун, ичкен дарыларынын, булардын ага канчалык таасирдүү болоорун, айыгып айыкпашынын, кыскача айтканда, бүт нерсенин тагдырында экендигин унутпайт. Булардын баарынын Аллахтын «эсинде», али ал дүйнөгө келе электе даяр абалда бар экенин билет. Аллах Куранда адамдардын башына келген бүт окуялардын алдын ала бир китепте жазылуу экенин мындайча билдирет:
Жер жүзүндө болгон жана силердин напсиңерде болгон ар кандай нерселердин (окуялардын) баарын Биз жаратуудан мурда бир китепте (жазып) койгонбуз. Күмөнсүз, бул – Аллах үчүн абдан жеңил. (Силердин) Колуңардан чыкканга кайгырбашыңар жана силерге (Аллахтын) бергендеринен улам сүйүнүп-көппөшүңөр үчүн (ушундай кылды). Аллах текебер-мактанчаакты сүйбөйт. (Хадид Сүрөсү, 22-23)
Мына ушул себептен тагдырга ыйман келтирген бир адам башына келген эч бир окуяга капаланбайт, үмүтсүздүккө түшпөйт. Тескерисинче, абдан тобокелдүү, моюн сунуучу жана дайыма бейпил, бактылуу болот. Себеби Аллах адамдардын башына келген бүт нерсенин алдын ала белгилүү экенин, ошондуктан баштарына келген кыйынчылыктарга кайгырбашын жана аларга берилген немат-жакшылыктарга мактанып-көппөшүн буйрук кылган. Адам жолуккан кыйынчылыктар да, жетишкен ийгилик жана байлыктары да Аллахтын буйругу менен. Булардын баары – Раббибиз адамдарды сыноо үчүн тагдырында мурдатан белгилеген окуялар. Бир аятта айтылгандай, «...Аллахтын буйругу – бул белгиленген бир тагдыр». (Ахзаб Сүрөсү, 38)


Аллах башка бир аятында болсо «Эч күмөнсүз, Биз бүт нерсени тагдыр менен жараттык.» (Камер Сүрөсү, 49) деп билдирет. Бир гана адамдардын эмес, бүт жандуулардын, буюмдардын, күндүн, айдын, тоолордун, дарактардын, бүт нерсенин Аллах Кабатында белгиленген бир тагдыры бар. Мисалы, сынган бир антикалык ваза тагдырында белгиленген убакта сынган. Бир канча кылымдык бул ваза али эми жасалып жатканда эле, аны кимдер колдоноору, кайсы үйдүн кайсы бурчунда, кайсы буюмдар менен бирге тураары белгилүү эле. Вазанын ар бир чиймеси, үстүндөгү ар бир түсү тагдырда алдын ала белгиленген. Вазанын кайсы күнү, кайсы саат, кайсы мүнөттө ким тарабынан сындырылаары да Аллахтын «эсинде» болуп бүткөн абалда турат. Ал тургай ваза алгач жасалган учур, алгачкы жолу сатылуу үчүн витринага коюлган учур, бир үйдүн бурчунда турган учур жана сынып майда бөлүктөргө айланган учур, кыскача айтканда, антикалык вазанын кылымдар бою ар бир көз ирмеми Аллах Кабатында жалгыз бир көз ирмем катары турат. Вазаны сындырган адам бир канча секунда мурун муну биле электе Аллах Кабатында ал көз ирмем болуп бүткөн жана белгилүү. Ушул себептен Аллах адамдарга колдорунан чыкканга кайгырбашын айтат. Себеби колдорунан чыккан нерселер тагдырларында чыккан жана ал адамдардын муну өзгөртүүгө күчү жок. Бирок адамдар тагдырларында болгон окуялардан бир сабак алышы, булар менен тарбияланышы керек. Бул окуялардагы сыр жана жакшылыктарды көрүү менен, дайыма тагдырларын жараткан чексиз мээримдүү, боорукер, адилеттүү, кулдарын коргогон Раббибизге багытталышы зарыл.
Бул маанилүү чындыкты байкабай жашаган адамдар өмүр бою дайыма коркуу жана тынчсыздануу ичинде болушат. Мисалы, балдарынын келечеги үчүн абдан тынчсызданышат. Кайсы мектепте окушаары, кандай кесипке ээ болоору, ден-соолугунун кандай болоору, кандай өмүр сүрөөрү сыяктуу нерселерди көп ойлоп, тобокелсиздик кылышат. Чынында болсо, ар бир адамдын али жалгыз бир клетка кезинен окуп жазууну үйрөнгөн кезине, университет сынагында берген жоопторунан кайсы фирмада эмне иш кылаарына, кайсы кагаздарга канча жолу кол койоруна, каерде жана кантип өлөөрүнө чейинки ар бир көз ирмеми Аллах Кабатында белгилүү. Бул окуялардын баары Аллахтын «эсинде» сакталуу турат. Мисалы, азыр ар бир адамдын түйүлдүк абалы, башталгыч мектептеги абалы, университеттеги абалы, 35 жашка чыгып туулган күнүн куттуктаган учуру, алгачкы жумушка кирген күнү, өлгөндө периштелерди көргөн көз ирмеми, жакындары тарабынан көмүлгөн жана акыретте Аллахка эсеп берген көз ирмемдеринин баары жалгыз бир көз ирмем катары Аллах Кабатында турат.
Демек, ар бир көз ирмеми Аллах Кабатында болуп, көрүлүп бүткөн жана ушул учурда Аллахтын «эсинде» (хафыза) даяр турган бир жашоо үчүн тынчсыздануу, коркуу, кайгыруу чоң бир капылеттик болот. Канчалык жан талашып аракет кылбасын, канчалык тынчсызданбасын ар бир адам өзү да, баласы да, түгөйү жана жакындары да алар үчүн Аллах Кабатында даяр турган жашоолорун жашашат.
Ошондуктан, акылдуу жана абийирдүү бир адам бул чындыкты түшүнүп, Аллахка жана Аллах жараткан тагдырга чын көңүлдөн моюн сунушу керек. Чындыгында ар бир адам ансыз деле Аллахка өзүн тапшырган жана моюн сунган абалда жаратылган. Себеби, кааласа да каалабаса да Аллах ал үчүн жараткан тагдырга моюн сунуп жашайт. Тагдырды танган адам да тагдырында «тагдырды тануу» бар болгон үчүн ошол нерсени кылат.
Аллахка чын көңүлдөн өзүн тапшырып моюн сунгандар болсо Аллахтын ыраазылыгын, рахматын жана бейишин үмүт кыла алышат, жана дүйнө жана акыретте бейпилдик, бакыт ичинде бактылуу өмүр сүрүшөт. Себеби Аллахка өзүн тапшырган, Аллах жараткан тагдырдын ал үчүн эң жакшысы (кайырлуусу) экенин билген бир адамды кайгыга сала турган, коркута турган, тынчсыздандыра турган эч нерсе жок. Бул адам колунан келген бардык аракетти жасайт, бирок бул аракеттин да тагдырында экенин, эмне гана кылбасын тагдырында жазылганды өзгөртүүгө күчү жетпешин билет.

Ыймандуу адам Аллах жараткан тагдырга өзүн тапшырат, ошол эле учурда башына келген ар кандай окуяда колунан келишинче себептерди жасайт, чараларды көрөт, окуяларды жакшы, кайырлуу тарапка буруу үчүн аракет кылат, бирок бул нерселердин баарынын тагдыры ичинде болуп жатканын жана Аллахтын эң жакшысын башынан аныктап, белгилеп койгонун билип, көңүлү бейпил болот. Куранда буга мисал катары Аз. Йакубдун балдарынын коопсуздугу үчүн көргөн бир чарасы жөнүндө сөз кылынат. Аз. Йакуб жаман ниеттүү адамдардын көңүлүн бурбаш үчүн балдарына шаарга ар башка эшиктен киришин кеңеш кылат, бирок мунун Аллах белгилеген тагдырга эч таасир этпешин да аларга эскертет:
Жана айтты: «Эй балдарым, жалгыз бир эшиктен кирбегиле, башка башка эшиктерден киргиле. Мен силерге Аллахтан эч нерсени бере албайм (кетире албайм). Өкүм бир гана Аллахтыкы. Мен Ага тобокел кылдым. Тобокел кылгандар да жалгыз Ага тобокел кылышсын.» (Йусуф Сүрөсү, 67)
Аллах адамдар эмне гана кылышпасын тагдырларын өзгөртө албашын бир аятында мындайча кабар берет:
Кийин кайгынын артынан Аллах силерге (көз ирмемдик) уйку берди. (Ал уйку) силердин араңардан бир тайпаны ороп алды. Дагы бир тайпаны өз жандары кайгыга салып, Аллахка адилетсиздик менен, нааданчасынан күмөн кылып: «Эми бизге иш жок» (жеңилдик) дешти. Айт: «Иш Аллахтын колунда». Алар сага айтпаган нерселерин жүрөктөрүнө катып: «Эгер бул (согуштук) иште биздин пикирибиз эске алынганда, бул жерде өлүп кетпейт элек» дешет. Айт: «Эгер үйүңөрдүн ичинде болсоңор дагы (тагдырында) өлтүрүлүү жазып коюлган киши өлтүрүлө турган жайына келет.» (Муну) Аллах силердин көңүлүңөрдөгүнү сынаш жана жүрөгүңөрдү тазалаш үчүн кылды. Аллах жүрөктөрдөгү сырларды да билүүчү. (Ал-и Имран Сүрөсү, 154)
Аяттан да көрүнүп тургандай, бир адам өлбөш үчүн жакшылык жана ибадат болгон бир иштен качса да, эгер ага өлүм жазылган болсо баары бир өлөт. Ал тургай, өлүмдөн качуу үчүн тандаган жол жана ыкмалары да тагдырында белгилүү жана ар бир адам тагдырындагы окуяны жашайт. Аллах бул аятта да адамдарга тагдырларында жараткан окуялардын максатынын аларды сыноо жана алардын жүрөктөрүн тазалоо экенин билдирүүдө. Фатыр Сүрөсүндө болсо ар бир адамдын өмүрүнүн Аллах Кабатында белгилүү экендиги, жатындарга түшкөн наристелердин да Аллахтын уруксаты менен болгону билдирилет:
Аллах силерди топурактан жаратты, кийин бир тамчы суудан. Кийин силерди жуп жуп кылды. Анын маалыматы болбостон, эч бир аялдын боюнда болбойт жана төрөбөйт да. Өмүр сүргөнгө өмүр берилиши жана анын өмүрүнөн кыскартылышы да сөзсүз бир китепте (жазылуу). Чынында бул Аллах үчүн оңой. (Фатыр Сүрөсү, 11)
Камер Сүрөсүнүн төмөндөгү аяттарында болсо адамдын ар бир кылганынын сап сап жазылуу экендиги билдирилип, бейиш калкынын жашоосу да болуп бүткөн окуялардай баяндалат. Мурда да айтылгандай, бейиштеги чыныгы жашоо биз үчүн келечек. Бирок бейиштегилердин жашоосу, маектери, сыйлары азыр Аллахтын «эсинде» турат. Биз төрөлө электе эле бүт адамзаттын бул дүйнөдөгү жана акыреттеги келечеги Аллах Кабатында бир көз ирмем ичинде болуп бүткөн жана Аллахтын «эсинде» сакталуу турат:
Алар жасаган бүт нерсе китептерде (жазылуу). Кичинекей, чоң бүт нерсе сап сап (жазылуу). Эч күмөнсүз, муттакилер (Аллахтан корккондор) бейиштерде жана дарыя (айланасын)да. Абдан кудуреттүү, мүлкүнүн аягы жок (Аллах)тын жанында чынчыл макамында. (Камер Сүрөсү, 52-55)
Аллах Кабатында убакыттын жалгыз бир көз ирмем экенин, Аллах үчүн өтмүш жана келечек жок экенин Курандагы баяндардан да түшүнөбүз. Көрүнүп тургандай, биз үчүн келечекте боло турган кээ бир окуялар Куранда мурда эле болуп бүткөн бир окуядай айтылып жатат. Себеби Аллах өтмүштү да, келечекти да бир көз ирмем катары мурда эле жараткан. Ушул себептен келечекте болоору айтылган бир окуя мурда эле болуп бүткөн. Бирок биз көрбөгөндүктөн, аны келечек деп ойлойбуз. Мисалы, акыретте адамдардын Аллахка бере турган эсеби жөнүндөгү аяттар муну мурда эле болуп бүткөн бир окуядай баян кылат:
Суръа (сур) чалынды, ошентип Аллах каалагандан башка асмандардагы жана жердегилер сүзүшүп-кулашты. Кийин ал дагы бир жолу чалынды, эми алар тик туруп карап турушат. Жер Раббиңдин нуру менен жаркырады; китеп коюлду; пайгамбарлар жана күбөлөр алып келинди жана араларында чындык (адилеттик) менен өкүм чыгарылды, алар адилетсиздикке кабылышпайт. Ар бир напсиге (адамга) кылганынын толук акысы берилди. Ал алардын кылганын жакшыраак билүүчү. (Аллахты) Тануучулар тозокко бөлүк бөлүк айдалышты. Аягында ал жерге келишкенде, эшиктери ачылды жана аларга (тозоктун) кайтаруучулары айтышты: «Силерге Раббиңердин аяттарын окуган жана бүгүнкү күнгө жолугаарыңарды (айтып) силерди эскерткен элчилер келишпеди беле?» Алар: «Ооба.» дешти. Бирок азап сөзү каапырлардын башына акыйкат болду. (Зүмер Сүрөсү, 68-71)
Бул жөнүндө башка мисалдар төмөнкүдөй:
(Эми) Ар бир напси жанында бир коштоочу жана бир күбө менен келди. (Каф Сүрөсү, 21)
Асман жарылып-талкаланды; эми ал күнү «үлпүлдөп-алсыз болуп калды.» (Хакка Сүрөсү, 16)
Жана сабыр кылгандары үчүн бейиш жана жибек менен сыйлады. Ал жерде тактар үстүндө жазданып-сүйөнүшкөн. Ал жерде (ысык) бир күн да, үшүтүүчү бир суук да көрүшпөйт. (Инсан Сүрөсү, 12-13)
Көрө алгандар үчүн тозок да көрсөтүлүп коюлду. (Назиат Сүрөсү, 36)
Эми бүгүн ыйман келтиргендер каапырларга күлүп жатышат. (Мутаффифин Сүрөсү, 34)
Кылмышкер-күнөөкөрлөр отту көрүштү, эми ичине өздөрүнүн киришээрин да түшүнүштү; бирок андан качуунун эч бир жолун таба алышпады. (Кехф Сүрөсү, 53)
Жогорудагы аяттарда өлүмүбүздөн кийин боло турган окуялар болуп бүткөн окуялардай баяндалууда. Себеби Аллах – биз көз-каранды болгон салыштырмалуу убакыт ченемине жана мейкиндикке көз-каранды эмес. Аллах бардык окуяларды убакыт жок абалында каалаган, адамдар аларды жасашкан, окуялардын баары болуп бүткөн. Чоң-кичине бүт окуялардын Аллахтын билиши жана каалоосу менен ишке ашаары жана бир китепте жазылуу экени төмөнкү аятта мындайча айтылат:
Сен ичинде болгон ар кандай абал, Ал жөнүндө Курандан окуган бир нерсе жана силер жасаган ар кандай иш болсун, силер ал ишке (абдан) берилип жасап жатканыңарда, Биз силердин үстүңөрдө күбө болуп турабыз. Жерде жана асманда тырмактай болгон эч бир нерсе Раббиңден алыста (жашыруун) калбайт. Мындан кичинекейирээги да, чоңураагы да баары китепте (жазылуу). (Йунус Сүрөсү, 61)

Материалисттердин тынчсыздануусу

Заттын чыныгы жүзү, убакыттын жоктугу жана мейкинсиздик темалары жөнүндө бул бөлүмдө айтылгандар чындыгында апачык чындыктар. Мурдакы бөлүмдөрдө да айтылгандай, булар – бир философия же бир көз-караш эмес, танууга мүмкүн болбогон илимий жыйынтыктар. Илимий бир чындык болуу менен бирге, акылга таянган жана логикалык далилдер да башка альтернативага мүмкүнчүлүк калтырбайт: биз ааламдын, аны түзгөн заттардын жана ичиндеги адамдардын, убакыттын, кыскасы баарынын мээбиздеги абалдарын гана биле алабыз. Материалисттер муну түшүнө албай кыйналышат. Мисалы, кайрадан материалист Политцердин автобус мисалына кайтсак; Политцер кабылдоолорунун (сезимдеринин) сыртына чыга албашын илимий жактан билсе дагы, муну белгилүү окуялар үчүн гана кабыл ала алган. Б.а. Политцер үчүн автобус сүзгөнгө чейин окуялар мээсинин ичинде болот, бирок автобус сүзгөн кезде окуялар бир заматта мээсинин сыртына чыгып заттык бир реалдуулукка айланат. Бул жердеги логикасыздык апачык көрүнүп турат; Политцер да «ташты тепсем, бутум ооруйт, демек алар бар» деген материалист Джонсондун катасын кетирип, автобус сүзгөндө сезилген катуу сокку жана оорунун да чындыгында бир элес (сезим, кабылдоо) гана экенин түшүнө алган эмес.
Материалисттердин бул теманы түшүнө албашына негизи муну түшүнгөндө туш боло турган чындыктан абдан коркушу себеп болууда. Линкольн Барнетт бул теманы «сезип коюунун» эле материалист илимпоздорду кандай коркутуп, тынчсыздандырганын төмөнкүдөй айтат:
Философтор бардык заттык чындыктарды элестердин бир көлөкө дүйнөсү абалына алып келип жатышканда, илимпоздор адам сезимдеринин чектерин коркуу жана тынчсыздануу менен сезишти.62
Заттын өзүн көрүп-сезе албашыбыз жана убакыттын бир элес экени айтып берилгенде, бир материалист катуу коркуп кетет. Себеби зат менен убакыт – ал абсолюттук нерселер деп тутунган «колундагы» болгон эки нерсеси. Булар анын сыйынган путтары (идол-кудайлары); себеби өзүн зат менен убакыт тарабынан (эволюция аркылуу) жаратылдым деп ишенет. (Аллахты аруулайбыз.)
Ичинде жашап жаткан ааламдын, дүйнөнүн, өз денесинин, башка адамдардын, пикирлеринен таасирленген материалист философтордун, кыскасы бүт нерсенин элестерин гана көрүп жүргөнүн сезгенде болсо, бүт эгосун үрөй учурарлык бир коркуу каптайт. Ишенген, таянган, жардам күткөн нерселеринин баары бир заматта андан алыстап жоголот. Чыныгысын махшар күнү көрө турган жана «ал күнү (эми) Аллахка моюн сунушкан болот жана ойдон чыгарган (жалганчы кудайлар) да алардан кол үзүп алыстаган болот» (Нахл Сүрөсү, 87) аятында Аллах каапырлар жөнүндө кабар берген чарасыздыкты сезет.
Ушул көз ирмемден баштап материалист өзүн заттын чыныгысын көрүп-сезе алам деген калпка ишендирүүгө аракет кылып, өз оюнда «далилдерди» чыгарып; муштумун дубалга уруп, таштарды тээп, кыйкырып-өкүрөт, бирок эч качан чындыктан кутула албайт. Материалисттер бул чындыкты өз ойлорунан да, башка адамдардын ойлорунан да чыгарып (өчүрүп) салууну каалашат. Себеби заттын чыныгы жүзүн адамдар түшүнгөндө, философияларынын примитивдүүлүгү жана караңгы көз караштары ашкере болуп, пикирлерин таяндыра турган бир пайдубалдын калбай калаарын билишет. Бул китепте түшүндүрүлгөн чындыктан алардын мынчалык тынчсызданышынын себеби – ушул коркуулары.
Аллах каапырлардын мындай коркуусунун акыретте андан да күчөөрүн кабар берген. Сурак күнү Аллах аларга мындайча кайрылат:
Алардын баарын чогулткан күнү; анан шерик (ширк) кошкондорго айтабыз: «Кана (ошол бир нерсе) деп ойлоп шерик кошкондоруңар?» (Энъам Сүрөсү, 22)
Анан каапырлар дүйнөдө абсолюттук (көз-карандысыз, өзүнчө бар болгон) нерселер деп ойлоп, Аллахка шерик кошкон мал-мүлктөрүнүн, балдарынын, дос-тууган чөйрөлөрүнүн алардан алыстаганына жана бүтүндөй жок болгонуна күбө болушат. Аллах бул чындыкты болсо «кара, өздөрүнө карата кандай калп айтышты жана түзүп-чыгаргандары да алардан жоголуп-алыстады» (Энъам Сүрөсү, 24) аяты менен кабар берген.

Ыймандуулардын утугу

Заттын тышкы дүйнөдөгү чыныгысын көрө албашыбыз жана убакыттын бир элес экени материалисттерди коркутса, ыйман келтиргендерди сүйүнтөт. Аллахка ыйман келтирген адамдар заттын артындагы сырды түшүнүшкөндө, чоң кубанычка бөлөнүшөт. Себеби, бул чындык – ар кандай суроолордун ачкычы. Бул кулпу ачылганда бардык сырлар белгилүү болот. Адамдар балким түшүнө албай жаткан көптөгөн суроолорун бул чындыктын жардамы менен оңой гана түшүнүшөт.
Мурда да айтылгандай, өлүм, бейиш, тозок, акырет, чен-өлчөмдүн өзгөрүшү сыяктуу темалар түшүнүктүү болуп, «Аллах каерде?», «Аллахтан мурда эмне бар эле?», «Аллахты ким жаратты?», «кабыр жашоосу канчага созулат?», «бейиш менен тозок каерде?», «бейиш менен тозок азыр барбы?» жана ушул сыяктуу маанилүү суроолордун жообу табылган болот. Жана Аллахтын бүт ааламды кандай система менен жоктон жаратканы да түшүнүктүү болот. Ал тургай, бул сырды билүү натыйжасында «качан» жана «каерде» сыяктуу суроолордун да мааниси жоголот. Себеби убакыт да, мейкиндик да жоголгон болот. Мейкинсиздикти түшүнгөндө бейиш, тозок, дүйнө, баарынын чындыгында бир жерде экени да түшүнүктүү болот. Убакыттын жоктугун түшүнгөндө болсо, бүт нерсенин бир көз ирмем ичинде экени түшүнүктүү болот; эч нерсе күтүлбөйт, убакыт өтпөйт, баары ансыз да болуп бүткөн.
Бул сырды түшүнүү натыйжасында дүйнө ыймандуу адам үчүн бейишке окшошуп баштайт. Адамды кыйнаган ар кандай материалдык тынчсыздануулар, куру санаалар жана коркуулар жоголот. Адам бүт ааламдын жалгыз Өкүмдары бар экенин, Анын бүт заттык дүйнөнү каалагандай өзгөртөөрүн жана Ага гана кайрылышы керек экенин түшүнөт. Эми ал «ар кандай көз-карандылыктан эркиндикке жетип» (Али Имран Сүрөсү, 35), Аллахка моюн сунган болот.
Бул сырды түшүнүү – дүйнөдөгү эң чоң утук.
Бул сыр менен бирге Куранда кабар берилген өтө маанилүү дагы бир чындык түшүнүктүү болот: мурда да айтылган, Аллахтын адамга «күрөө тамырынан да жакыныраак» (Каф Сүрөсү, 16) экендиги... Белгилүү болгондой, күрөө тамыр адамдын ичинде. Адамга өзүнүн ичинен да жакыныраак бир аралык болушу мүмкүн эмес. Муну мейкинсиздик аркылуу оңой гана түшүндүрө алабыз. Көрүнүп тургандай, бул аят да ушул сырдын натыйжасында алда канча жакшыраак түшүнүктүү болот.
Мына чындык ушундай. Эч бир адам үчүн Аллахтан башка дос жана жардамчы жоктугун билүү керек. Аллахтан башка эч нерсе жок; башпаана кылып корголоно турган, жардам сурала турган, жооп күтүлө турган жалгыз абсолюттук зат – Ал...
Жана кайсы тарапка бурулбайлы, Аллахтын жүзү ошол жакта болот.


Булактар:

55. Tim Folger, "Buradan Sonsuzluğa", Discover, Aralık 2000, s. 54
56. Tim Folger, "Buradan Sonsuzluğa", Discover, Aralık 2000, s.54
57. François Jacob, Mümkünlerin Oyunu, Kesit Yayınları, 1996, s. 111
58. Lincoln Barnett, Evren ve Einstein, Varlık Yayınları, 1980, s. 52-53
59. Lincoln Barnett, Evren ve Einstein, Varlık Yayınları, 1980,s. 17
60. Lincoln Barnett, Evren ve Einstein, Varlık Yayınları, 1980,s. 58
61. Paul Strathern, Einstein ve Görelilik Kuramı, Gendaş Yayınları, 1997, s. 57
62. Lincoln Barnett, Evren ve Einstein, Varlık Yayınları, 1980, s. 17-18